СЕБОРЕЯ – ЧАЧТЫН МАЙЛАНЫШЫП, СЫНЫП ТҮШӨ БАШТАШЫ

Чачты калыптагыдай күтпөсө, анда анын да оорулары келип чыгат. Алардын бири – себорея. Бул ооруда чачтын түшүшү эмнеден келип чыгып, дарылап айыктыруу кандайча жүрө тургандыгын тери оорулары боюнча адис Суранчиева Светлана түшүндүрөт.

КАКАЧ МЕНЕН СЕБОРЕЯНЫН АЙЫРМАСЫН БИЛ
Какач – бул баш терисинин үстүңкү катмарынын түлөп, кээде кычыштырып, андан тышкары чачтын ичкерип, суюлушу. Башкача айтканда, какач сырткы таасирлерден улам пайда болот. Негизи, какач себореянын бир белгиси болгондуктан, экөөнү бир мааниде түшүнүп алгандар көп.
Какач басуунун себептери көп. Көбүнчө чачты фен менен кургатуу, чачты туура эмес күтүү, организмде витаминдердин жетишсиздиги, стресстер, чачты көп боёо, зат алмашуунун бузулушу жана башкалар.
Себорея – какачка караганда чачтын терисинин абалынын абдан көп өзгөрүшү. Башкысы – тери алдындагы май бездеринин иштешинин бузулушу. Башкача айтканда, ички фактордон улам жаралат. Май бездери майды көп бөлүп чыгарып, ал бөлүп чыгарган майдын сапаты да бузулат.
Ушундан улам баш терисинде абдан көп кабырчыктар пайда болот. Чач майланышып, жылтырап, бири-бирине жабышып, бат кирдейт. Оор жумуш жасаганда, көп ойлонгондо, толкунданганда, дене табы көтөрүлгөндө май бездери ого бетер көп иштелип чыгат.
Өспүрүмдөрдө себорея жыныстык жактан жетилүү мезгилинде организмдеги гормондордун өзгөрүшүнөн улам келип чыгат.

ТҮРЛӨРҮ
Себореянын майлуу жана кургак түрү бар.
Майлуу себорея жогоруда айтылган белгилерди алып жүрөт.
Кургак себореяда чач түбүндөгү кан тамыр ичкерип, чачка азык жетпегендиктен, ал түшө баштайт. Кабырчыктар чачтын терисин бүтүндөй жаап калат. Чач адатта кургак, сынма жана учу эки ачакей болот. Кыймылдаганда чачтын түбү тартылгансып, аздан кычышуу жаралат. Кычышуу көбүнчө жуунгандан соң күчөйт. Себореянын бул түрүн көбүнчө какач менен алмаштырып алышат.
Себореянын коркунучу – чач түшүп, таз болууга дейре жеткириши.
Себореяда тери безинин бактерияларды (мунун ичинде грибокторду) өлтүрүүчү касиети төмөндөйт. Андыктан баш териде грибоктор көбөйүп кетиши мүмкүн. Көбөйүп кетсе, себореялуу экзема, себореялуу дерматит, ириңдүү жараларга алып келет.

ТУКУМ КУУЙТ
Баш терисинин астындагы май бездердин майды көп бөлүп чыгарышы үй-бүлөлүк өзгөчөлүк катары каралат. Адатта үй-бүлөдө ата-эненин бири мындай өзгөчөлүктү алып жүрсө, бул балдарга өтөт.

АНАЛИЗ ЖАНА ДАРЫЛОО
Анализ үчүн чачтын түбүндөгү кабырчыктар кырылып алынып, лабораториялык текшерүүдөн өткөрүлөт. Себореянын түрүнө жана келип чыгуу факторуна жараша дарылоо жүргүзүлөт.
Дарылоодо эң башкысы, диета кармоо сунушталат. Тамак-аш катарынан майлуу, туздуу, ышталган азыктарды чыгарып, ордуна жашылча-жемиштерди көп кошуу керек. Эгер адамда жугуштуу оору бар болсо (ангина, суу чечек ж.б.), аны айыктырмайын дарылоо жардам бербейт.
Негизинен, дарылоодо дарылык шампунь (Низарол, Сульсена ж.б), эгер себорея грибоктон улам болсо, грибокко каршы каражат, салицил кислотасы жана кайыңдын кара майы (берёзовый дёготь), витамин терапиясы, бактерияга каршы чыгарылган Сейфгард, Дегтярное, Серное самындары колдонулат. Булар жакшы жардам бербеген учурда гормоналдык дары-дармектер кошулат. Физиотерапия, криомассаж, озон менен дарылоо да кошулса, жардамы жакшы болот. Чачты сандык куурай же ит уйгактын тундурмасы менен жууп туруу да дарылоо түрүнө кирет.
Себореядан дарылануу мөөнөтү бүткөндөн кийин да 2 ай аралыгында дары шампунь колдонула берет.
Себореясы барлардын чачын боёого, тармалдатууга, лак себүү жана фен менен кургатууга болбойт.

КЫЗЫКТУУ

  • Адамдын организминде 1 аптада май бездери 100-200 граммга жакын майды бөлүп чыгарат. Ал эми себореяда майдын өлчөмү 300 граммга чейин жетет.
  • Эркектердин 40 пайызга жакыны себореядан азап тартат.
  • Себорея иммунитети начарларда көп жолугат. Андыктан ВИЧ/СПИД менен ооругандардын 80 пайызына жакыны себореядан азап тартат.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Yuana
2010-09-25 20:52:00
сандык курай менен ит уйгак кандай которулат болду экен орусчага.
0
№ 412, 24-30-сентябрь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан