ДАРБЫЗ ТАНДАЙБЫЗ

Август – дарбыздын мезгили. Ар бир үй-бүлөлүк тамактануунун аягы 1 тоголок дарбыз менен аяктап жаткан учур. Биз сиздерге дарбыз тандоонун сырларын айтып беребиз.

ДАРБЫЗДЫН УРГААЧЫ, ЭРКЕГИ БОЛОБУ?

Эл арасында дарбыздын эркегине караганда ургаачысы таттуу болот деген түшүнүк бар. Багбандар дарбыздын эркек, ургаачысы болот дегенди тастыктаганы менен, алар даамынан айырмаланат дегенге кошулушпайт. Кантип айырмалайбыз? Ургаачы дарбыздын бир башындагы чекити чоң, ал эми эркек дарбыздыкы кичинекей болот. Эгер ургаачы дарбыз таттуу болот дегенге болбой эле ишенип жатсаңыз, анда ушул айырмачылыктарын байкап тандап көрүңүз.

ЭТИ ЧЫМКЫЙ КЫЗЫЛ ДАРБЫЗ ТАТТУУ БОЛОБУ?

Дарбыздын таттуу же кычкылдыгы анын өңүнөн көз каранды эмес. Анча кызыл болбой туруп деле даамы таттуулары болот. Ичи өтө кыпкызыл болгону, тескерисинче, абдан бышып кетип, ортосу кебек болуп баратышы да ыктымал.

СЫРТКЫ КӨРҮНҮШҮ КАНДАЙ БОЛУШУ КЕРЕК?

Урулбаган, кетилбеген дарбызды тандаңыз. Нормалдуу дарбыздын сырты жашыл, сызыктары кочкул жашыл, жөөктө жаткан жери саргарып турган болушу керек. Чертип көрүңүз, эгерде үнү жаңырып, жакшы чыкса, анда толук бышкан. Сырткы кабыгын бармак менен басып көрүңүз. Эгер былпылдак же жумшагыраак болуп бармак кирип жатса, анда үзүлгөнүнө көп болгон.

“КУЙРУГУ” ЖАШЫЛ БОЛСО ЭМНЕ БОЛОТ?

Дарбыздын сабагына бириккен жерин “куйругу” деп атап коюшат. Дал ошол “куйругу” куурап калган дарбыз жакшы деп баамдап, сатып алгандар көп. Андай дарбыздар талаадан эчак эле үзүлүп, “куйругу” саргарып кеткенге чейин туруусу да мүмкүн. Жаңы дарбыздын “куйругу” жашыл, ийгенде сууланышып турат. Ошондой эле ачык күндө, далдоосу жок жайда, чоң жолдун боюна тизилип сатылган дарбыздарды алуудан качыңыз.

БОНУС!

Дарбызда аскорбин кычкылдыгы, В группасындагы витаминдер, магний, калий, никель, темир жана башка компоненттер бар. Андагы клетчатка жана пектин ичеги-карындын иштешин жакшыртат, организмди шлактан тазалайт, ошондой эле нефрит, цистит ооруларына пайдалуу.

Гүлжан Асанкожоева
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 922, 6-12-август, 2020-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан