КЕРЕЧ ТАМЫРЫ

Билип ал

Витамин менен минералдык заттарга бай
Керечтин сабагынын узундугу 90-200 сантиметр келип, бутактары көп болот.
Өсүмдүктүн курамында эфир майы көп. Андыктан жыты аңкып турат. Мөмөсүнүн 12-18 пайызын май түзөт. Андан тышкары гликозиддер, аскорбин кислотасы, каротин, В тобундагы витаминдер жана түрдүү минералдык заттар бар.
Эфир майы жыттуу май катары парфюмерияда, мөмөсү жана эфир майы татымал катары кулинарияда да пайдаланылат.
Десерт катары чийки боюнча колдонуп, салатка кошушат­. Кавказда жалбырактарын улуттук тамак-ашка кошушат. Ширелүү жалбырактарын туздашат.
Кереч тамырдын уругун Гиппократ жана Асклепиад Вифинский заара кубалоочу, Диоскорид менен Плиний көзгө дары катары, ал эми Авиценна какырык чыгаруучу каражат катары колдонушкан.
Кереч тамырдын уругунан ичегилердин оорусун айыктыруучу “Анетин” аттуу дары жасалат.
Колдонулушу
Элдик медицинада жогорку кан басымда, нерв, уйку бези жана ашказан-ичеги ооруларында, суук тийгенде колдонулат.
Даярдалышы: 700 грамм кереч чөбүнүн тамырынын үстүнө 3 литр суу куюлуп, кайнатылат. Чоңдор үчүн кайнатмадан күнүнө 200 грамм, ал эми балдар үчүн 50-100 граммдан ичилет. Дарылануу курсу 7-9 күндү түзөт.
Ал эми уругун көлөкө жерге жакшылап кургатып, упадай майдалап алуу керек. Упадай майдасын 3 маал түтүк менен ооздун төрүн карай үйлөсө, бронхит, бронхиалдык астма жана башка тамак ооруларын айыктырат.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 412, 24-30-сентябрь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан