Болотбек Тилек, актёр: “АТАМ МЕЛДЕШТЕН УТУЛУП КАЛЫП, АКТЁР БОЛУШУМА МАКУЛ БОЛГОН”

Болотбек Тилекти комедиялык жанрдагы тасмалардан көрүп жүргөнгөбү, аны жайдары, тамашакөй жигит деп элестетчүмүн. Негизи ошондой эле экен, бирок ошол эле учурда терең ойлоно алган, патриот мырза экенине ынандым. Сиз жана биз аны актёр катары билсек, көрсө, ал режиссёр жана сценарист дагы тура.

– Болотбек, алгач амандашып алалы. Жакында үйлөндүң, куттуктайм!

– Амансыздарбы? Рахмат. Үй-бүлөлүү болуп ээрчишип жүргөн сонун экен. Анын үстүнө мен жашоонун баркын билип, бир аз жашым өтүп бара жатканда үйлөнбөдүмбү. Жаш болуп, оюмда эч нерсе жок, жыргап жүргөндө үйлөнсөм башкачараак болмок болуш керек. Жоопкерчиликти сезип калганда үйлөнгөн үчүн жашоо барктуу да, таттуу да сезилип жатат.

– Эпидемия күчөп турган маалда “машинем бар, бекер элди ташып жардам берейин” деп социалдык тармактагы баракчаңа билдирүү жаздың. Жардамга кол сунгандардын алгачкыларынан болдуң. Азамат жигит экен деп калдым.

“Мамлекет мен үчүн эмне кылып берди?” деп наалыгандар көп эмеспи. А мен “элиме эмне кылып жатам?” дегендердин катарына кирем. Буга чейин карантин учурунда деле кыйналган элге азык-түлүктөн жардам берип жүрдүм. Бирок чоң иш кылып салбагандан кийин деп жеке баракчама чыгарган жокмун. Анын үстүнө чогуу жардам берген жигиттер да чыгармачыл адамдардан эмес, жеке ишкерлер болчу. Алар көмүскөдө калууну туура көрүшкөн. Илдет күчөп жатканда социалдык тармактардан үрөй учурган нерселерди окуп тынч отура албай койдум. “Атамдан, апамдан ажырап калдым” дегендерди окуп жүрөк ооруду. “Эмне кыла алам? Колумдан эмне келет?” деп ойлонуп отуруп машинем менен бекер ташысам да жардам берейинчи деп чечтим. Анткени “Тез жардам” кызматы жетише албай жатты. Үйүнөн алып ооруканага жеткирсем да бир нече өмүрдү сактап калам деп ойлоп жеке баракчама жаздым. Албетте, үй-бүлөм үчүн кооптондум, бирок үйдө отура да албай койдум. Жазарым менен дагы 2-3 жигит “байке, мени да кошуп коюңуз, бекер жеткирем” деп жазышты. Чалуулар аябай көп болду. Бир жума тынбай ташыдым. Абал жакшырганда токтоп калдык.

– “Эл үчүн” деп кыйкыра беребиз. Бирок ушундай учурда мекенчил жигиттер чындап билинет экен. Сен үчүн мекен деген эмне?

– Мекен мен үчүн үйүм. Үйүмдүн чарбагын коруп, анын ичиндеги ар бир нерсеге кандай кам көрсөм, мекениме да ошондой кам көрүшүм керек.

– Мекен тууралуу сүйлөшүп калдык, талкуу жараткан “Мекен” тасмасын көрдүңбү? Кандай таасир берди?

– Мен сын айта албайм. Анткени ушул тармакта жүргөндүктөн, кино тартуунун ар бир мээнетин, жадакалса бир сомуна чейин билем. Болгону патриоттук тасманы “тонкий” философия менен берсе мындан да жакшы болмок. Баягы эле “качанкыга чейин ушинтип жүрөбүз, ким мага кошулат?” деген нерсе менен бүтүп калган. Мурун интермедияларда абышка менен кемпир урушуп кетип, кайра “кой эми, кемпир, уруша бербей, андан көрө ырдап койбойлубу?” деп экөө ырдап бүтүп калчу эле го. Бул тасмада да баналдуу нерселер көп орун алыптыр. Бирок идея, оператордун эмгеги мыкты болуптур.

– Сеники режиссёрлук көз караш болду окшойт. Негизи актёрлуктан режиссёрлукка кадам болушу мүмкүнбү?

– Экинчи режиссёр, сценарист катары көп эле иштеп жүрөм. Буюрса, өзүм тасма тартып чыгаруу алдында турам. Эркин Эгембердиев (ред.: “Дем” театрынын актёру) экөөбүз Президенттин кан досу” деген тасманын сценарийин жазып жатабыз. Сиздин оюңуз да дароо башкага кетти окшойт, бирок “алар” тууралуу эмес. Биз башка бир окуя тууралуу тартабыз.

Негизи Бишкекке режиссёрлукка тапшырам деп келгем. Бирок ал жылдары окуу жайга абитуриенттер аз тапшырганы үчүн бир жылы кабыл алуу болсо, кийинки жылы кабыл албайт экен. Ошол үчүн Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство институтунун актёрлук бөлүмүнө тапшырып, кийин режиссёрлукка которулуп кетем дегем. Бирок оюм өзгөрдү. Анткени Бектен Абдылдаев деген агайга туш болуп калдым. Ал менин оюмду түп тамырынан бери өзгөрттү. Ал залкар актёрлор Дүйшөн Байдөбөтов, Гүлайым Каниметоваларды Эмгек сиңирген артист кылган спектаклдерди койгон агай. Ошол агайдын күчтүүлүгүнө баа берип окуучусу болуп калып калгам.

– Театрда иштөө сен үчүн?..

– Мен үч жылдан бери “Учур” театрында иштейм. Агайымдын сунушу менен тайпалаштар болуп Шаршен Термечиков атындагы театрда иштегенбиз. Ал жакта иштеп жүргөндө атамдын көзү өтүп кетип, апам жалгыз калып, анын жанында болушум керек болуп калды. Кийин апам да кайтыш болуп кетти. Ошону менен 3 жылдай театрдан алыстап кеттим. Кадимкидей “формамды” жоготуп коюптурмун. Театр актёрлор үчүн машыгуу залындай эле да. Машыгуу болбосо ринг да жок. Актёрлук өнөрдү кармап туруу деле чоң күчтү талап кылат. Театрга кайра келгенде кадимкидей ролго, образга кире албай кыйналып жүрдүм.

– Театрда ойногон эң чоң ролуң кайсы болду?

– Көп эле роль ойнодум, бирок “Курманжан датка” спектаклинде бир учурда үч роль ойногонум чоң эмгек болду. Алымбек датканын, Кудаяр хандын, генерал Скобелевдин ролдорун ойногом. Гримделип, кийимдерди алмаштырып кийип, образдарын ачып бере алдым. Бир спектаклде үч башка ролду ойногонум үчүн “Эркектин эң мыкты ролу үчүн” деген наам алгам.

– Актёрлор үчүн эң чоң жетишкендик эмне? Гонорарбы, атак-даңкпы же каармандын образын жеткиликтүү ачып берүүбү?

– Образын ачып берүү. Акча албетте керек, бирок эң чоң жетишкендик – чоң ролго татыктуу болуу. Анткени залкарлар жараткан образы менен жүрөгүбүздө калган эмеспи.

– Атаң менен апаң тууралуу билгим келди...

– Атам менин чыгармачылыгыма караманча каршы болчу. Мен башка бир кесипти тандап окуп жаткам. Бирок 1-курстан эле ал кесип меники эмес экенин сездим. Балыкчыда окучу элем. “Кино тартам” десем атам “бул Бишкекке баргысы келип жатат” деп ойлоду окшойт. “Сен Бишкекке жөн эле баргың келсе акча берейин, барып кел. Бирок окууңду таштаба” деп туруп алды. Мен өз оюмдан кайтпай койдум. Экөөбүз он күндөй сүйлөшпөй жүрдүк. Апамды атам экөөбүздүн ортобуздагы тилмеч кылып алганбыз. Атам келип тамакка отурса мен туруп кетем. Аябай көгөрдүм. Акыры атам чындап каалап жатканымды сезди окшойт, бир күнү мындай деди: “Сага мүмкүнчүлүк берейин, бүгүн дүйнөлүк футбол болот. Италия менен Франция ойнойт, мен Зидандын күйөрманымын, ошол үчүн Францияны алам, сен Италияны аласың. Эгерде сеники жеңилсе, мен айткандай болот. Мен утулсам сен каалаган акчаңды алып Бишкекке барып киноңо окуйсуңбу, чокуйсуңбу, өзүң бил” деди. Кол алыштык, апам күбө болду. Футбол башталды. Биринчи голду Франция киргизсе атам жыргап калды. Мен “Италия жеңсе экен” деп ыйлап отурам. Кудайдын деле боору ооруду окшойт, ошондо Италия 5:3 эсебинде Францияны жеңип алды. Сүйүнүп жатам. Атам мелдештен утулуп калып, акчамды берип борборго жөнөткөн. Эми Бишкекке келгеним да бир чоң “концерт” болгон эле.

– Болотбек, азаматсың. Тартып жаткан тасмаңды тартып ал, талкууга айланган тасма болсун. Ошондо сени кайра маекке чакырып, Бишкекке келгендеги “концертиңди” уланталы.

Нуржамал Жийдебаева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Suren
2020-08-17 23:30:00
Жигит эле киши, мынча бетин боёйт тообо.мойну менен бети таза билинип калыптыр
-2
eddi.
2020-08-18 16:44:02
Жакшылаап карасаңар кулагынын тешиги бар экен
0
eddi.
2020-08-18 16:45:03
Жакшылаап карасаңар кулагынын тешиги бар экен
-2
Baktyluumun98
2020-08-18 20:32:35
eddi.,каяктан коруп атасынар?
-2
№ 923, 13-19 август, 2020-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан