АТАКТУУЛАР КАНТИП БАЙЫШАТ?

Шоу-бизнеске аралашып, популярдуулукка ээ болгон жылдыздар туралуу маалыматтар элдин көңүл борборунда болуп келээрлиги анык. Анын сыңарындай, атактуулардын шоу-бизнестен тышкаркы иштери, кандай жол менен байып жатышкандыктары да окурмандарды көңүлкош калтырбаса керек...

Мадонна
Жылдызы бийиктен жанган Мадонна атайын иликтөөнүн жыйынтыгында байлыгы боюнча Опра Уинфри, Жоан Роулинг жана Марта Стюарттардан кийинки 4-орунда тураары маалым болду. Орточо эсеп менен анын байлыгы 325 миллион долларды түзөт. Албетте, «ырчылыктын арты менен мынча байлыкты топтоого мүмкүнбү?» деген суроо сиздин оюңуздан орун алгандыр. Буга жылдыздын башка бизнестеринин тиешеси бар дейт элек.
Эки баланын мээримдүү энеси Мадоннанын кичинекей балдарга болгон мамилеси өтө эле жакшы экендигинен кабарыңыз бар болсо керек. Алардын тилин жакшы түшүнгөндүктөн, ырчы 2004-жылы «Англия розалары» деген аталыштагы жомок китебин чыгарат. Китеп 1 миллион тиражда басылып, 30 тилге которулуп, дүйнөнүн 100дөн ашык өлкөлөрүндө жарык көрөт. Ал эми кирешесине көз чаптырсак, анын китептери Англиянын китеп дүкөндөрүндө эле жумасына 10 миңдеп сатылып тургандыгы аныкталган. Бул миллиондогон киреше экендигинин далили эмеспи. Ал гана эмес, үстүбүздөгү жылдын январь айында балдарды сүйөөрүн дагы бир ирет далилдеп, балдардын кийимдер коллекциясын жана жомоктогу каармандарды чагылдырган жумшак оюнчуктарды чыгарган эле.
Реклама жагынан киреше тапканын айтсак, 2005-жылы парфюмериялык ири компаниялардын бири менен келишимге кол койгон. Ошентип, өз аты менен атырдын аталышына уруксат бергендиги үчүн Мадонна 9,6 миллион долларга ээ болгон. Ошондон тартып бүгүнкү күнгө чейин ал атырды колдонуучулардын саны өсүп келатат.
Ырчы өзүнүн аты менен чыгарылган шараптардан да киреше табат. Андай шараптардын бир шишеси 38 евро турат. Мындан тышкары, ырчы атактуу «H&M” («Hennes & Mauritz») компаниясы менен биргеликте модалуу кийимдерди чыгарып келет. Андай кийимдин бирөөсүнүн эле баасы 76 доллардан өйдө турат. Дүйнөнүн 22 өлкөсүндө жайгашкан 1 миң 200 дүкөндү камтыган бул компаниядан түшкөн каражатты жана андан Мадоннанын үлүшүнө түшкөн кирешенин өлчөмүн элестете бериңиз. Айта кетчү нерсе, чыгарылган кийимдер коллекциясы Мадоннанын кийинүү стилине туура келгендиктен, ырчы өзү да концерттерде кийип чыга берээрин айткан.

Жастин Тимберлэйк
Ырчы жашоосунда чоң бийиктиктерди багындырганы анык. Андыктан, жарыкка чыккан альбомдорун сатып, рекламалык багыттагы тасмаларга тартылып, же болбосо жеке концерттеринен каражат таап келаткандыгы айтпаса да белгилүү. Капчыгына каткан акчасынын жалпы саны болжол менен 300 миллион долларды түзөт.
Киреше апкелүүчү башка булактарына келсек, Жастиндин Европанын ири шаарларында ачкан «Southern Hospitality» деген аталыштагы ресторандары бар. Ал гана эмес, өзүнүн жакын досу Трэйсом менен биргеликте «William Rast» маркасындагы улуу муундагы мырзаларга арналган кийимдердин түрүн сатыкка чыгарган жагы да бар. Бул кийимдердин орточо баасынан мисал келтирсек, жайкы футболкалардын баасы 23-59 долларга, жинсы шымдардын наркы 150-250 долларга чейин жетет. Ал эми чыгарылган кийимдин сатылгандан кийинки жыйынтыгы көкөлөгөн абройдон тышкары киреше алып келээри белгилүү.

Мэрайя Кэри
Байлыгы жагынан 225 миллион долларга ээ Мэрайя Женнифер Лопес менен бир деңгээлде турат. Бул дүйнөлүк ырчы кыз карьерасында жараткан ийгиликтеринин артынан жетишээрлик өлчөмдө байлык топтоого жетишкен. Бирок, алгач кыйынчылыктар да болгон. Айтсак, 1998-жылдары чыгармачылыгында бир аз тоскоолдуктар болуп, киреше тапмак түгүл чыгымдарга учураган. Антсе да мындай турмуш кысымдарына баш ийүүнү ойлоп да койбогон ырчынын иши 2005-жылы «The Emancipation of Mimi» деген альбому чыккандан кийин илгерилей баштайт. Анткени, альбомдогу ырлары хитке айланып, жыйнак 160 миллион тиражда чыгарылып сатылат.
Муну менен чектелбей «Pinko» мода үйү менен келишим түзүп, келишимдин негизинде аталган мода үйүнүн чыгарган жинсы кийимдерин рекламалап, 10,5 миллион евро киреше табат. Кийинчерээк ошол эле мода үйү менен биргеликте жаш кыз-келиндерге арналган модалуу кийимдерди чыгара баштап, анда да кирешеге туйтунат. Дагы бир бизнес булагын ачуу максатында Мэрайя башка белгилүү ырчылардай эле атыр каражаттарын чыгарууга да жетишет. Тактап айтканда, «Elizabeth Arden» деген атактуу парфюмериялык фирмасы менен келишим түзүп, анын негизинде «Мэрайя Кэри» жаңы атыр маркасын чыгарат. Аталган атыр түрү үстүбүздөгү жылдын жаз айларынан баштап дүйнөнүн эң ири делген дүкөндөрүндө сатыкка чыккандан бери ээсине киреше алып келүүдө.

Опра Уинфри
Белгилүү телеалпаруучу Опра Уинфринин байлыгы жөнүндө сөз кылсак албетте, таң калбай койбойсуз. Анткени, эфир жылдызы болуп канчалык көп айлык алса да, мындай деңгээлге жетиш мүмкүн эмес экендигин сезесиз.
Бардыгы өз кесибине байланыштуу долбоорлорду түзүп, масс-медиа жаатында бизнес иштерине кадам таштаганда башталган. Алгачкы иши 1988-жылы өзүнүн жеке «Харпо Энтернтейнмент Груп» деп аталган фирмасын ачуу болот. Ушинтип бизнестен түшкөн алгачкы 20 миллион долларга Чикаго шаарынан аянты 9 миң квадрат метрди түзгөн киностудия сатып алат. Бул жерден бат эле популярдуулукка жеткен шоу берүүлөрүн тарттырууга өтөт. Мындан тышкары, Америка менен кошо 64 өлкөнүн талабына жооп берген кызыктуу шоу көрсөтүүлөрдү даярдап таратат. Бир аз кийинчерээк документалдык кинолорду тарттырып, телеканалдарга сата баштайт. Ушундай жол менен жүрүп отурган Опра 2000-жылы «O, The Oprah Magazine» деген аталыштагы 2 миллион тираждуу журнал ачып, басма сөз тарыхына жаңылык киргизет. Андан тышкары, Опра акчасын кыймылсыз мүлк багытына да жумшайт. Атап айтканда, Чикагодо «Эксцентрик» аттуу ресторан ачат. Андан көп узабай кабелдүү телеканал сатып алат. Түшкөн кирешелерин айлантууга гана салбастан өз кызыкчылыктары үчүн да жумшап, буга чейин деңиз жээгинен 50 миллион долларга турак үй, Колорадо штатынан 4,3 миллион турган ранчо, «Челленджер 601-ЗА» реактивдүү самолётун, Индиана штатынан жеке ферма, булардан сырткары 4 коттедж, особнякты сатып алган. «Мынча байлыкты табуунун сыры эмнеде?» деген суроого Опранын адвокаты, жеке кеңешчиси Жеффри Жекобс: «Опра өзү күчтүү айым. Бир гана өзүнүн сезүү туюмуна, акылкөйлүгүнө таянып, ушул деңгээлге жетип отурат. Ал жүргүзүп жаткан канча деген ар тармактуу иштеринин көптүгүнө карабай 86 гана кызматкерди ишке алган»,- дейт. Опра Уинфринин жалпы байлыгы 1,5 миллиард долларды чапчыйт.

Женнифер Лопес
Бир киного тартылгандыгы үчүн 15 миллион доллар тегерегиндеги киреше таба тургандыгына карабастан, белгилүү ырчы жана киноактриса Женнифер Лопес да бизнес менен алектенет.
Анын «The Warnaco Group» компаниясы менен биргеликте чыгарган «JLO Lingerie» деген маркадагы ич кийимдер коллекциясы 2004-жылдын күз айларынан баштап сатыкка чыга баштайт. Андан көп узабай үйгө кийилүүчү кийимдердин түрлөрүн дагы чыгарууга жетишет. Женнифер Лопестин эң негизги бизнестеринин бири – бул «Glow by J.Lo» деп аталган атырлары. Алгач «Glow» деген атыр чыгаруучу компания менен ат талашып, бир топ чыр-чатактарга кабылат. Анан «Glow» аталышына өз атынын кыскартылган түрүн кошот. Азыр «Glow by J.Lo» атырлары бардык айымдардын талаптарына жооп берген атыр катары дүйнөдө популярдуу.
Мындан тышкаркы кирешени Женнифер Калифорния штатынын Пасадена шаарында ачкан “Madres” деген чоң ресторанынан алат десек болот. Жалпысынан алып караганда, Женнифер байлык жагынан дүйнөлүк рекорд койбогону менен жалпы кирешесинин саны 225 миллионго жетип, эң күчтүү жана бай айымдардын катарында келет.

Жерар Депардье
Франция эли башынан эле шарапка жакын болоорун билсеңиз керек. Белгилүү актёр Жерар Депардье дагы француз элинин мындай табитин баамдап, өзүнүн жеке бизнесин дал ушул багытта баштаган. Алтургай өз кесибинен бир аз алыстап, жылына болгону 2-3 жолу гана киного тартылып, бизнесине көбүрөөк көңүл бура баштаган. Алгач «чоң адам чоң иш аткарат» дегендей, киного тартылгандан алган гонорарларын чогултуп, бизнесин кеңейтүү багытында 40 гектар жер сатып алат. Бул аянтка жүзүм эгип, андан шарап даярдап чыгарууга киришет. Алгачкы кадамы ийгиликтүү болуп, бир жыл ичинде Жерардын 500 миң тегерегинде бөтөлкөдөгү шарабы сатылат. Ошентип, бизнеси акырындап кеңейип, миллиондогон кирешелерди алып келе баштайт. Мындан тышкары, Жерар Париж шаарында «La fontaine Gaillon» деген ат менен өзүнүн жеке ресторанын ачат. Учурда мында бир жолу түштөнүү үчүн 36 евро талап кылынат, ал эми кечки тамактануу шарабы менен кошо 70 еврого айланат. Франциянын улуттук тамактары менен бирге деңиз азыктарынан даярдалган деликатестерди да аталган ресторандан табууга болот. Актёрдун келечекте Парижден тышкары Женева (Швейцария) жана Лондон шаарларына да ушундай чоң ресторандарды ачуу пландары бар. Демек, келечекте байлыгы жагынан баарынан озуп кетпесе да, артта калбайт.

Даярдаган Чолпон Сүйүнбаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 237, 18-24-май, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан