РЕЖИССЁР ТЫНЧТЫК АБЫЛКАСЫМОВДУН ТАСМАСЫ ЭЛ АРАЛЫК ФЕСТИВАЛДА ЖЕҢҮҮЧҮ БОЛДУ

Жаш кинорежиссёр, актёр Тынчтык Абылкасымов режиссёрдук кылган "Чек арада" тасмасы Лондондо өткөн эл аралык "Link" (Link International Film Festival) кинофестивалында "Эң мыкты азиялык кыска метраждуу тасма" деп табылды. Бул тууралуу режиссёр Тынчтык Абылкасымов буларга токтолду:

– Лондон шаарында жылда өтчү "Link" аттуу эл аралык кинофестивалга тасмамды былтыр күзүндө жөнөткөм. Ушул жылдын июнь айында дүйнөнүн 122 өлкөсүнөн 3911 тасманын 54ү сынакка тандалып алынды. “Тандалган тасмалардын арасында сиздин тасмаңыз да бар” деген кат ошондо мага келген эле. Пандемиянын кесепетинен фестиваль онлайн режимде өттү. Жыйынтыгында менин тасмам фестивалга катышкан азиялык фильмдердин мыктысы аталып, байгеге ээ болдук. Бул эл аралык фестивалдагы алгачкы жеңишим. Күткөн эмесмин, аябай кубандым. Тасмада Тажикстан менен Кыргызстандын чек ара маселеси чагылдырылган. Бул сыйлык мени дагы да шыктандырды, буюрса, дагы көп ийгиликтерди жаратам деген ойдомун.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
suban78
2020-08-10 10:34:08
Ээ бул Асеманы алып качкан бала го. Ийгилик. Асемага салам айт
+1
Birimdik5555
2020-08-15 21:34:11
Азамат ийгилик
+1
№ 922, 6-12-август, 2020-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан