(Башы өткөн сандарда)
Аяна канчалык аракет кылса да маселелери бүткөн жок. Кайра ырбай берди. Искендер кээде балдарды такыр эле менчиктеп алгандай мамиле жасачу болду. Апасына айтпай футболго алып кетип же шаардын сыртына алып кетип, акыркы мүнөттөрдө гана ооз учунан “бул жактабыз” деп койгон өнөр тапты. Анда коркуу бар эле. Кайдан-жайдан пайда болгондой эле бул балдар кайдадыр жоголуп кетчүдөй сезим бар болчу. Ар бир убакытты чогуу өткөрүп алганга аракет кылчу. Бирок ачыкка чыгууга да кудурети жетпеди. Башында канчалык түшүнүп макул дегени менен, кийин Аянанын жини келе баштады. Болбогон нерседен урушуп кетчү болушту.
– Сени бүгүн жеткирип келген ким?- деди бир күнү орой.
Аяна тиктеп койгону болбосо үн каткан жок. Ого бетер Искендердин жини келип кетти.
– Ким деп жатам?
– Эмне кыласың? Бирөө. Кесиптешим.
– Менин балдарымдын жашоосунда бирөө болушун каалабайм. Сен өз жашооңду эмне кыласың билбейм, бирок эч бир эркек менин балдарымдын жашоосунда болбош керек. Түшүндүңбү?
Жарылайын деп араң жүргөн жаны жарылып кетти.
– Сен эмне деп жатасың? Акылың ордундабы? Менин жашоомо кирген адам кантип алардын жашоосунан алыс болот? Алар менин балдарым. Түштөн кийин мага акыл айтчу болбогун. Менин балдарым деген сөзүңдөн башка эч нерсең жок. Балдарыңа атыңды берем деп айта албагандан кийин кантип ээлик кыласың? Кана сенин баатырдыгың?
Аянаны карап туруп эч нерсе дей албай туруп калды. Анан жиндилик кылды. Эркектин жинине тийүү ушунусу менен жаман да. Искендер аттай-буттай балдары турган бөлмөгө барды да, тарс жарылды.
– Балдар, апаңар силерден жашырып келген. Силердин... Мен силердин атаңармын. Менмин!
– Сен?
– Сизби?
Балдар аны тиктеп туруп калышты. Аяна да босогодо каткан боюнча калды.
– Апа, бул чынбы?
– Кет, Искендер, жетет, чыгып кет үйдөн, экинчи келбе!
– Келтирбей койгонго сенин күчүң жетпейт. Балдар, азыр кетем. Бирок силер менен жакшылап сүйлөшөбүз. Эртең келем.
Эшикти бар күчү менен тарс жаап, чыгып кетти. Аяна буттарынан күч кетип отуруп калды. Суроолуу тиктеп турган балдарынын көздөрүнөн эч кайда кача албады.
Эки уулун эки жагына кучактаган боюнча Аяна суроолорго жооп берип жатты.
– Биздин атабыз болсо эмнеге биз менен жашабайт, апа?
– Анткени... Анткени анын башка үй-бүлөсү бар. Башка бир уулу бар.
– Бирок бизди андан да жакшы көрөт эмеспи?- деди Алан көзүн алайтып.
– Силерди аябай жакшы көрөт. Ата бир баласын экинчисинен жаман көрө албайт да. Атанын жүрөгү кенен, ага көп бала батат. Бирок эки аял эркектин жүрөгүнө да, жашоосуна да батпайт. Бир эркектин жүрөгү бир гана аялдыкы. Кээде аны өздөрү байкабайт. Байкабай эле кыйнала беришет,- аягындагы сөздөрүн көбүнчө өзүнө айтты окшойт.
– Биз аны ата дей берсек болобу, апа?- деди Адам.
– Болот.
– Мектепке ата-энелердин чогулушуна да чакырсак болобу?
– Албетте.
– Аны менен чогуу жатсакчы?
– Ал биздикине түнөбөйт да,- деди Аяна жашын сүртүп.
– Анда аныкына барсак... Хм, болбойт, ээ?
Атадан көзү каткан балдар атасы тууралуу кыялданып жатышты. Эми алардын атасы бар. Атасы бар деген кандай жакшы. Мейли жанында болбосо да кандай чоң бел. Балдар толкунданып жатып уктап калышты. Түйүн мурункудан да чырмалышты да калды. Алан жакшы болмоюнча алып кете албайт, деги эле атасы бул жакта экенин билгенден кийин бул балдар эзели кетпейт. Атасын өзүнө байлай албаган ал балдарын кантип байлап калмак эле? Алар турган турушу менен Искендердин балдары болчу. Ошондой көк, өжөр, айтканын бербеген, ооздуктата койбогон балдар болчу.
ххх
– Меники туура эмес. Билем, мага антип карабачы,- деди эртеси таң атпай келген Искендер.
– Кофе ичесиңби?
– Ичем.
Үн катпай кофе ичип отурушту. Келгендерине жарым жыл болуптур, таң ушунчалык керемет аткан эмес Аяна үчүн. Көңүлү ачылып кетти.
– Мен бүтүндөй өмүрүмдө сени менен жашаган бир ай гана бактылуу болдум, Искендер. Карасаң, дал ошондой кар апапак. Таң бейпил. Үй жылуу жана кофе ысык. Кудум ошондогудай.
– Бирок биз андай эмеспиз.
– Мен ошондоймун. Сен өзгөрдүң.
– Мен коркуу ичиндемин. Бир жагында Айтурган менен уулум. Экинчи жагында сен жана уулдарым. Эки аял менен күн кечиргендер толтура. Бирок мен эмнеге мынча кыйналып жатам билбейм.
– Анткени сен Искендерсиң. Жүрөгүң таза, уятың бар. Ашыкча жоопкерчиликтүүсүң.
– Айтурган мени кечирбейт.
Аянанын жүрөгү тыз этти. Кайра Айтурган. “Каргыш алсын Айтурганды” деди ичинен.
– Биз кетебиз.
– Жок.
– Искендер, сен алып кала албайсың. Мурункудай жашооңду улант.
– Убакыт бер, силерди да алып калганга, аларды да сактап калгандын бир жолун табам. Сөзсүз.
Аяна терс бурулду.
ххх
Бирок жолун таба албады. Арадан тез эле эки жылдай убакыт өтүп кетти. Күндөр өтүп жатты. Искендерге куюп койгондой окшош эки бала элдин назарына илине баштады. Айтурган ошол каргашалуу күндү эч унутпайт. Кимдир бирөөдөн билдирүү келди. Телефонун ачып, эки бала менен Искендердин сүрөтүн көрдү. “Искендер балдары менен. Сен байкуш дагы эч нерсе билбей жүрө бер” деген жазуу келди. Калтыраган колдору менен келген номерди терди эле, өчүк экен. Кудум дем жетпей жаткандай аптыгып кетти. Кабинетинде бейтап бар эле, ал түшүнбөй карап калды.
– Кечиресиз, мен азыр...
Сыртка чуркап чыкты. Акылына дароо Искендер келди. Бул келесоолукту ага айтышы керек. Ал муну жиберген адамды табат, жазасын берет. Ушак бул. Анын номерин калтыраган колдору менен тере баштады.
– Искен, ало?
– Оу, эмне болду?
– Мен... Мен...- сөз таба албай муунуп калды.
– Эмне болуп кетти, жаным?
Искендердин тынчсызданган үнү. Өзүнүн күйөөсү. Кайдагы тантыган бирөө үчүн өзүн эмне мынча жоготту?
– Мени келе жатып ала кетчи, өзүмдү жаман сезип турам. Машина айдай албайт окшойм,- деди ал.
– Макул.
Күйөөсүнө чалгандан кийин күлүп жиберди. Кайдагы болбогон нерсеге капа болгонуна таң калды. Тантырактык бул. Кайдагы эки бала? Балдардын жүзүн да карабай туруп өчүрүп салды. Кудум жүрөгүндөгү оор нерсени алып салгандай жеңилдей түштү. Бирок шек жаман нерсе. Кылт деп эске түшөт да турат. Кайда качып кутуларыңды билбейсиң. Тамак жеп жатса да, күлүп жатса да, жуунуп жатса да Искендерди аңдыганы аңдыган. Мурун байкабаган экен, жатар алдында балконго чыгып көпкө сүйлөшөт тура. Анан да даараткананы бекитип алып көпкө отурат экен. Кимдир бирөө менен туюк сүйлөшүүлөрү да көбөйүптүр.
Ушунун баарын байкабаганын кара.
– Эмнеге тамак ичпей жатасыз, апа?- ойлонуп отуруп калган экен, уулу жеңинен тарта берди.
– Жөн эле, ойлонуп кеттим.
– Апаң ойлонуп эле бүтпөйт го,- деди Искендер тамашалай.
– Быйыл эс алып келбейлиби чет өлкөгө?- деди Айтурган.
– Кайдагы эс алуу?
– Сен өзүң айткансың го.
– Кайдагына айтпачы, азыр бара турган убакпы?
– Азыр кандай убак?
Аялы көзүнө тиктеп турду. Айтурган менен 18 жылдай чогуу жашап, мынчалык күмөн менен тиктегенин көрбөптүр. Шаштысы кетип калды. Көздөрүн ала качты. Айтургандын жүрөгү болк дей түштү. Ортодо баласы тамагын ичип бүтүп туруп кетти.
– Бүгүн мага бир билдирүү келди, жаман күлкүм келди.
– Ии.
– Эмне экен деп кызыкпайсыңбы?
– Эмне экен?
– Бир балдар менен сенин сүрөтүңдү жибериптир бирөө. Сенин балдарың имиш. Күлкүлүү, ээ?
Искендер чайына чакап кетти...
(Уландысы кийинки санда)