(Башы өткөн сандарда)
Юлай мен моюнун кысып турган башчынын колун артка кайрып байлады да, түртүп алдына салып жөнөдү.
– Менин артымдан!- деди мага. Алардын артынан жөнөдүм. Он чакты кадам таштап-таштай электе арт жагыбыздан автомат атылып калды. Бийиктиги адам бою болуп куюлган фундамент турган экен, Юлай тигини сүйрөгөн бойдон тосмодон ашып түшүп, мен да ашканы жатсам:
– Граната!- деп бакырды. Колундагы башчыны ээктен ары бир уруп, өзү жерге жата калды. Мен фундаменттен ашып түшүп калган элем, карасам башчынын колунда граната бар экен. Фундаменттин үстүндө колуна мыжыга кармаган бойдон онтолоп жатат. Манжаларын бошотсо эле жарылганы турат. Үй жактан төрт автоматчан бизди көздөй чуркап келатканын көрүп калдым. Шашып калдым, гранатадан алысыраак качайын деп жатсам Юлай бутумдан тартып токтотуп, жатып калдык.
– Эмне, өлгүң келип жатабы? Жат жерге!
Ошондо гана алыс качууга кеч болуп калганын түшүндүм. Фундаменттин түбүндө жатсак гранатанын соккусу үстүбүздөн өтүп, бизге тийбей калмак. Башымды колдорум менен басып жатып калдым. Юлай бир нерсе деп кыйкырды, автоматтардын татыраган үнүнөн угулбай калды. Бир маалда катуу жарылуу болуп, айлана чаңып кетти. Өзүмдү жоготуп коюптурмун. Көзүмдү ачсам Юлайдын булаңгыр карааны көрүндү. Бетиме чапкылап жатыптыр. Бирдемелерди сүйлөп жатты, күңгүрөп мага угулган жок. Тээ алыстан сүйлөп жаткандай үнү үзүл-кесил угулат.
– 12-02, тур!- дегенин уктум. Демек, өлбөптүрмүн. Юлай дубалдын түбүндө жатып, мен андан ачыгыраакта калыптырмын. Ошон үчүн жарылуунун толкуну чала-чарпыт мага тийген окшойт. Кыймылдоого шайым келбей жалдырап жата бердим. Бир маалда Юлай фундаментти ашып түшүп көрүнбөй калды. Эмне, мени таштап кеттиби? Күнүмдүн бүткөнү ушулбу? Ушундай ойлор келди башыма. Эптеп күч жыйнап өйдө болдум. Башчынын денеси жатат канга чыланып, адам тиктеп болбойт. Жанагы төрт автоматчан да тынчыптыр, алар да фундаментке жетип келишкенде граната жарылып кетсе керек.
Болгон күчүмдү топтоп ордумдан темтеңдеп турдум да, тапанчамды кармап фундаменттин арт жагына өтүп бекинип отуруп калдым. Оюмда, азыр үй жактан дагы бирөөлөр чуркап келип мени кармаганга аракет кылышат деп жаттым. Качып кетерге алым жок, акыркы огум калгыча кармашкандан башка аргам калбаган эле. Чымырканып эки жакты карап отурдум. Аңгыча полициянын машинасынын сиренасы угулуп дарбаза ачылып, полиция кызматкерлери, бет капчан опер кызматкерлер каптап киришти. Экөө келип мени жерге жаткызып, колумду артка кайрып байлап салышты. Бирөөсү желкеме автомат такап турат.
Аңгыча бирөө жаныма басып келип:
– Эй, тур эми!- деди мыскылдай. Юлай экен. – Бул өзүбүздүкү, колун чечкиле,- деп ары басып кетти. Колумду чечип коюп, мени кайтарып турган автоматчан адам үйгө кирип кетти. Ушаков да жүрөт, мени көрүп калып жаныма келди:
– Капа болбо, баатыр. Башка жолубуз жок эле, азыр бул жерди бир жаңсыл кылалы, анан сени менен шашпай сүйлөшөбүз,- деп жанындагы адамга кайрылды:
– Врачтарга айт, карап коюшсун,- деп ары басып кетти.
Он беш мүнөттөй өттү, врачтары деле келген жок. Ордумдан туруп ары жактагы чоргого барып бети-колумду жуудум. Муздак суунун жардамы окшойт, бир топ өзүмө келип жеңилдей түштүм. Төрт тишим талкаланыптыр, бир нече тишим шалкылдап жүрөт. Зыңылдатып оорутуп жатты. Бетим соо, колдорум сыйрылып канап кетиптир. Граната жарылганда чачырандылар тийген окшойт.
– Акмактар!- деп бакырып алдым. Эмне операция экенине акылым жеткен жок, бирок бир нерсени даана түшүндүм. Булар мени пайдаланышыптыр. Ортодо алданып, бирөөлөргө курал болуп бергениме кыжырым келип жатты.
Юлайды издеп жөнөдүм. Өлгөндөрдү машинага жүктөтүп жаткан экен, көрөрү менен мени көздөй басты.
– Кандай, каскадёр?- үнү жанагыдай мыскылдуу чыкты.
– Бекер каскадёрду пайдаланып калайын деген экенсиңер?
– Самат, түшүнүп турам сени. Бирок мындан башка жолубуз жок эле...
– Сүйлөбө!
– Мейли, аныңа да. Бирок сени бул жолу да өлүмдөн мен алып калдым. Ушуну унутпа.
– Өлүмгө түртүп туруп, анан куткарып калганыңа рахмат айт дегени турасыңбы?
– Андай эмес, келишим ушундай болчу.
Ушинткенде Адыл ага эсиме түштү. Демек, Адыл ага өзүнүн, жакындарынын өмүрү үчүн ушундай сүйлөшүүгө барыптыр да. А мен Ерхандын колго түшүүсү менен баары бүттү деп эрте кубанып алыптырмын. Казакстандагы операциядан да толук кабардар болгон эмесмин. Иштин баарын Юлай өзү уюштуруп, өзү чечимдерди чыгарып жатты. Ал эми операциянын экинчи бөлүгүнөн менин дээрлик кабарым болгон жок. Адыл аганы сөгөйүн десем, анда күнөө жок. Ал баягы Карагандадагы эски сарайда бекинип, ооруп жатканда мага баарын эскерткен. Анын “Самат, алдыда оор иштер күтүп турат. Сага оңой болбойт, өзүң чеч. Мага жардам берем десең кал, кетем десең жолуң ачык, капачылык жок. Буга чейинки жардамдарыңа эле ыраазымын” дегени эске түштү. Анда мен өз тандоомду кылгам, аны куткаруу үчүн күрөштүн аягына чейин турам деп Адыл агага да, өзүмө да сөз бергем. Ошол сөзүмө турдум. Ал эми жаракат алганым – өзүмдүн алсыздыгым, даярдыгымдын жоктугу болду.
– Түшүндүм. Мейли, сен деле мендей бирөөсүң да,- дедим Юлайга карап. Унчуккан жок, жылмайып гана тим болду. Чынында эки оор кармаштан мени Юлайдын мыкты даярдыгы, чеберчилиги аман-эсен алып чыкты. Дыкат даярдыгы жок бирөөнүн кол алдында иштесем, балким, Казакстандагы операцияда эле бир жерден жаза басып мертинип калышым мүмкүн эле. Бекеринен Юлайдын кыйындыгына суктанган жокмун да. Бүгүнкү окуяда да мен Юлайдын аркасынан тирүү калдым. Ал мени буттан тартып жаткырып калбаса, качып бараткан жеримден гранатанын соккусунда калып өлмөкмүн. Мага Юлайдын мамлекеттин тапшырмасын аткарып жатып, кантип тиги кылмыштуу топко аралашып өз болуп жүргөнү табышмак бойдон калды. Экөөбүз көкүрөк тийгизе кучакташып, далыбыздан тапташтык. Мен Адыл ага тараптын, Юлай Москва тараптын ишенген адамдары болдук. Бир чети бул сыймыктуу да иш болчу. Кудайга шүгүр, олуттуу жаракат албаптырмын.
Кечинде Ушаков, Юлай үчөөбүз чакан ресторанда тамактанып отурдук.
– Эгер сага алдын ала айтсак макул болбой коюшуң мүмкүн эле. Ошон үчүн айтпадык, ал үчүн кечирим сурайбыз. Сен бизге коркунучтуу топту жок кылууга чоң жардам бердиң. Бул жардамыңды эч качан унутпайбыз,- деди Ушаков. Баягы белек кылган саатты кайра сунду:
– Бул эми чындап сеники,- деди күлүп.
– Рахмат.
– Юлай, айтылгандай эле. Эртең бул баатырды жакшылап узатып койгула.
Юлай башын ийкеди. Түн ортолоп калганча отурдук, стол толо тамак-аш, кымбат ичимдиктер... Жай турмуш жөнүндө сүйлөшүп отурдук, экөө иши боюнча оңой менен сөз айтпасына башында эле ынангам.
Эртең менен саат 9да мейманкананын алдынан Юлай күтүп алды. Аэропортко жөнөдүк, Критке учам. Бизнес-класстан орун алган экен, кезек күтпөй эле шыр кире турган болдум.
Юлай колумду кыса кармап:
– Мына, 12-02. Ушуну менен ишибиз бүттү. Сага Орусия Федерациясынын атынан ыраазычылык билдирем. Болду эми, бизге экинчи жолукпайсың. Кутулдуң бизден,- деп чын дилден күлдү. Мындай күлгөнүн биринчи көрүшүм.
– Чын эле кутулдумбу? Самолёт жарым жолдон кайтып келсе да таң калбайм,- деп тамашалап күлдүм. Экөөбүз кучакташа коштошуп, мен ичкери кирип кеттим. 15 мүнөттөн кийин учак абага көтөрүлүп, Боинг 747 кебездей булуттардын үстүндө калкып баратты. Аңгыча стюардесса келип шам-шум эткенге бирдемелерди берип кетти. Сулуу, келишимдүү кыз экен. Асел оюма кылт этти. Болду бүттү, экинчи мындай иштерге аралашпайм, тынч гана оокатымды кылам. Криттен батир алып апамдарды алып келем же Аселди алып айылга кетем. Албетте, азырынча Асел менен мамилебиз ачыктала элек...
(Уландысы кийинки санда)