90 ЖАШТАГЫ КАРЫЯ ДИПЛОМГО ЭЭ БОЛДУ

Италиялык Жузеппе Патерно 96 жашында дипломун колго алды. Ал өмүр бою темир жол кызматында иштеген. Кедей үй-бүлөнүн баласы болгондуктан, жаш кезинде билим алууга мүмкүнчүлүк болгон эмес. Кийин Экинчи дүйнөлүк согуш башталып, 31 жашында орто мектепти аяктаган. Андан соң үй-бүлөсүн багуу үчүн иштөөгө туура келген. Жузеппе Патерно пенсияга чыкканына 33 жыл болгондон кийин 2017-жылы окууга тапшырып, өзүнүн кыялдарын орундатты. Ал Палермо университетинин тарых жана философия бөлүмүнүн 2019-2020-окуу жылындагы “Эң мыкты бүтүрүүчүсү” деп табылды. Замандын талабынан артта калбай, электрондук гаджеттерди колдонуп, азыркыга чейин электрондук китептерди окуйт. Кары студенттин мындан ары да илимий иштерди жасоого каалоосу бар экенин чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Жолдубек Качкынбаев
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 922, 6-12-август, 2020-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан