Абдурахман Муртазалиев, балбан: “ЧЕМПИОНДУН МОЮНУНА МЕДАЛЬ ГАНА ЭМЕС, ЖООПКЕРЧИЛИК ДА ТАГЫЛАТ”

Абдурахман Муртазалиев грэпплинг боюнча Дүйнө чемпиондугунун алтын медалын уткан алгачкы кыргыз спортчусу. Ал учурда ыктыярчы болуп өлкө аймагын түрө кыдырып, дарыгерлерге коргоочу каражаттарды жеткирүүдө. Аны менен ыктыярчылык иши жана спорт жаатында маектештик.

СПОРТЧУ ТУУРАЛУУ

Аты-жөнү – Муртазалиев Абдурахманхаджи Шамильевич

Туулган жылы – 1994-жыл, 30-июль

Туулган жери – Бишкек шаары

Салмагы – 84 килограмм

Бою – 179 сантиметр

Билими – Бишкек гуманитардык университетин, Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясын аяктаган

Үй-бүлөлүк абалы – Бойдок

Учурда – Жиу-житсу федерациясынын президенти, грэпплинг жана жиу-житсу боюнча Кыргыз Республикасынын эл аралык класстагы спорт чебери

Машыктыруучусу – Муртазали Муртазалиев

Жетишкендиктери – Жиу-житсу боюнча Азия чемпиону (Ханой-2017). Жабык имарат ичиндеги таймаш өнөрлөрү боюнча Азия оюндарынын чемпиону (Ашхабад-2017). Грэпплинг боюнча Дүйнө чемпиону (Нур-Султан-2019) жана башкалар.

– Саламатсызбы, ден соолугуңуз жакшыбы?

– Саламатчылык. Рахмат, Кудайга шүгүр, баары жакшы.

– Кыйын кырдаалда чоң жоопкерчиликти моюнуңузга алып, ыктыярчы болууга эмне түрткү болду?

– Мындай оор кырдаалда элибиздин кыйналып жатканын сырттан карап туруу эч мүмкүн эмес. Кандай болбосун элге жардам көрсөтөйүн деп чечтим. Негизи башында №1 шаардык оорукананы оорунун очогунда кийилүүчү атайын коргоочу каражаттар менен камсыздап туралы дегем. Бирок биз ачкан эсепке көптөгөн адамдар дүйнөнүн булуң-бурчунан акча которо башташты. Анан элдин аманатын аткарып, бүтүндөй өлкөнүн ооруканаларына коргоочу каражаттарды жеткире баштадык.

– Бишкектеги №1 шаардык оорукананын башкы врачы сиз алып барган бет каптарды дарыгерлерге таратпай койгонун Инстаграмга жарыялап, катуу күрөш жүргүздүңүз. Кийин да мындай нерсе орун алган жокпу?

– Ал ооруканага коргоочу деңгээли жогору 550 респиратордук бет кап жана 200 ампула левофлоксацин алып барып, башкы врачка өткөрүп бергенбиз. Бул каражаттар жалпысынан 250 миң сомду түзгөн. Биз бет каптардын таратылбаганын угуп ооруканага барып дарыгерлерден сурап, текшерүү жүргүзүп врачтын артынан түшүп алдык. Ал окуядан кийин бет каптарды таратпай коюу, кайра сатуу деген нерсе кайталанган жок. Башка врачтардын баары эле түшүнүү менен жакшы кабыл алып, олуттуу мамиле жасап жатышат. Ал жактагы ыктыярчылар бет каптардын таратылганын ырастап турушат.

– Жети облустун дарыгерлерине коргоочу каражаттарды жеткирдиңиздер. Муну дагы улантасызбы?

– Сатып алуу жана жеткирүү менден, каражат жагы элден көз каранды. Эл акча которуу менен дарыгерлерге жардам берүүнү улантса, биз дагы аманаттарды жеткире беребиз. Өткөндө Ысык-Көлгө барганда абал оорураак болчу. Андыктан экинчи ирет ал жакка каражаттарды жеткирип келдим. Менимче, абал кыйла жакшырып калгандай. Эмнеге дегенде Жети-Өгүздүн ооруканасына барган кычкылтек концентраторлорунун баарын иштетүүгө муктаждык жаралбаптыр. Оору жүрүп эле жатат, бирок иш жеңилдей түшкөндөй.

– Президент менен жолугушкан ыктыярчылардын катарында болдуңуз. Ар кандай сунуштар айтылды. Андан кийин эмне өзгөрүүлөр болду? Алгачкы жыйынтыктар барбы?

– Жолугушуудан кийин WhatsApp`та тайпа ачылган. Вице-премьер-министр Аида Исмаилова жана президенттин жетекчисинин биринчи орун басары Алмаз Кененбаев биз менен дайыма байланышта. Кандайдыр бир кыйынчылык жаралса биз ошол жакка жазабыз, алар дароо көзөмөлгө алышат. Маселе 5-10 мүнөттө чечилет. Бүгүн да Ак үйдө Алмаз Кененбаев менен жолуктук. Өткөндө Сооронбай Шариповичке айтылган сунуштардын кайсынысы ишке ашты же аткарылып жатат, айтор, отчёттук жолугушуу болду десем болот. Тактап айтканда, кырк сунуш өз максатына жетти. Жогорудагы бет каптарды таратпай койгон врач кызматынан алынды.

– Жакшы. Эми өзүңүз тууралуу айтып берсеңиз. Спортко кантип келип калгансыз?

– Биз үй-бүлөдө беш бир тууганбыз. Эки эжем, байкем жана карындашым бар. Бишкектеги №6 гимназияда окугам. Ушул жылы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын машыктыруучулук факультетин аяктадым. Мурун өзүңө тың болуш үчүн сөзсүз түрдө машыгуу керек болчу. Алгач Муртазали байкем менен чогуу бокс залына барып жүргөм. Бирок бокс мени кызыктыра алган жок. Анан агам дзюдо секциясына алып барып, ошону менен 3 жарым жылдай дзюдо менен алектендим. Кийин мага жиу-житсу көбүрөөк жагып калды.

– Жиу-житсуну Кыргыз жерине жайылттыңыздар. Бул идея эмнеден улам жаралган?

– 9-классты аяктаган соң атам мени Малайзияга окууга жөнөттү. Бөтөн жерге мени жалгыз жөнөткөндөн кооптонуп, барбайм деген ой-боюна койбой агамды мага кошуп берди. Мен окуумду бүтүп байкеме “кетелиби?” десем, ал дагы үч жылдай окуурун айтып, мени жөнөтүп жиберди. Агам үч жылдан кийин жиу-житсуну көрсөтүү үчүн бир байкебиз менен мени Малайзияга чакырды. Ошондо Бангкокто өткөн турнирге күбө болдук, анда ал 3-орунду ээлеген. Биз жиу-житсунун бардык түрлөрүн көрүп, бул спорт түрүн Кыргызстанда өнүктүрөлү деп чечтик. Өлкөгө кайтарыбыз менен мамлекеттик аккредитациядан өттүк. Кийин мамлекет бизге колдоо көрсөтүп, каржылап, республикалык деңгээлде чемпиондуктарды өткөрүп, бизди спорттук иш сапарларга жөнөтө баштады.

– Өлкөдө бул спорт түрүн өнүктүрүү үчүн сиздер тараптан кандай иш-аракеттер жасалып келет?

– Бул спорт түрүн Кыргызстанда өнүктүрүүнүн аракетиндебиз. Чет өлкөдөн машыктыруучуларды алып келебиз, аларды каржылайбыз. Буга чейин Бразилия, Франциядан келишсе, учурда Дүйнө чемпиону болгон дагестандык жигит менен иштешип жатабыз. Аймактардан балдарды Бишкекке академияга чакырып, жатакана менен камсыздайбыз. Алар күнүнө эки ирет биздин залда машыгуу жүргүзүшөт. Өз жерлеринде секцияларды ачабыз дегендерге колдоо көрсөтөбүз. Өзүбүз дагы аймактарды кыдырып ар кандай семинарларды өткөрүп турабыз.

– Өткөн жылы тарых жаратып, грэпплинг боюнча Кыргыз өлкөсүнөн чыккан алгачкы Дүйнө чемпиону болдуңуз. Бул чемпиондук эмнеси менен эсиңизде калды?

– Башкалардан өзгөчө болду деп айта албайм, бардык эле мелдештин өз оорчулугу болот. Бул чемпиондук мага биринчи жолу Дүйнө чемпиону деген чинди алып келгени менен эсимде калды. Дүйнөлүк чемпиондукка көп жолу катышкам. Бирок 2-3-орундарды алып калчумун. Буга чейин Азия чемпиондугунда, Азия оюндарында жеңишке жетишкенде өлкө гимни жаңырган. Ал эми Дүйнө чемпиондугунда биздин гимнди көптөгөн өлкөлөр угат. Кыргыз жеринде бул спорт түрү өнүгүп жатканын билишет. Чемпион болдум деп ошол күнү кубанганың менен, эртеси ойгонуп жоопкерчилик эки эсе өскөнүн сезесиң. Моюнуңа алтын медаль менен бирге чоң жоопкерчилик тагылат. Мурдагыдан да күчтөнүп машыгууларды жүргүзүп, ошол даражага татыктуу болуш керек.

– Грэпплинг, жиу-житсу. Кайсынысы Олимпиада оюндарынын катарына киргенге жакын?

– Экөөндө тең Олимпиада оюндарына кошулуу мүмкүнчүлүгү жогору. Мисалы, жиу-житсу азиялык Олимпиаданын программасына киргизилген. Келерки жаштар арасындагы Олимпиада оюндарынын катарына кирет деген маалыматтар бар. Ал эми грэпплинг күрөш боюнча бүткүл дүйнөлүк федерацияга карайт. Анын 3 олимпиадалык түрү бар. Бул эки спорт бири-бирине абдан окшош. Кайсынысы болбосун кошулса жакшы болмок.

– Спорт сиз үчүн хоббиби же ишпи? Спортту негизги кесип деп эсептөөгө болобу?

– Эгер спортту олуттуу жумуш деп эсептебесе, анда спортчу эч кандай жыйынтык көрсөтө албайт деп ойлойм. Хобби деп жумасына 2 жолу велосипед тепкенди же итин жетелеп алып сейилдегенди айтсак болот. Кандайдыр бир жыйынтык көрсөтүү үчүн тер төгө машыгып, спортко убактыңды арнайсың. Физикалык чарчоодон эс алуу менен бат эле арылууга болот. Кээде катуу моралдык чарчоого кабыласың. Кайра калыпка келүү үчүн бир топ убакыт талап кылынат. Андыктан спорт – бул иш, кесип.

– Көптөгөн өлкөлөрдө болгонсуз, спорттук карьераңызды чет жакта улантууга сизде мүмкүнчүлүк чоң. Башка өлкөгө кетүү пландарыңыз барбы?

– Менде АКШга ачылган виза бар. Албетте, жакшы төлөй турган өлкөнүн атынан күрөшсө болот. Көптөгөн өлкөлөрдө болдум, бирок төрөлүп-өскөн жериңе эч бири тең келбейт. Андыктан мен өзүмдү башка өлкөнүн жараны катары элестете албайм. Ал жакта менин жакындарым, чогуу өскөн досторум, классташтарым жок. Чет өлкөгө кетип, отурукташып калуу тууралуу ойлонбойм дагы. Кайсы өлкө болбосун барып, канча бир убакыт жүрүп келсең болот. Бул башка иш. Бирок биротоло башка өлкөнү тандап кетүү мен үчүн эмес.

– Учурда эл ыктыярчыларга ыраазы болуп турган чак. Эл сизди мурдагыдан да жакшы таанып калды. Бул да жоопкерчиликти арттырса керек?

– Өзүңдүн ишиң менен алектенип жөн эле үйүңдө отура албайсың. Анткени сени баары карап турат. Сени кимдир бирөө күтүп, кайсы бир ооруканадан сурап жатышкан болот. Сени канчалык көп тааныган сайын эл алдында жоопкерчилик көбөйүп, жеке жашоо үчүн убакыт аз болот экен.

– Маегиңизге рахмат. Эл уулу болуп жүрө бериңиз.

Динара Акимова
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
bulathan
2020-08-10 09:31:44
сыймыктанабыз
+1
manatova
2020-08-11 17:35:27
красапчик

+1
№ 922, 6-12-август, 2020-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан