Кызык экен
Химиктер тарабынан күчтүү антибиотиктер баканын терисинен алынды. Андай антибиотиктердин бири стафилококк оорусун козгоочу бактерияларды өлтүрөт.
Кийинки кезде бактериялардын антибиотиктерди анча тоотпой калышы дүйнөдөгү ири маселеге айланууда. Андыктан оорулуулар таасири жок болуп калган антибиотиктердин ордуна жаңысын колдонууга муктаж. Андай антибиотиктердин булагы баканын териси болуп калышы мүмкүн. Мындай антибиотиктер башкаларга караганда анчалык уулуу эмес жана бактериялар менен жакшы күрөшөт.
Американын Калифорния жана Орегон штаттарында кезигип, азыр жок болуу алдында турган кызыл бут бакалардын териси өзгөчө бааланууда. Анткени анын териси стафилококк оорусунун бир түрүн (кан оорусун жана пневмонияны козгоочу) дарылап айыктырууда натыйжалуу каражат болуп табылган.
Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg