«ЭМГЕК БАРДА ӨНМӨК БАР»

Улуттук байланыш оператору – Megacom’ду жетектеп келе жаткан Акылбек Жамангулов бүгүн биздин каарман. Бул инсанга кайрылганыбыз да жөн жерден эмес. Өлкөнү сапаттуу уюлдук байланыш менен камсыздап, өлкө казынасына ири киреше түшүрүп жаткан компанияны 30 жаштын кырындагы жаш, дымактуу мырзанын ийгиликтүү башкарып жатышы үлгү болчу жагдай. Акылбек мырза менен Megacom’дун элге тартуулап жаткан кызматтары, жетекчиликтин иши, келечек тууралуу кеңири баарлаштык.

– Өлкөдөгү эң чоң компаниялардын бирин башкарып, 1500дөн ашуун кызматкердин үстүнөн жетекчилик кылуу канчалык оор?

– Бул, албетте, чоң жоопкерчилик. Мен бул кызматка дайындалардын алдында өзүмө «канчалык деңгээлде ушул артылган ишенимди актап, эл алдында жүзүм жарык иш алып бара алам? Кызматкерлердин алдында уят болбой, ишти алдыга жылдырып алып кете алам?» деген суроо койгом. Жоопкерчиликти сезүү менен акыркы 1 жарым жылдан бери ушул кызматта эмгектенип келе жатам. Бул аралыкта акырындан болсо дагы алгылыктуу иштерди жасап, жылыштар болуп жатат десем болот.

– Жамаат кандай кабыл алды?

– Мекеме өзү чоң. Ошол себептен чоң жамаатта ар кандай ой-пикирлер болот. Мен бул кызматка депутаттыктан кийин келдим да. Анан биздин коомдо саясатта жүргөн адамдарды негативдүү кабыл алуу стереотиби түптөлүп калган. Ошол себептен болсо керек, жамаат ичинде «бул саясаттан келе жатат, эми биздин компания кандайдыр бир мамлекеттик мекемеге айланып калса керек. Келечекте бизди «банкрот» болуу күтүп жатат. Башка бир жеке менчик ишканалардан жумуш караштыра берели» дегенге чейин барган кызматкерлер болду. Бул күтүлүп жаткан нерсе болчу. Ошол себептен мен алгач жамаат менен жакын, тыгыз иштешүү, өзүмө тартуу жана аларда ишенимди пайда кылуу максатында стратегиялык өзгөрүүлөрдү киргизип иштеп баштайлы деген максат койдум.

– Азыр деле саясаттагы жаңылыктарга кызыгып окуп турасызбы?

– Бул жакта саясатка кызыгып отурууга убакыт жок. Мисалы, саясатта жүргөндө өкмөттө кандай өзгөрүүлөр болуп жатат, саясат кандай нукка бара жатат, парламентте ким эмне деп сүйлөп койду деп улам бир жаңылыкты ачып маалымат ала бересиң. Ал эми бул жерде мен бир аптада бир, эки жолу интернетти карап жаңылык окуп коюшум мүмкүн, убакыт болбосо карабайм деле. Анткени чарбалык, стратегиялык иштерден, жолугушуулар, чогулуштардан колум бошобойт. Өндүрүш, курулуштар, базалык станциялар, абоненттер менен иш алып баруу иштери толтура. Биздин тармакта биз жалгыз эмеспиз. Башка да 3 гигант байланыш оператору бар. Алар жеке менчик компаниялар, ошого жараша инвесторлору абдан чоң десек болот. Алар менен теңтайлашып, мамлекеттик компания болсо дагы алардан артта калбай, тескерисинче алдыңкылардан болуу – биздин максат.

– Мамлекеттик компания болуп туруп, жеке менчик компаниялар менен атаандаштыкта иш алып баруу оор эмеспи? Себеби мында өкмөттүн түздөн-түз кийлигишүүсү бар да...

– Megacom компаниясы жаңы түзүлгөндө жеке менчик компания болгон. Ошондо эле түзүлүшү, негизги скелети жумуштун саясатын жүргүзүү сыяктуу маселелер туура багытта түзүлгөн деп эсептейм. Анан ортодо саясат, төңкөрүш болуп кетип, компания 100 пайыз мамлекетке өттү. Бирок башындагы туура систем позициясын жоготкон жок. Албетте, тоскоолдуктар болот, ар кандай мыйзамдарга ылайык иш алып барууга туура келет. Мисалы, компания тууралуу жөнөкөй эле видеоролик тартыш керек болсо, биз тартуучулар арасында тендер жарыялайбыз. Бул үчүн убакыт, каражат бөлүү сыяктуу мүчүлүштүктөр жаралат. Бирок ошого карабай биз башка байланыш операторлору менен теңтайлашып келе жатабыз. Мен келгенде биздин компания абоненттик базасы, киреше жагынан дагы акыркы орунда болчу. "Эмгек барда өнмөк бар" демекчи, азыр буюрса, биринчи орунга жакындап калдык десем болот.

– Буга чейинки сиздин эмгек жолуңузда жеке менчик ишкананы башкаруу тажрыйбасы бар. Азыр эми мамлекеттик мекемени башкарып жатасыз. Кайсынысы жеңил болот?

– Албетте, жеке бизнести башкаруу жеңилирээк болот. Анткени ал жактагы жоопкерчилигиң башкачараак. Мисалы, мамлекеттик жумуштагы жоопкерчилик бүгүнкү күн менен эле чектелбейт. Азыр жасап жаткан ишиң үчүн 5 күн иштесең да, бир жыл турсаң да, алдыда 10-20 жылга жоопкерчилик алган болосуң. Менин өз принцибим бар. Бул жерде мен жалгыз иштеген жокмун да, жамаат чоң, аркабызда канчалаган кызматкерлер, алардын үй-бүлө, бала-бакырасы бар. Жетекчинин туура эмес бир эле кадамы менен ошончо адамдын келечегине доо кетип калышы мүмкүн. Бул болуп жаткан нерсе, мисалы, акыркы 5-10 жылда мамлекеттик кызматта иштеген мен-мен деген кызматкерлер, мансап менен чоң кызматтарды ээлеп тургандар башкача бир саясий чечимдери, жасаган кадамдары үчүн жоопкерчилик тартып жатышат. Мындай нерселер баарыбызга сабак болушу керек. Ал эми жеке бизнес – бул бирөөнүн менчиги. Ал өз акчасын кандай сарпташты өзү чечет. Убагында салыкты төлөп, мыйзам бузбаса иш жүрүшө берет. Бул жер мамлекеттик мекеме болгондуктан жоопкерчилик башкачараак.

– Маегибиздин нугун компанияда жасалып жаткан иштерге бурсак. Учурдагы пандемияга байланыштуу кызматкерлер кандай шартта иштеп жатышат?

– Азыркы кырдаалга байланыштуу кызматкерлерибиздин 80 пайызы үйдөн иштөө шартына ыңгайлашып, иш алып барышууда. Биз IT компания болгондон кийин үйдөн иштөө кызматкерлер үчүн дагы, компаниянын иши үчүн дагы тоскоолдук деле жараткан жок, муну менен катар ишибиз дагы эч кандай үзгүлтүккө учураган жок.

– Google, Amazon сыяктуу дүйнөлүк ишканалардын кызматкерлери пандемия токтосо деле үйдөн иштей берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Келечекте сиздер ушундай кадамга барасыздарбы?

– Биз бул кадамга бара жатабыз. Эпидемиологиялык кырдаал жоюлгандан кийин деле IT кызматкерлерибиздин 80 пайызын этап-этап менен аралыктан иштетип көрөбүз. Бул биринчи кезекте мамлекеттик компаниянын ресурстарын үнөмдөөгө шарт түзөт. Дүйнөлүк тажрыйбада колдонулуп, натыйжасын берип келе жаткан жаңычылдыктарды иш процессине киргизүү жаңыланууларга алып келет.

– Мамлекет тарабынан жаштарды колдоо биздин өлкөдө жокко эсе. Megacom компаниясынын жамаатынын басымдуу бөлүгү жаштар деп калдыңыз. Мамлекеттик мекеме катары жаштарды колдоо иштери жүргүзүлүп жатабы, долбоорлор барбы?

– Биздин компания жалгыз эле каражат табууну көздөбөйт. Акыркы 3 жылдан бери социалдык маселелерге дагы олуттуу кайрылып, иштерди жасап келе жатабыз. Ооба, биздин келечектен уучубуз куру эмес. Өсөлү, өнүгөлү деген патриот, демилгечил жаштарыбыз абдан көп. Социалдык жооптуу мекеме катары сентябрь айында өзүбүздүн IT-мектебибизди ачуу алдында турабыз. Имаратыбыздын колдонулбаган бөлүктөрүн реконструкциялап, заманбап шарт түзүп, эгер кырдаал турукташып калса алгачкы билим алуучуларды кабыл ала баштайбыз. Же болбосо шартка карап онлайн форматта деле окутууларды жүргүзүп баштай беребиз. Муну эмне үчүн ачып жатабыз? Биринчиден, биз компанияга керектүү кадрларды өзүбүз даярдай алабыз. Экинчиден, Кыргызстандын IT рыногуна ушул багыттагы кызматкерлерди даярдоо. Үчүнчүдөн, чет өлкөдөн каражат табыш үчүн, тажрыйба алышы үчүн кызматкерлерди даярдоо. Жакшы окуган кызматкерлердин баарын тең өзүбүзгө алып, жумуш орду менен камсыздайбыз. Мындан тышкары компания Microsoft, Google, ZTE, Huawei, Apple сыяктуу дүйнөлүк деңгээлдеги IT компаниялар менен кызматташтыкта иш алып баруу келишимдерибиз бар. Булар жыл сайын бизге 2-3 орунга чейин квота берет. Ал эми бизде билим алган студенттерде дал ушул дүйнөлүк рейтингдеги компаниялардын кеңселеринде тажрыйба алмашып иштөө, окуу-үйрөнүү мүмкүнчүлүктөрү жаралат. IT-мектептен билим алган студенттерибизге стимул болсун деп жакшы окуган балдардын баарын ошол жактарга жөнөтөбүз деп жатабыз. Ошентип биздин өлкөдөгү жаштарга да миллиарддаган капиталы бар ири компаниялардан тажрыйба алуу мүмкүнчүлүгү түзүлмөкчү.

– Максаттар ишке ашсын, Кыргызстаныбыздын келечеги кең болсун. Маегиңиз үчүн чоң рахмат!

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 923, 13-19 август, 2020-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан