КОРОНАВИРУСТАН АЙЫККАН СОҢ ӨПКӨНҮ КАЛЫПКА КЕЛТИРҮҮ

Коронавирустун орточо жана оор түрү менен ооруп, айыгып чыккандар белгилүү бир мезгилге чейин демигип жатканын айтышууда. Демек, оорудан кийин өпкөнүн иштешин калыпка келтирүү керек. Бул жаатта кандай ыкмалар бар, эл эмнелерди билиши зарыл? Тиешелүү адистерге кайрылдык.

"ӨПКӨНҮ КАЛЫБЫНА КЕЛТИРҮҮ ҮЧҮН 1 АЙДАН 2 ЖЫЛГА ЧЕЙИН УБАКЫТ КЕРЕК"

Мукаш Бейшенбаев, Онкология жана гематология Улуттук борборунун торакалдык бөлүмүнүн башчысы:

– Оорунун залакасы канча убакыт сакталарын билүү үчүн бир нече жылдык изилдөөлөр керек. Коронавирус адамга жугуп, жайылганына 8 айдай гана убакыт болду. Андыктан аны менен ооруп айыккандан кийинки залакасын изилдөөгө жетишерлик убакыт боло элек. Антсе да кытайлык жана европалык окумуштуулар өпкөсүнүн 30 пайызы пневмонияга чалдыккандар толук калыпка келүүсү үчүн 1-3 айга чейин убакыт керек дешет. Булардын айрымдарында айыккандан кийин деле демигүү, алсыроо кала берет.

Өпкөсүнүн 30-50 пайызы пневмонияга чалдыккандар калыпка келүүсү үчүн 6 айга чейин убакыт керектелет. Буларга врач дары-дармек, анын ичинде канды суюлтуучу дары жазып бериши мүмкүн. Өпкөсүнүн 50 пайыздан ашыгы пневмонияга чалдыккандарга калыпка келүүгө 2 жылдай убакыт керек. Буларга врач дары-дармектерди сунушташат.

Ал эми коронавирустан улам пневмонияга чалдыккан, өзүнүн өнөкөт оорусу барларга, мисалы, бөйрөк, боор, жогорку кан басым, кант диабети барлар, мурда инсульт, инфаркт алгандарга тиешелүү врачтар дары-дармектерин жазып берип, көзөмөлгө алышат. Буларга ден соолукту чыңдоочу көнүгүүлөр, психотерапия кошо чектелет.

Коронавирус пневмониясы менен ооругандардын өпкөсүн, кошо жабыркаган башка органдардын, жалпы эле саламаттыкты калыпка келтирүү өтө маанилүү. Себеби кийин вирус инфекциясынын башка түрү менен ооруганда организм оор абалга дуушар болушу мүмкүн. Коронавирустун орточо жана оор түрү менен ооругандар колдон келсе курорттук-санаториялык дарылануу алышса жакшы. Окумуштуулар сасык тумоого, пневмококко каршы эмдөө алууну да сунушташат.

"МУЗДАК СУУГА ТҮШПӨ, ПНЕВМОНИЯ БОЛОСУҢ!"

Пневмония болуп айыккандарга көл, бассейн, мончого түшүү сунушталбайт. Өпкө калыпка келгиче муздак сууга бутту гана салууга болот. Анткени пневмониядан кийин өпкө менен кошо ийин, моюн шамалга, муздакка өтө сезимтал болуп калат. Андыктан муздак сууга түшкөндө кайрадан пневмония болуп калуу коркунучу чоң. Ысык мончого түшүп чыгары менен шамалга урунса ийин булчуңдары тырышуусу мүмкүн. Жылуу душка гана түшүп, дароо курганып аарчынуу керектигин эске алыңыз.

Коронавирус ички органдарды да өзгөрүүгө дуушар кылгандыктан муздак суудан бөйрөккө суук тийиши мүмкүн. Кондиционерди да абайлап колдонууну сунуштайт элем. Себеби ал да кайрадан пневмонияны жаратышы ыктымал.

ҮЙ ШАРТЫНДА КАЛЫПКА КЕЛҮҮ

Эсенаалы Сарыков, “Esen clinic” реабилитациялык борборунун директору:

– Биз сунуштай турган нерселер коронавирустун жеңил түрү жана өпкөсүнүн 30 пайызы гана пневмонияга чалдыгып (бирок фиброзу жок) айыккандарга сунушталат. Айыккан соң 14 күн эч кимге аралашпастан, реабилитацияны баштоо керек.

1. Сейилдөө.

Бакча ичинде, өзгөчө карагай, арча, кедр сыяктуу дарактар өскөн сейил бактын, токойдун ичинде сейилдөө жакшы. Анткени ийне жалбырактуу дарактар микробдорду өлтүрүүчү фитонициддерди бөлүп чыгарат. Андан тышкары алар бөлүп чыгарган эфир майы кычкылтекке аралашканда озонду пайда кылат. Озон болсо дем алууну жеңилдетет.

2. Велосипед тебүү

Алгач кыска аралыкка тебүү, демигүү жаралса эс алуу.

3. Скандинавия жүрүшү

Алгач дөңсөө, ой-чуңкуру жок түз жолдо 2 таяк менен 10-15 мүнөт басуу керек. Акырындап убакыт кошууга болот.

4. Жөө басуу

Абасы таза жерде колду шилтегилеп басуу. Алгач 15 мүнөт басуудан башталат. Демди бир калыпка салуу маанилүү.

5. Йоганын жеңил көнүгүүлөрү менен машыгуу.

Эскертүү: эч качан өпкөгө оордук келтирип, өзүңөрдү кыйнабагыла. Болбосо өпкөнүн абалын ого бетер оорлотосуңар.

ӨПКӨГӨ ТААСИР ЭТЧҮ КӨНҮГҮҮЛӨР

Көкүрөккө массаж жасоо

Көкүрөк туштун алды жана арт жагына акырындан массаж жасоо. Ийин, моюн, колдон келсе белге да массаж кылса жакшы. Массажга барбайм дегендер үйдөн жакындарына колдорунун кыры менен жеңил чапкылатып жасатса болот. Муну аптасына 3-4 ирет жасоо сунушталат.

Эскертүү: электр менен иштей турган укалоочу приборлорду колдонбоо керек. Ал алсыз организмдеги нервдерди ашыкча дүүлүктүрүп, чыңалтып, башты оорутат, көңүлдү айлантат.

Көкүрөк булчуңдарды чоюу

Колду артка алып, бириктирип кармайбыз. Көкүрөктү алдыга, колду болушунча артка керебиз. Ушундай абалда 20-30 секунд карманыңыз. Кайра баштапкы калыпка келип, көнүгүүнү кайталайсыз. Бир күндө 4-5 жолу, 5-7 мүнөттөн жасалат.

Жатып жасалчу көнүгүү

Чалкадан түз жатып, эки бутту тизеден бүгөбүз. Бир кол көкүрөккө, экинчи кол курсакка коюлат. Мурун аркылуу дем алганда курсак көөп көтөрүлүп, ооз аркылуу дем чыгарганда курсак ылдый түшүшү керек. Бул 5-7 мүнөттөн бир күндө 4-6 ирет жасалат.

Дем алуу, дем чыгаруу

Мурун аркылуу дем алып, демди ичте 10 секунд кармап туруу керек. Анан демди ооз аркылуу акырындык менен чыгаруу сунушталат. Бул 5-7 мүнөттөн, бир күндө 4-6 ирет кайталанат.

“ДААМ, ЖЫТ СЕЗБЕЙ КАЛУУ – МЭЭНИН ЖАБЫРКАШЫ”

Сурмакан Алыбаева, Кыргыз илим изилдөө курортология жана калыбына келтирүү институтунун физиотерапия бөлүмүнүн башчысы:

– Коронавирустан өпкө эле эмес, мээнин клеткалары, боор, бөйрөк, жүрөк, булчуңдар, кан тамырлар да жабыркайт. Реабилитация ушул органдардын баарын калыпка келтирүү үчүн керек.

Коронавирус менен ооругандан кийин бат чарчап, шалдырап жатам дегендер көп. Эч нерсеге көңүлү келбей жата берсе, адамдын өзүнө зыян кылып жатканы. Канчалык реабилитация эрте башталса, жыйынтык ошончолук жакшы болот. Оорудан улам жасалма дем алдыруучу аппаратка жатып чыккандар бар. Алардын аппараттан улам тамактары ооруп, үндөрү да канчалык бир деңгээлде өзгөрүп калган учурлар кездешет. Алар кандагы кычкылтектин жетишсиздигинин азабын тарткандыктан бат чарчап, алсырап калышат. Бул абалына карабай ордунан туруп басууга, таза абада болууга аракет кылуусу керек.

Коронавирус менен ооруганда даам, жыт билбей калдым дегендердин мээсинин клеткаларын вирус жабыркаткан болот. Вирустан кийин дем кыстыгуу, буттун титиреши, өпкө же жүрөктүн тушунда оор бир нерсе басып тургандай болсо, булчуңдар тырышса, жүрөгү бат-баттан согуп жатса, анда ал адамга реабилитация сөзсүз керек.

“ТУУРА ТАМАКТАН, ӨПКӨГӨ ЖАРДАМ БЕР!”

Таалай Акматов, Мамбет Мамакеев атындагы хирургиялык борбордун директору, торокалдык хирург:

– Коронавирустан кийин калыпка келүүдө туура тамактануу, тамакты аз-аздан кылып бир күндө 5-6 маал тамактануу сунушталат. Анткени коронавируста ички органдар да жабыркагандыктан көп тамак жеп күч келтирбөө керек.

Жеп-ичкенге болбойт: куурулган, ышталган, туздалган тамак-аштар. Ошондой эле ичеги-карынга күч келтирүүчү торт, пирожный, таттуу булочка, алкоголдук ичимдиктер;

Өпкөгө пайдалуу тамак-аштар: Эң баалуусу – Омега 3 май кычкылы. Ал пальтус, лосось, тунец, сардина балыктарында жана зыгыр майында көп.

D витамини да өтө керек. Ал өзгөчө белок болуп эсептелген кателицидиндин бөлүнүп чыгышын шарттап, организмге түрдүү инфекция жана сезгенүүгө каршы күрөшүүгө жардам берет. Аталган витамин жумуртканын сарысында, балыкта, устрицада, уйдун боорунда, сүт жана сүт азыктарында бар. Малдын жана канаттуунун семиз эмес этин жеш керек. Кымыз ичсе да болот, бирок ал жогорку кан басым, ашказан жана ичеги жарасы, геморрой, кант диабети, псориаз, панкреатит сыяктуу оорусу барларга болбойт.

Айтып кетчү нерсе – коронавирустан кийин ашказан, ичеги ысык-суукка абдан сезимтал болуп калгандыктан өтө ысык жана өтө муздак ичпөө зарыл.

Канымжан Усупбекова
densooluk@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Nuri1988Elim2010
2020-08-19 11:04:30
Миң наалат чоң курсактар силерге.
Азыр жолдошумдун анализи таза чыкпады деп жатышат, бирок анализдин жыйынтыгын колубузга берген же көрсөткөн жок, телефондо эле айтып коюшту, мындай караганда эмне болуп жатканын түшүнбөй жатабыз. Өзү оорубай эле жакшынай эле жүргөн. Жумушка кетейин деп тапшырган анализ. Же жумуш жок, же башка жок, продукта эле майда Чүйдө нерселер.
0
№ 923, 13-19 август, 2020-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан