(Башы өткөн сандарда)
Учак аэропортко конгондо ойгонуп кеттим. Оор үшкүрүп алдым, бул «оор күндөр артта калды» деген кубаныч жана жеңилденүү эле.
Алдын ала дайындап коюшуптур, учактан түшөрүм менен бир орус жигит тосуп алып ээрчитип жөнөдү. Аэропорттун атайын сыйлуу коноктор, көбүнчө чет элдик делегациялардын өкүлдөрү өтүүчү VIP-коридорунун алдында капкара, айнектери караңгылатылган машина туруптур. Арткы эшигинин айнеги түшүрүлүп, ичинен Арсендин башы көрүндү.
– Секир, каскадёр. Кечир, бул жерде машинадан түшкөнгө болбойт экен,- деп калды. Толуп алыптыр, көздөрү мурункудай эле күлмүңдөп, жүзү жайдары. Баягы мен билген Арсен. Критке жаңы келгенде абалы оор болчу, сакайып чыкканына шүгүр. Унаага отурган соң Арсен менен кучакташа учурашып, божурап өткөн-кеткенди, ал-жайды сурашып бараттык. Арсенди баягы Герик айткан дарыгер айыктырып чыгарыптыр. «1 айда толук бутума тургузуп койду» деп мактап баратты. Адыл ага бул жакка келгенден бери эс алууда экен. Каныш апа мурункудай эле үй иштери менен алек экенин айтты. Асел жөнүндө негедир унчукпады. Балким, атайын мени сынап жаткандыр.
Үйгө жеттик, Адыл ага, Каныш апа, Асел үчөө дарбазадан тосуп алышты. Адыл ага колумду бекем кысып өзүнө тартып кучактады. Көкүрөк тийгизе амандашып, далымдан таптап койду. Кандай азаптарды башынан өткөрсө да сынын бузбаптыр кайран киши. Дагы эле баягыдай сүрдүү, олуттуу, зыңкыйган бойдон экен. Каныш апа маңдайымдан өөп, айланып-кагылып жатты. Асел да моюнума асылып, бир топко турду. Дасторконго отурган соң Адыл ага сөз баштады.
– Самат, сени биринчи көргөндө эле олуттуу жигит экениңди сезгем. Командама да ошон үчүн кошком. Болбосо, ал кезде менин жаныма анча-мынчалар даай алчу эмес. Сени тандап жаңылбаптырмын. Мени бир эмес, бир нече жолу өлүм оозунда жаткан жеримден сууруп чыктың. Сен болбосоң, азыр тирүү жүрөт белем, бир Кудай билет.
Сөзүнүн ушул жерине жеткенде Адыл аганын үнү калтырап кетти. Карасам, көздөрү жашылдана түшүптүр. Эч кимибиз сөзүн бөлбөдүк, күттүк. Бир саамга токтоло калган Адыл ага сөзүн андан ары улантты.
– Эми мындай, Самат. Сага сый көрсөтүүгө уруксат бер. Акча, байлыктан тышкары ортобузда ага-инилик мамиле сакталып калса дейм. Бир тууган болуп калдык. Кааласаң бул жактан үй алып берейин, жакындарыңды алып келип ал. Кааласаң Кыргызстандан үй сатып ал. Бизнес түптө, керектүү акчаны мен берем. Айтор, эми өз жашооңду башта. Тандоо өзүңдө, шашпай ойлонуп жообуңду айт,- деди токтоо.
– Макул, ойлонуп көрөйүн.
Тамактанып отурдук. Адыл ага өткөн күндөрүн, айрыкча ооруп кароосуз сарайда жаткан учурун толкунданып эскерип отурду. А менин оюмдун баары Аселде болуп жатты. Мурдагыдан токтоо тартып калыптыр, улам көздөрүбүз чагылыша түшүп жатты. Муну жанымда отурган Арсен байкап калыптыр. Акырын мен жакка ыктап, кулагыма шыбырады:
– Жигит, тойго аз калган окшойт?
– Кайсы тойду айтасың?
– Билмексен болбой эле кой, көздөрүңөр эле айтып турбайбы.
– Жөн отур эми, анан сүйлөшөбүз.
Ал күнү түнү менен ойлонуп чыктым. Критте калсамбы же Кыргызстанга кетсемби. Бул жакка келүүгө апамдын көнүшү да кыйын, «кой, балам, бөтөн жер, бөтөн элде басынып жашап эмне азап мага? Кудай өз айылымдан айрыбасын» деп айтары турган иш. Греция эмес, өзүбүздүн Бишкекке барса бир жума араң чыдайт апам. Өткөндө эле сүйлөшкөнүмдө да Кыргызстанга качан барарымды сураган. Апамды айылга таштап, бул жакта кантип жашамак элем? Акыры мекениме кетүүнү туура көрдүм. Адыл аганын көмөгү менен бир бизнес түптөп алсам, калганын дагы көрө жатарбыз. Ушундай ойлор менен алпурушуп жатсам бөлмөмдүн эшиги чертилип калды, Арсен экен. Жүзү олуттуу, жаныма келип креслого отурду.
– Ошентип, Аселди сүйүп калдым дечи?
– Арсен, сенден сыр жашырып мүмкүн эмес го. Ооба, сүйүп калдым, досум.
– Тагдырды кара, мен да сүйөм.
– Кимди?
– Кимди болмок эле, Аселди да.
– Бул тамашаң өтпөй калды, башкасын ойлоп тап,- жүзүнө карасам Арсендин тамашалашкандай түрү көрүнбөйт.
– Ал меники болот, а сен Кыргызстаныңа тынч жөнөй бер.
– Кимдики болорун сен чечпейсиң!- өзүмдү кармай албай калдым, үнүм калтырап жиним келе түшкөнүн билдирип койдум. Арсен каткырып калды.
– Кантер экен десе! Үтүрөңдөп кеттиң го тим эле.
– Кечир, Арсен.
– Эч нерсе эмес, анан кандай пландар?
– Билбейм, Аселге сезимдерим тууралуу айта элекмин. Батына албай жатам.
– Учуру келди анда. Ал деле сага кайдыгер эмес өңдөнөт, жана чай үстүндө байкап калдым.
– Билбейм.
– Билбейм деп отура бер анда! Эртең бирөөнү таап кетсе өкүнүп жүрбө. Жигит деген арыдан-бери болуш керек го. Жардам керек болсо кайрыла бер,- деп күлдү. Ушуларды айтып Арсен бөлмөдөн чыгып кетти. Сөзүндө калет жок эле. «Эртең» дедим ичимден. Эртең сөзсүз бир айласын табам.
Эртеси кечинде Аселге сейилдеп келүүнү сунуштасам макул болду. Жакын жерде чакан көл бар, кечкисин ал жерде эки-экиден кайыкка түшүп алып ары-бери сүзүшөт. Адатта, сүйүшкөндөрдү көп жолуктурасың. Жергиликтүүлөр бул жерди "Сүйүү көлү" деп аташат. Асел экөөбүз да бир кайыкка отуруп көлдү ортолой сүзүп жөнөдүк. Ар кайсыны айтып тамашалап, бирок сезимим тууралуу айтарда эле тилимди жутуп алып жаттым. Акыры сөздүн четин чыгардым.
– Асел...
– Оу?
– Мен сага көптөн бери бир нерсе айтайын деп айта албай жүрөм.
– Билем,- күлүп койду.
– Эмнени?..
(Уландысы кийинки санда)