Бойдоктор бурчу
Бул кыз менен сүйлөшкөндө эң биринчи жөнөкөйлүгүнө таасирленесиң. Келечекте көптү үмүттөндүргөн актриса, бийчи Элина жигиттердин көз жоосун алган бойдок кыз. Эгер кымча бел бийкеч тууралуу көбүрөөк маалымат билгиңиз келсе, чоң жигит, бул маалымдама сиз үчүн.
АНКЕТА
Толук аты-жөнү – Элина Абай кызы
Туулган жылы – 1990-жыл, 2-апрель
Жылдызы – Кой
Бою, салмагы – 175 см, 56 кг
Фобиясы – Караңгылык
Учурда – Актриса, “Версус” тобунун бийчиси
– Элина, айтчы, сенин ханзаадаң кандай болушу керек?
– Мен эң биринчи адамдын жөнөкөйлүгүнө маани берем. Андан сырткары сөзүндө турган, айтканын так аткарган, мени дайыма колдоп, жакындарымды сыйлай билген жигиттерди баалайм. Көзү күлүңдөгөн, жагымдуу жылмайган жигит болсо, андан да сонун болмок...
– Кыз-жигиттин достугуна ишенесиңби?
– Кыз-жигит дос аталышы мүмкүн. Бирок кээде дос деп жүргөндөрүмдөн анча-мынча жактыруу сезимдерин байкап калам. Андыктан 100 пайыз ишене албайм.
– Негизи, “кыздар турмушка чыгуудан коркушат” дешет. Сен коркпойсуңбу?
– Азыр мен жашмын. Карьера биринчи орунда дешим мүмкүн. Бирок аялзатына үй-бүлө очогун түзүү негизги бакыт экенин чоңойгон сайын түшүнүп келатам. Сүйгөн адамың болсо, коркпой эле, тескерисинче, сүйүнүшүң керек го.
– Кыз-жигиттин жарандык никеде жашап, турмуш кургандарына кандай карайсың?
– Эркек балдарга бул жарашат дечи. Бирок кыргыз кыздарына мындай көрүнүш такыр жат болушу керек. Ата-эненин батасын алып, шашпай эле турмуш курушса дейм.
– Бир көрүп сүйүп калууга ишенесиңби?
– Ушул убакка чейин бир көрүп сүйө элекмин. Андыктан ишенбейм.
– Романтиксиңби же реалистсиңби?
– Жөн эле эмес, аябай романтикмин. Көл жээктеп, жакын адамың менен жетелешип баскан кандай сонун?! Ошону эле кыялдана берем...
– Кийин турмуш курганда кандай тамагың менен түгөйүңдү тамшантасың?
– Мурун тамакты жакшы эле жасачумун. Азыр унутуп деле калдым го. Бирок картошканы жакшы кууруйм.
– Кыздар жигиттерди кызгандырганды жакшы көрүшөт эмеспи. Сенде мындай сапат барбы?
– Кызганыч – жаман сапат. Ал бара-бара ооруга айланып кетиши мүмкүн. Эң негизгиси, ортодо ишеним болушу керек. Менде да ар кандай учурлар болуп калат. Күйөрман жигиттер кайрылып калышы мүмкүн. Эми аларга жооп бербей басып кете албайсың. Ошондой учурларда кызганбай, тескерисинче, түшүнүп коюшса...
– Өзүңө жакпаган жана өзгөрткүң келген сапатың барбы?
– Курбуларымдын айтымында, бир нерсе мага жакпай калса, унчукпай басып кетмей адатым бар экен. Ал өзүмө билинбейт деле. Кыздарым ошол сапатыма арызданып эле жүрүшөт. “Эмне болгонун айтпайсың. Же биз эмне болгонун түшүнбөйбүз” дешип. Анан уйкучулугум, көк беттигим бар.
– Үй-бүлөдө ким башкаруучу болушу керек?
– Аял кеңешчи катары өз оюн айтып, колдоп турса болот. Бирок акыркы сөз баары бир эркектен болушу керек, менимче.
– Кайсы үй жумушун жасагандан качасың?
– Мага кычык-кучуктардын чаңын сүрткөн такыр жакпайт. Негизи эле ушул сыяктуу майда-чүйдө жумуштарды жактыра бербейм.
– Сен да көп кыздардай эле кийим менен “ооруйсуңбу”?
– Мода кууган кыздардан эмесмин. Мага, негизгиси, жарашыктуу кийим болсо болду.
– Жигиттер кандай белек тартуулап сага жага алышат?
– Кызык туюлушу мүмкүн, бирок мага курут беришсе, аябай кубанам. Бул «оорумду» жакындарымдын баары билишет.
– Маегиңе рахмат, Элина. Жөнөкөйлүгүңдөн жазбай жүрө бер.
Эгер Элина менен байланышкыңыз келсе, анда elle.90@mail.ru дарегине кат жазыңыз.
Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg