ЖАЛКООЛУКТУ ЖЕҢҮҮНҮН 7 ЖОЛУ

Алдыда тоодой иштер турат, бирок аны жасап баштоого моюн жар бербей, жалкоолук желкеден алган учурлар көп. Дивандан көтөрүлүп, жумуш баштоонун ордуна телефонду чукулап, улам бир социалдык тармактан экинчисине саякаттап жүрө берген адат сизде да барбы? Анда төмөндөгү кеңештер сиз үчүн.

ЖАЛКООЛУКПУ ЖЕ ЧАРЧООБУ?

Психологияда прокрастинация деген түшүнүк бар. Бул жумушту канчалык маанилүү экенине карабастан улам артка жылдыра берүү дегенди түшүндүрөт. Бул жөн эле аталыш эмес, психологиялык диагноз десек да болот. Демек, ишти жасоону улам артка жылдыра бергениңиз, ишке көңүлдүн жоктугу психикалык жактан кандайдыр бир мүчүлүштүктөн улам жаралышы мүмкүн. Мындайда колдон келсе психологго кайрылуу оң. Адис сизге кантип тонуска келүү сыяктуу кеңештерди берет. Моралдык-психикалык жактан чарчап жүргөн болсоңуз, анда жакшылап эс алууну пландаңыз. Эгер чарчоо жазылбаса, анда канчалык аракет кылсаңыз дагы ишиңизден күткөн майнап чыкпайт.

ЭРТЕҢ МЕНЕНКИ КЫЙМЫЛ

Кыргыздын бир жакшы кебин эске сала кетели. “Эрте турган эркектин ырысы артык, эрте турган аялдын бир иши артык” дейт. Түшкө чейинки убакытта тоодой жумуш бүтүрүп салса болот. Анын үстүнө түшкө чейин адамдын шайдоот, сергек жана түнкү уйкудан алган энергияга сугарылып турган чагы болот. Колдон келишинче оор деп эсептеген иштериңизди түшкө чейин бүтүрүп алыңыз. Түшкү тамактануудан кийин адам ныксырап, уйкуга тарта баштайт. Андыктан жеңил деп эсептеген иштерди күндүн экинчи жарымына пландап алыңыз.

ЭҢ НЕГИЗГИСИ, БАШТАП КӨРҮҢҮЗ!

Кандай жумуш алдыда күтүп турса да, эң негизгиси, башын баштап салыңыз. Кыргызда “баштаган ишти таштаба”, “бүгүнкү ишти эртеңкиге калтырба” деген сонун накыл кептер бар. Жумушту баштап койсоңуз, мээ автоматтык түрдө “бул ишти бүтүрүш керек” деген программа менен иштеп баштайт. Мисалы, үй ичин жыйноодон жалкоолонуп жатсаңыз, анда буюмдарды жыйнаштырып дорожкаларды түрүп, сыртка ташып, шыпырганга же чаңын сордурганга даярдап коюңуз. Андан кийин кантип пол жууп, чаңдарды сүртүп, эс алып отуруп калганыңызды өзүңүз билбей каласыз.

ЖУМУШТУ СҮЙҮҮ

Жан дүйнөбүзгө жаккан иш болсо анын жыйынтыгын көрүш үчүн жан талашып бүтүргөнгө шашабыз. Мисалы, колунан көөрү төгүлгөн уз же уста болсоңуз, колуңуздагы эмгек бүткөндөн кийин кандай жыйынтык берери сизди кызыктырат. Бул жумушту сүйүү, жан дүйнөсүнө жаккан жумушту кылуу дегендик. Анын арты менен каражат тапсаңыз, анда такыр эле иш соңуна чыкмайынча уйку бербей калат. Экинчи бир маселе – жакпаган жумушта иштөө. Моюнунан байлаган иттей болуп ишиңизди араң жасап жатсаңыз, чайналбастан жумуш алмаштырганыңыз оң. Антпесе бул көрүнүш апатияга жеткириши мүмкүн. Күнүмдүк тиричиликте жасалчу иштерди деле жакшы көрүп, анын сөзсүз пайдасы болорун эстеп жасасаңыз, иш майнап бербей койбойт.

ШАРТ ТҮЗҮҮ

Кандай гана жумуш баштабаңыз, эң оболу маанай жакшы болушу керек. Ишти баштаарда өзүңүзгө жакшы маанай жана шарт түзүңүз. Эгер физикалык күч талап кылган жумуш болсо, анда шаңдуу музыка жаңыртып алыңыз. Бөлмөнүн ичин желдетиңиз, кийимдин ыңгайлуусун кийиңиз жана сөзсүз курсакты тойгузуп алыңыз. Жумушту жеңилдетүүчү механизмдерди ойлонуңуз. Жакшы план түзүп алсаңыз да болот. Ошондой эле жумшаганга жана баарлашып маанай түзгөнгө бөбөктөрдү же үй-бүлө мүчөлөрүнөн жаныңызга кошуп алыңыз. Эгер кеңседе же компьютердин маңдайында отуруп жасалчу иш болсо, отурган ордуңузду иреттеп, тынчтыкты шарттап, ойдун баарын жумушка гана багыттаңыз.

АЗ-АЗДАН ИШ КЫЛУУ

Жумуштун көлөмүнө жараша баш иштейт. Өтө көп жумуш болсо, анын баарын бир убакытта бүтүрөм деп кыйналган туура эмес. Адам буга физикалык да, моралдык да жактан туруштук бере албай калышы ыктымал. Бөлүп-бөлүп жасоо сунушталат. Иштин көлөмдүүлөрүн жана маанилүүлөрүн эрте бүтүрүп, ортодон бир аз эс алып, андан кийин калган жумуштарды жасаган оң. Ара-чолодо деген жакшы түшүнүк бар. Ири ишти жасап жатып ара-чолодо майда-чүйдөлөрүн бүтүрө берүү дагы адамга мотивация берет. Майда иштердин ара-чолодо бүтүп калышы иштин жарымы бүттү дегендик.

ӨЗҮҢҮЗГӨ СЫЙЛЫК КАМДАҢЫЗ

Жумуштун бүтүп калышынын өзү эле күндүн сыйлыгы болуп саналат. Бирок жалкоолукту жеңиш үчүн жумушту баштаардан мурун өзүңүзгө “ушуну бүткөндөн кийин сууга түшөм, таттуу жейм, достор менен жолугуп эс алам же уктайм” деген сыяктуу өзүңүзгө жаккан мотивация берүүчү “белек” камдап коюңуз. Жумуш бүткүчөктү иштин аягындагы ырахаттуу мүнөттөр оюңуздан кетпей, темпти ылдамдатып, көтөрүңкү маанайда жакшы иштей баштайсыз. Бардык иштер бүткөндөн кийин сыйлыкты өзүңүзгө ыйгарбай коюу да туура эмес. Алдыга койгон максатты сөзсүз аткарыңыз, таттуу алып келип жеңиз, токтотуп койгон сериалды улантыңыз. Башкысы, кайрадан эле баштапкы телефонду чукулап отура берген абалга келип калбаңыз.

Гүлжан Асанкожоева
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Baatirbek81
2020-08-10 22:04:44
Жакшы кеңеш экен,мага абдан жакты!
Бирок жумуш жасайын десең эле,баягы эле акчага келип такалат!
0
№ 922, 6-12-август, 2020-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан