Келдибек Ниязов, Кыргыз Республикасынын Эл артисти: «ТУРСУНБАЕВАНЫН СУЛУУЛУГУН КӨРҮП ДАЛ БОЛУП КАЛДЫМ»

Каарманым куудул, сатирик Келдибек Ниязов менен кыргыздын залкарлары тууралуу кенен сүйлөштүк. Ал тармакты каза берсең түгөнбөс казына экен. Ал эми азыркы өлкөдөгү абал тууралуу ойлорун төмөндөн окуңуз.

– Саламатсызбы, ага? Ден соолугуңуз жакшыбы? Жубайыңыздын коронавирус менен ооруп жатканын айттыңыз эле...

– Кудайга шүгүр, жакшы. Ооба, кемпиримде коронавирустун симптомдору болду. Өзүбүз маңыроо, элес албаган калкпыз да. Кытайда башталганда эч нерсе кылбай аңкайып карап тура бербедикпи. Өзүбүз аз эл болсок, бир жылга жетпей кырылып калабызбы деп корктум. Кемпиримди Асанбайдагы стационарга алып бардым. Ал жакта эл көп экен. Бирөөнү көтөрүп жүрүшөт, бирөө жөтөлүп жатат, бирөө кыйкырып жатат, абал чатак болчу. Мен да жөтөлүп баргам. Тигилерди көрүп айыгып кеттим. Врачтарды жамандап калышпадыбы. Ал көралбастардын иши болду окшойт. Биз барганда ыктыярчылар, врачтар ооруп баргандарды жөлөп-таяп чуркап жүрүшкөнүн көрдүм. Коргоочу форманы кийип алышкан, беттеринен тер куюлуп жатат. Ага да кайыл болуп чуркап жүрүшөт, тамак жегенге убактылары жок. Ушундай кыйын кырдаалда иштеп жаткан дарыгерлерден айланса болот. Эч нерсебиз жок экен да. Маскалар, аппараттар эми келип жатат го.

Бул абалдан да чыгабыз. Кыргыз эли мындан жаман апааттарды башыбыздан өткөргөнбүз. Үркүндү, Улуу Ата Мекендик согушту көрдүк. Ушул жерден айта кетейинчи, ошол согуш жүрүп жатканда да бизде коррупция болгон экен. Таенем “Кыргызстанды кыдырып жүрөсүң, сокбилегимди таап келчи” деп калчу. Көрсө, анда “фронтко эмне бересиңер?” деп кыдырса, эл колунда болгонун беришчү экен. Таенемдин сокбилегин да согушка деп алып кетишиптир. “Ушул фронтко керекпи?” десе, “муну менен душманды чапса болот да” десе, алданып калышкан окшойт. Кийин Кыргыз Эл баатыры Сооронбай Жусуев: “Мен согушка кеткенде боз үйүбүздү фронтко деп алып кетишиптир. Согушта жүрдүм, Германияга чейин бардым. Дегеле биздин боз үйдүн бир жерде тигилип турганын көргөн жокмун”,- деп күлдүрүп жатпайбы. Кол кап, чокой, тон, мүмкүн, сары май да фронтко жеткендир, бирок каймак жетпейт да, каймактарын да алып кетишчү экен. Пандемияда ошол окуяларды эстедим.

– Жакында Соң-Көлгө барып эс алып келдим дедиңиз. Кандай эс алдыңыз?

– Жакшы эс алдык. Биз барганда жамгыр, кар, мөндүр жаап жатты. Соң-Көлдү жайлагандар “жаратылышты таарынтып алган окшойбуз. Башкача мамиле кылып жатат. Мындай болчу эмес. Карап турсаңар, түшкө маал эле кара булут каптап келип Соң-Көлдүн үстүн айланып баштаганда кеч киргендей болот” деп калышты. Чын эле ошондой болду. Анан туристтер келе турган жерлерибиздин жолдорун оңдоп коюшса жакшы болмок. Жолу жаман экен.

– 60 жаштан кийин өзгөрүү болот экен деп калдыңыз. Бул жашта кандай өзгөрүү болду?

– 60ка чыкканда 2 айдан кийин тишим түшө баштады. Тиштерим бүтүн болчу. Агарган чачым көбөйдү, “ыя?” деген сөздү көп айтып калдым. 65тен өткөндөн кийин унутчаак болуп калдым. Азыр 7 неберем бар. Жашоо ушундай экен, 70 деле аздык кылат экен. Жүзгө чыккан киши деле ошол жашты аз деп айтса керек.

– Сиз залкарлар Чыңгыз Айтматов, Таттыбүбү Турсунбаевалардын заманында жашап калбадыңызбы. Бул залкарлар менен иштешип да калган экенсиз...

– Ооба, айтып берейин. Таласка барсак, Чыңгыз Айтматов да ошол жакта жүрүптүр. Өмүрбек Бабановдун атасы Токтогул Бабанов ал кезде “Россия” колхозунун башкармасы болчу. Ошол киши келип Айтматовго “Эртең малчыларга сыйлык тапшырат элем. Калыңыз. Бул жакта Эстебес Турсуналиев баштаган артисттер жүрөт” десе, ал “макул, кетпейм, элдик артисттерди сагындым” деп калыптыр. Биз Айтматовду жакындан көрүп, колун кармайбыз деп элеп-желеп болуп алганбыз. Ал ак Волга менен келип түштү. Айдоочусу орус экен, жанында баласы да бар, кайсы баласы экени эсимде жок. Баласы Чыңгыз Айтматов менен кирбей, унаада калып калды. Концерт көрүп, жыргап-күлүп отурду. Ошол концерттен кийин ага “50 жылдык концертимди сен алып барасың” деп калды. "Айтматовдун тоюн кантип алып барам, эмне деп сүйлөйм?" деп жүрөгүм түшүп калды. Айтматов “бүгүн куудулдарга ыраазы болдум. Мен да күлкүлүү бир нерсе жазайын деп аракет кылам. Жазам, эртеси окуп уялып кетип, кайра тытып салам. Чет мамлекеттерден күлкүлүү окуяларды уксам, куудулдарга айтсам иштеп чыгышат деп ойлоном да, учакка отурганда дайынын таппай калам. Бир жолу келип күлкүлүү окуя айтып берсем, эч ким кулбөй койду. Кокуй, бул жанрга жолобойм дедим. Татаал жанр” деп күлүп сүйлөп отурду. Бир жолу Бүбүсара (ред.: Бейшеналиева) эженин үйүнө барып кой союп бергеним эсимде. Анда мен Чоро Кожомжаров атындагы кыргыз эстрадалык ансамблинде иштечүмүн. Бир жолу Чоро ага келип “Келдибек, Бүбүсара эжеңдикине барып кой союп берчи” деди. Эшикке чыксам эже кызыл өтүк, ак пальто кийип, жоолук салынып турган экен. Чогуу кеттик. Эже койкоюп басчу. Мен шелпеңдеп артында баратам. Үйүнө бардык, койду сойдум. “Кандай кылып бузуп берейин? Күнүмдүк тамак жасагангабы же конок келип, устукан тартасыңарбы?” десем, бир келин “эжеден сурайынчы” деп кетип, эжени ээрчитип келди. Эже “ошого жараша бузулабы?” деп сурады. Мен түшүндүрүп берсем, тиги келинге “айт” деп туруп, өзү чыгып кетти. Тиги келин “Чыңгыз Айтматов келет” деди. Ошентип мен сойгон койдун жамбашын Айтматов кечинде келип жеген.

– Таттыбүбү Турсунбаеваны да жакындан таанып калыптырсыз...

– Таттыбүбү эже менен бир концертти чогуу алып бармай болуп калдык. Тизмени карасам, кийинип-чечинүү үчүн Турсунбаева экөөбүздү бир бөлмөгө жазып коюшуптур. Кантип барам деп уялып жатып барып, акырын эшикти такылдаттым. Ичинен “кир” деген ушундай жагымдуу үн угулду. Кирсем, эже ич көйнөкчөн терезени ачып коюп отуруптур. Жай, күн ысык болчу. Карасам, моюну узун көрүндү. Чын айтайын, ошол жактан дел болуп жыгылып кала жаздадым. Ал “кирбейсиңби. Минтип жүрсөң артист боло албайсың. Мындан жаман жерге чечинесиң, чечин ары карап. Мен сени эле карап отурмак белем?” деди. Ар бир сөзүнөн кийин кыткылыктайт, күлгөнү да коңгуроо. Чечинип жатып шыкаалап карасам, моюнун боёп жатыптыр. Чындыгында ак куу болчу.

– Азыр эмне менен алексиз?

– Азыр пенсиядамын. Бирок чыгармачылыктан алыстаган жокмун. Гезиттерге сатира жазып берем. 60ка чыккан жылы “Алты-мыш” деген китеп жазгам. Китебим даяр. Каражат маселесин чечип берели дегендер чыккан. Ушул жылы китебимди басып чыгаралы десек абал минтип калды.

– Ушул жашта бир нерсени жаңыртып же өзгөрткүңүз келген абал болот бекен?

– Болот. Мисалы, карантин башталганда мен чачымды кырып, сакалымды өстүрүп тышкы келбетимди өзгөртүп көрдүм. Бир чети өзгөрүүнү кааладым. Экинчи четинен бардык жамандык кырылган чач менен чыгып кетсин деп ырымдадым. Сакалым 2 айда аябай өсүп кетти. Карантин бүткөн экен, кайрадан эки жакка чыга баштайбыз деп кайра сакалымды алып, өз калыбыма келип калсам, дагы эле абал жакшыра элек, үйдө отурабыз.

– Баары жакшы болот деп ишенебиз. Маегиңизге рахмат.

Перизат Музуратбекова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Raihan0602
2020-08-10 09:59:19
Сиздердин сатираны угуп чоңойдук,дагы деле уккубуз келет.Көп жашаңыз Келдибек ага сизге ден соолук чыгармачылык ийгилик каалайм
+5
gulia90
2020-08-10 12:05:51
Сонун маек болуптур, кооп жашаныз.
+5
al-abu-kinesz
2020-08-10 15:06:12
Журок картайбастыгына эми чындап ишендим ))
+6
№ 922, 6-12-август, 2020-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан