ТОКТОГУЛ ГЭСинде СУУ ЖЫЛДАГЫДАН АЗ, СВЕТ ӨЧПӨЙБҮ?

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү былтыркыга караганда 2 миллиард метр кубга аз. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын өкүлү Улукбек Мамыралиев билдирди. Айтымында, учурда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 14,9 миллиард 411 миллион метр кубду түзөт. Суунун агып кириши секундуна 739 метр куб, чыгышы 345 метр кубду түзүүдө.

“Суунун көбөйүшү жамгырдан эмес, мөңгүлөрдүн эришинен көз каранды. Ооба, быйыл жаанчыл болду, бирок аба ырайы суук болгондуктан мөңгүлөр жакшы эриген жок”,- деп түшүндүрдү Мамыралиев. Адис суу сактагычтагы суу сатылып кетти деген сындарга макул эмес. “Ал жерде видеобайкоо орнотулган, суунун ар бир метр кубу көзөмөлдө”,- дейт ал.

Ал эми Улуттук энергохолдингдин эксперти, "Жогорку Нарын ГЭСтери" мекемесинин башкаруу кеңешинин мүчөсү Чоробай Акунов энергетикалык абал кооптуу эмес деген пикирде: “14 миллиард 411 миллион метр куб суу дурус эле. Кыш мезгилинен чыгуу үчүн сууну ушул деңгээлде сактап туруу керек”.

Жолдубек Качкынбаев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 923, 13-19 август, 2020-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан