ТАТТУУНУ ЖАКШЫ КӨРГӨН ЛИ СОН ГЁН

Жактырган сабагы дене тарбия болчу. Андыктан бир нече жыл мектептин спорт командасынын капитаны болду. Кыздарга караганда балдар менен бат тил табышып, достошуп кетчү. Канчалык спорт менен машыкпасын, дилинде келечекте мюзиклдердин актрисасы болсом деген тилек бар эле. Ошон үчүн фортепианодо ойногонду да үйрөнүп алган. Анын тилеги ишке ашты. Бүгүн ал күндөн-күнгө популярдуулугу артып келе жаткан актриса – Ли Сон Гён.

Толук аты-жөнү: Ли Сон Гён

Туулган жылы: 1990-жыл, 10-август

Туулган жери: Түштүк Корея, Коян шаары

Үй-бүлөдө: 2 бир тууган, сиңдиси бар

Бою: 176 сантиметр

Салмагы: 56 килограмм

Кесиби: актриса, модель

Лейбл: «YG Entertainment», «K-Plus»

Тартылган белгилүү дорамалары: «Баары жакшы, бул сүйүү», «Ханышанын гүлү», «Капкандагы сыр», «Оор атлетиканын периси Ким Бок Чу», «Доктурлар», «Убакыт тууралуу», «Доктор романтик-2»

Тартылган тасмалары: «Балбан», «Мисс жана миссис коп»

МОДЕЛДИК КАРЬЕРА

Бою узун, арык, өңү сары, күрөң-көк көздүү кыз карьерасын моделдик кесиптен баштаган. Чынында мындай келбет менен талант издегендердин көзүнө түшүү анчалык көп оорчулук жараткан эмес. 2008-жылы Сеулда өткөн жергиликтүү «Super Model Contest» сулуулар сынагына катышып, жеңишти илип кеткен. Жеңиш даамы жаккан Ли Сон Гён кийинки эле жылы «Asia Pacific Super Model Contest-2009» сулуулар сынагында да башкы байгеге татыган. Көптөгөн бренддердин жүзү, моделдик подиумдар, фотосессиялар аны режиссёрлор арасында да таанымал кылып, кино камеранын алдына жетелеп келген.

ИЙГИЛИКТҮҮ АКТРИСА

Ли Сон Гён алгачкы дебюттук ролу менен эле дароо эсте калган. 2014-жылы чыккан «Баары ойдогудай, бул сүйүү» дорамасында тентек кыздын ролун жеткиликтүү, жасалмасыз аткара алган дешет кино сынчылар.

Анын кийинки ролу, тагыраагы, «Ханышанын гүлү» сериалындагы образы ага алгачкы актрисалык сыйлыкты – «Эң мыкты жаңы актриса» наамын алып келген. Бул сериалдан кийин ага ийгиликтүү модель-актриса катары жарнамалык сунуштар түшө баштаган.

«Мен үйдө улуусумун. Сиңдим менден 4 жашка кичүү. Кичинебизде экөөбүз тең ырдап-бийлегенди жакшы көрчүбүз. Ата-энебиз дайыма жумушта эле. Анткени үй-бүлөнү бакканга каражат жетишсиз болуп, көп иштегенге туура келчү. Сиңдимдин тамагын берүү, сабагын окутуу, ойнотуу менин моюнумда эле. Дайыма чогуу жүргөндүктөн экөөбүз жакын болуп чоңойдук. Азыр ал мюзиклдердин актрисасы. Иштеп, каражат таба баштаганымда акчамды сиңдимдин окуусуна которчумун. Анын максатын орундатканга жардам бериш керек эле. Ал өзүн мага карыздар сезе берет, мен тамашалап «кийин он эсе төлөп бересиң» деп коём»,- деп эскерет алгачкы ийгиликтери, үй-бүлөсүнө берген жардамы тууралуу Ли Сон Гён.

БАШКЫ РОЛЬ+СҮЙҮҮ

2016-жыл да Сон Гён үчүн ийгиликтүү болду. Анын катышуусунда тартылган «Капкандагы сыр» сериалы өз күйөрмандарын таап, анда ойногон актёр-актрисалардын талантын баалаганга мүмкүнчүлүк берди. Ошол эле жылы чыккан «Оор атлетиканын периси Ким Бок Чу» дорамасы Ли Сон Гёндун карьерасындагы алгачкы башкы роль эле. Дорамага тартылуу үчүн ал 4-5 килограмм салмак кошкон, чачын кыска кестирген. Бул курмандыктары өзүн актап, сериал өтө жогорку рейтингге жетпесе да, актриса кино сынчылар тарабынан мактоо сөздөрүн укту. Ал эле эмес, бул сериалдан кийин Сон Гён сүйүүсүн тапты. Дорамада өнөктөшүнүн ролун аткарган актёр Нам Жу Хёк экөө кыз-жигит мамилесин куруп, бирок бир нече айдан кийин эле эки жаш эки башка жолго түшкөн.

ТАСМА ЖАНА СЫН

Сон Гён катышкан дээрлик бардык дорамалар популярдуу. Алардын катарына «Доктурлар», «Доктор романтик-2», «Убакыт тууралуу» сериалдарын кошсок болот.

Ал эми актриса тартылган алгачкы толук метраждуу көркөм фильм «Балбан» деп аталат. Фильм 2018-жылы экранга чыккандан кийин бир катар сындарга кабылган. Себеп: жаш кыз менен улуу адамдын ортосундагы сүйүү мамилеси болгон.

2019-жылы Сон Гён өзүн полиция кызматкери катары «Мисс жана миссис коп» аттуу толук метраждуу тасмадан сынап көрдү. Кичинесинен спортту сүйгөн актриса үчүн роль анчалык оорчулук жаратпаса керек.

ЖӨНӨКӨЙ ЖАНА ШАЙЫР СОН ГЁН

Сериалдарда көпчүлүк учурда күчтүү, өзүн коргой алган, тентек, «стерва» кыздын ролун аткарган Сон Гён жашоодо жөнөкөй адам. Адамдар менен бат тил табышат, шайыр, активдүү кыз. Достору ага «катуу сүйлөйсүң, акырыныраак сүйлө» деп эскертип турушат. Таттуу сүйүүчүлөрдүн катарында. Актрисалык кесипке канча убактысын арнаса, моделдик кесипке да ошончолук убакыт короторун айтат. Спорттук бренддердин көбү Сон Гёнго кайрылышат. Андан сырткары жылдыздар катышкан спорттук иш-чаралардан, шоулордон да каарманыбызды көрө аласыз.

Асыл Орозбекова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Avrora98
2020-08-11 19:28:16
урматтуу админ актриса ХанЧхэЕн тууралуу да жазыныздарчы
0
№ 922, 6-12-август, 2020-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан