САЯКАТЧЫЛАР ВЕЛОСИПЕД МЕНЕН ДҮЙНӨ КЫДЫРЫШТЫ

Улуу Британиянын эки тургуну кыска убакыттын ичинде велосипед менен дүйнө жүзүн кыдырышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты. Маалыматка ылайык, рекорд жараткан Кэт Диксон менен Раз Марсден экөө тең 50 жаштан ашкан аялдар. Алар Оксфорддон 2019-жылдын 29-июнунда чыгып, Лондонго 2020-жылдын 18-мартында келишкен. Жашы улгайып калган аялдар күн сайын 50-60 чакырым аралыкты багынтышкан.

"Саякатчылар Франция, Монако, Италия, Словения, Түркия, Грузия, Индия, Таиланд, Малайзия, Сингапур, Австралия, Жаңы Зеландия, АКШ, Мексика, Марокко, Испания жана Гибралтар өлкөлөрүндө болушкан. Алар 50 миң доллар каражат чогултуп, анын баарын кайрымдуулукка жумшашкан",- деп айтылат маалыматта. Басылма Кэт менен Раз аялдар арасында гана эмес, эркектер арасында да рекорд жаратканын белгиледи. Башкача айтканда, болжол менен 9 айдан ашык убакыт велосипед менен саякатташкан.

Жолдубек Качкынбаев
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 922, 6-12-август, 2020-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан