ТАКСИСТ МЫКААЧЫЛЫК МЕНЕН ӨЛТҮРҮЛГӨН ОКУЯ. КЫЛМЫШКА ШЕКТЕЛИП 5 ЖИГИТ КАРМАЛДЫ

Өзгөн районунда жергиликтүү таксистти мыкаачылык менен өлтүргөн кылмыш иши катталды. Бул окуя коомчулуктун катуу нааразычылыгын жаратты.

“ДЕНЕГЕ БЕНЗИН ЧАЧЫП ӨРТТӨП, КАРА-ДАРЫЯГА АГЫЗЫП ЖИБЕРИШКЕН”

Ош ОИИББинин маалымат кызматы бул кылмышка шектүү катары 5 жигит кармалганын билдирди. Алар 2 айлык мөөнөткө тергөө абагына камакка алынышты:

– 2020-жылдын 24-июль күнү саат 20:00дөр чамасында Өзгөн районунун Баш-Дөбө айыл өкмөтүндө ВАЗ үлгүсүндөгү жеңил унаа күйгөн абалда турганы боюнча милиция бөлүмүнө кабар келип түшкөн. Күйгөн автоунаа буга чейин дайынсыз жоголгон Өзгөн районунун Зергер айылынын тургуну, 29 жаштагы Ж.у.Мга таандык болгон.

Бул окуя боюнча Ош ОИИББинин жана Өзгөн РИИБинин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш аракеттердин негизинде Өзгөн районунун тургуну, 16 жаштагы М.у.А. шектүү катары кармалган. 20-июль күнү М.у.А. 17 жаштагы И.Э. менен Өзгөн шаарынын борбордук базарынын жанында токтоп турган ВАЗ үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу Ж.у.Мны Шералы айылына барып келүү үчүн 200 сомго жалдашкан. Бара турган жерине жеткенде айдоочуга “100 сомубуз эле бар, ушуну алып кой” дешет. Айдоочу “200 сомго сүйлөшпөдүк беле?” деп ортодо пикир келишпестик жаралып, машинанын ичинде уруша кетишет. Машинанын арткы орундугунда отурган И.Э. сумкасынын жибин айдоочунун моюнуна салып муунтуп, алдыңкы орундукта отурган М.у.А. бет жакка уруп, натыйжада таксист каза тапкан. Айдоочунун жансыз денесин автоунаанын багажына салышкан. Кылмышты жашыруу максатында ага бензин чачып өрттөп, Кара-Дарыяга агызып жиберишкени аныкталды.

Алар автоунааны айдап келип 17 жаштагы А.у.Ш, Ш.И. жана 15 жаштагы В.у.Н. аттуу досторуна жолугуп, жогорудагы окуя тууралуу айтып беришкен. Ошол достору менен биргеликте автоунаага багажында турган бензинди чачып өрттөп салышкан.

Бул окуя 27-июль күнү Өзгөн РИИБине Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 130-беренеси (өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүү) катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Адам өлтүрүүгө шектелип 16 жаштагы М.у.А менен 17 жаштагы И.Э. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Ал эми кылмышты жашырганы үчүн 17 жаштагы А.у.Ш, Ш.И. Жазык кодексинин 348-беренесинин (кылмышты жаап-жашыруу) негизинде убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ал эми 15 жаштагы В.у.Ннын кылмышты жашыргандыгы үчүн шектүү катары жоопкерчилиги каралууда.

Бүгүнкү күндө Өзгөн райондук соту тарабынан кылмышка шектүү жарандардын баш коргоо чарасы каралып, 2 айлык мөөнөткө камакка алынышты.

“СӨӨГҮН ТААП, ЖЕРГЕ ЖАШЫРГАНЫБЫЗГА ШҮГҮР КЫЛЫП ОТУРАБЫЗ”

Маркумдун атасынын бир тууган карындашы Айнура Коргонбаева “кылмышка шектелип кармалган балдардын бешөө тең мыйзам чегинде жазасын алышсын” деп талап кылып жатышканын айтып, окуя тууралуу төмөнкүдөй маалымат берди:

– Бул ишти Өзгөн РИИБи эмес, Ош ОИИББи карап жатат. Жактоочу менен барып тергөөчүгө жолугуп, иштин жүрүшү менен таанышып келдик. Кармалган балдардын баары күнөөлөрүн моюндарына алышыптыр. Моралдык-материалдык чыгымдарын төлөп беребиз дешиптир.

Иним 19-июль күнү кечки саат жетилерде Өзгөн шаарына кеткен. Ошол түнү адаттагыдай такси кызматын көрсөтүп, иштей калайын десе керек. Балдар алыс жакка айдатып, барганда 100 сом берип койгону үчүн уруша кетишип, минтип жөн жерден өлүм таап жатпайбы. Эртеси күнү үйгө келбегенине тынчсызданып агалары телефон чалса албайт. Жумушунан да “эмнеге келбей жатат?” деп издеп башташат. Ошентип издөө иштери башталат. Машинаны айылдын жашоочулары көрүп калышыптыр. Алар жергиликтүү милицияга түнкү саат 3төн өткөндө машина өрттөлгөнүн кабарлашыптыр. Аймактык тескөөчү райондук укук коргоо кызматына билдирип, алар келгенде машина иниме таандык экени аныкталган. Ошондон тартып издөөнүн арты менен 27-июлда сөөгү өрттөлгөн абалда Кара-Дарыядан табылды. Андан ары агып, түп орду менен жоголуп кетсе эмне кылат элек? Табылбаса өмүр бою издемекпиз да. Жок дегенде сөөгүн таап, жерге жашырганыбызга Кудайга шүгүр деп отурабыз.

Маңдайын сылап узатсак мейли эмес беле. Сөөктү ачып көрө алган жокпуз. Өлүкканага улуу агам менен күйөө балабыз кирип жууп, кепиндеп чыгышты. Эстесем жүрөгүм ооруйт.

“АГАМ МЕНЕН ЖЕҢЕМЕ, БАЛДАРЫ МЕНЕН КАЛГАН КЕЛИНИБИЗГЕ КЫЙЫН БОЛДУ”

– Иним бирөөгө зыян келтирмек турсун эч кимдин көңүлүн оорутчу эмес. Тамашакөй, жаркылдап-жайнаган жигит эле. Зергерде ата-энеси менен турчу. Жакында Өзгөн шаарына батирге чыгабыз деп жаткан. Адал эмгеги менен үй-бүлөсүн багып келген. “Бөрү” деген күзөт агенттигинде иштечү, кошумча акча кылайын деп бош убактысында такси кызматын да көрсөтө калчу.

Ыйлап-сыктап жатып кыркы өтөт. Биздин да тиричилигибиз башка, үй-жайыбызга тарайбыз. Ата-энесине, балдары менен калган келинибизге кыйын болду. Апасы оор акыбалда, улам эсин жоготуп, дарыгерлердин жардамы менен араң өзүнө келип жатат. Атасына да оор тийди. Биз бир айылда жашайбыз. Үйдөгү кыймылды жүргүзгөн каза болгон иним эле. Эжеси менен карындашы экөө тең турмушта. Кичүү иниси бойдок, Екатеринбургда болчу, ал дагы келди. Иним 29 жашта эле. Келиним 1998-жылкы, экөө бир кыз, бир уулдуу болушкан. Учурда келинчегинин 3 айлык боюнда бар. Келинибиз азыркы күнгө чейин нес абалынан чыга элек. Ыйласа жанына киши тура албайт. Балдарынын улуусу 3 жашта, атасын чыдамсыздык менен күтүп жатат. Эшиктин алдында тигилип турган боз үйдү көрүп “муну алып койгула, атамдын машинасы келип ошол жерге токтойт” деп, көчөдөн ак түстөгү Жигулилерди көрсө “атам ылдый өттү, атам өйдө өттү” деп баарын ыйлатып жатат.

“КАРМАЛГАН БАЛДАРДЫН ЖАКЫНДАРЫ КЕЛИП АБАЛЫБЫЗДЫ СУРАГАН ЖОК”

“Мындан ары да соттук отурумдарда кездешесиңер” дешти, көрөбүз эми. Кылмышка шектелип кармалган балдардын жакындары алдыбызга басып келип абалыбызды сурап да койгон жок. Анан каяктан бизге чыгым төлөшөт? Ошондой эле төлөшсө кун төлөшсүн, келинге балдары менен жашаганга үй алып беришсин. Машинаны насыяга алып оокат кылып жаткан, аны төлөшсүн. Кыскасы, тергөөгө барганда арыз-дообузду айтып келдим.

Башында айрымдарын үй камагына алганы үчүн нааразы болуп жатканбыз. 15 жашта болсо да сурак берип, кылган иши үчүн жооп берсин десек, мыйзамга туура келбейт экен. Мыйзамда жок деп 14-15 жаштагы бала кылмыш жасай берсин, ата-эне байкуш ал үчүн сурак берип жүрө берсинби? Ушул суроо кызык болуп турат. Тергөөчү “16 жашка толгондо кайсы убакта болбосун мунун жазасын алат” деди. Учурда бир бала үй камагында. Инимди ашынган мыкаачылык менен өлтүрүшүптүр. Кармалган бешөө тең мыйзам чегинде жазалансын. Биздин негизги талабыбыз – адилеттүү чечим.

Динара Акимова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
monok2001
2020-08-10 14:36:07
озбектер деп жатышатго [moderated]дер жаман олугушту да, жакын арада мындай кетиште озбек кыргыз башаламандыгы дагы болчудайго, мунусунда бир аз жесткийраак болот бир болсо
+1
Raihan0602
2020-08-11 15:42:47
Жашабай жатып ушундай мыкаачылыка барышыптыр баралына келгенде накта супер маньяк болуп чыга келишет го булар уже психологиясы бузук балдар бир сөз менен айтканда мал болбой турган эшектер коомго буга окшогондорго орун жок атып салыш керек ит аткандай
+3
Nurania
2020-08-13 23:15:41
Булар мээси оордунда балдар эмес , ушул жашта ушундай кадамга барышса,наркоман Бир соо эмес балдарго ,Аллахым ырайым кылып ушу балдардын бирин эки кылбай ,тукуму ууланбай калышын насип кыл ,3 атасыз калган балага мол ырыскы бакубат балалык Узун омур бер
+2
№ 922, 6-12-август, 2020-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан