АНТИСЕПТИКТИ ИЧИП АЛГАН 5 ЖАШАР КЫЗ ЧАРЧАП КАЛДЫ

Казакстандын Акмола облусунда 5 жаштагы кыз антисептик ичип алып чарчап калганын казак маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 26-июлда Сандыктау райондук ооруканасына беш жашар кыз келип түшкөн. Наристе клиникалык өлүм абалында болгон.

Дарыгерлер өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппаратка кошуп тийиштүү чараларды көрүшкөн. Бирок кыз ооруканага келгенден жарым сааттан кийин каза болгон.

Белгилүү болгондой, 5 жаштагы кыз 27 жаштагы тууганы менен үйдө калган. Апасы ал күнү жумушта жүргөнү айтылат. Кыз антисептикти шире деген ойдо ичип жибериши мүмкүн деген божомол айтылууда.

Жолдубек Качкынбаев
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 921, 30-июль - 5-август, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан