2020-ЖЫЛДЫН ЭКИНЧИ ЧЕЙРЕГИНДЕГИ ӨНДҮРҮШТҮК ЖЫЙЫНТЫКТАР

Centerra Gold Inc. («Центерра») компаниясы жана «Кумтөр Голд Компани» (“Кумтөр”) компаниясы 2020-жылдын экинчи чейректеги ишинин жыйынтыктарын чыгарышты. 2020-жылдын биринчи жарым жылдыгында “Кумтөрдө” 325 551 унция1 же 9 229,22 килограмм алтын өндүрүлгөн. Жылдын башынан бери компания 6,46 миллиард сомдон ашык салыктарды жана милдеттүү төлөмдөрдү которду.

COVID-19 ВИРУСУНА КАРШЫ КҮРӨШҮҮ ШАРТЫНДА ИШТӨӨ

“Кумтөр” кендин аймагында COVID-19 вирусунун жайылышына жол бербөө максатында чектөөчү жана профилактикалык иш-чараларды өткөрүүнү улантууда. Эпидемия экинчи чейректе “Кумтөр” операциялык ишмердигинин жыйынтыктарына таасир тийгизбегени менен, коронавирустук инфекция жана Кыргыз Республикасындагы башка оорулардан улам эмгек жамааттын айрым кызматкерлери жумушка келе албай жатканы байкала баштаган. Июль айындагы тоо иштеринин ачылышы толук көлөмдө жүргүзүлбөсө дагы, фабрика штаттык режимде иштеп, кендин кампа запастарын кайра иштетүүнүн эсебинен алтын өндүрүү боюнча пландуу көрсөткүчтөрүн аткара алат деп күтүлүүдө. Компания “Кумтөр” кызматкерлеринин жана жергиликтүү калктын коопсуздугу үчүн зарыл учурларда өз пландарына түзөтүүлөрдү киргизүүнү улантат.

“Кумтөр” аймагында кызматкерлер жашоочу лагер жайгашкан обочолонгон бөлүгү болгондуктан, эмгек жамааттын бардык кызматкерлери, ошондой эле подряддык уюмдардын жумушчулары кендин аймагына келгенге чейин комплекстүү тестирлөөдөн өтүүгө милдеттүү. Тестирлөөнүн жүрүшүндө, 2020-жылдын 21-июлуна карата, COVID-19 вирусу 381 кызматкерден жана подряддык уюмдардын жумушчуларынан аныкталды, бул “Кумтөр” эмгек жамаатынын мүчөлөрүнүн арасында жүргүзүлгөн 8837 тесттин болжол менен 4,3үн түзөт.

ПРОДУКЦИЯЛАРДЫ ӨНДҮРҮҮ ЖАНА САТЫП ӨТКӨРҮҮ

2020-жылдын экинчи чейрегинде “Кумтөрдөгү” алтын өндүрүүнүн көлөмү 173 245 алтын унциясын, ал эми 2019-жылдын ошол эле чейрегинде ал 151 065 унцияны түзгөн. 2020-жылдын экинчи чейрегиндеги белгиленген өсүш, ириде мурда даярдалган кампа запастарынын фабрикага жеткирилүүчү рудада алтындын курамы көбүрөөк, ошондой эле рудадан алтынды ылгап алуунун жогорку коэффициентине байланышкан. 2020-жылдын экинчи чейрегинде фабрикага 84,1% ылгоо көлөмүндөгү 3,95 г/т орточо курамы менен руда берилген, мурунку жылдын ушул эле чейрегинде бул көрсөткүчтөр 3,48 г/т жана 82,3%ды түзгөн.

2020-жылдын экинчи чейрегинде
170 350 унция, же 4 829,34 килограмм алтын сатып өткөрүлгөн. Алтынды сатып өткөрүүдөн жалпы киреше 2020-жылдын экинчи чейрегинде 286,4 миллион долларды2 түздү.

ГЕОЛОГИЯЛЫК ЧАЛГЫНДОО ИШТЕРИНИН ЖҮРҮШҮ

2020-жылдын экинчи чейрегиндеги чалгындоо бургулоо иштери программасын аткаруунун алкагында жалпы узундугу 4633 метрди түзгөн, 15 бургулоо скважинасы алмаз менен бургулоо ыкмасы аркылуу ишке ашты.

Ушул жылдын апрель айында вируска каршы карантиндик иш-чараларды өткөрүүгө байланыштуу, “Кумтөрдөгү” чалгындоо-бургулоо иштеринин программасы убактылуу токтотулган, бирок 2020-жылдын июнь айында кайра жанданды. Тыныгуудан улам бургулоо иштеринин пландаштырылган айрым элементтери 2021-жылга калтырылышы мүмкүн.

Геологиялык чалгындоо иштеринин мүмкүн болгон көлөмү жөнүндө маалыматтар 2020-жылдын күзүндө даярдала турган “Кумтөр” кени боюнча акыркы техникалык отчётко киргизилет.

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МАМЛЕКЕТТИК БЮДЖЕТИНЕ ТӨЛӨМДӨР ЖАНА БАШКА МИЛДЕТТҮҮ ТӨГҮМДӨР

2020-жылдын биринчи жарым жылдыгында Кыргыз Республикасынын бюджетине салыктар, Социалдык фондуна которуулар жана милдеттүү төлөмдөр 6,46 миллиард сомдон ашты.

Эскертме: 2009-жылдын 24-апрелиндеги “Кумтөр” долбоору боюнча жаңы шарттар жөнүндө макулдашууга ылайык, дүң киреше салыгын жана Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондуна салымды эсептөө үчүн негиз катары көрсөтүлгөн мезгилдеги продукцияны сатуудан түшкөн иш жүзүндөгү акча каражаты саналат.

Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фондуна төлөмдөр Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, «Центерра Голд Инк» жана КГК ортосунда 2017-жылдын 11- сентябрда түзүлгөн Стратегиялык келишимине ылайык жана 2019-жылдын 7-августунда каралган Кошумча төлөмдөрдү эске алуу менен жүргүзүлөт.



КОММЕНТАРИЙ

"Центерранын" президенти жана башкы кызмат адамы Скотт Перри 2020-жылдын экинчи кварталы боюнча: “Биз өзүбүздүн бардык ишканаларда COVID-19 вирусуна каршы күрөшүүнүн алкагында анын жайылышын алдын алуу, кызматкерлерибиздин, келишим менен иштеген адамдардын, ошондой эле жергиликтүү калктын ден соолугун жана коопсуздугун камсыздоо боюнча профилактикалык чараларды көрүүдөбүз. Биздин бардык жетишкендиктерибиздин негизги кыймылдаткычы болуп «Work Safe-Home Safe» программабызды кынтыксыз аткаруубуз эсептелет”,- деп комментарий берди.

«Кумтөр» менен «Маунт Миллиган» ушул чейректе мыкты өндүрүштүк көрсөткүчтөргө жетишти, ал эми «Өксүт» кенинде өнөр жай өндүрүшү ишин баштады. Бул "Кумтөр" үчүн дагы бир:
173 245 унция алтын өндүрүлүп, муну менен кошумча өндүрүмдүн негизиндеги өндүрүштү колдоого жалпы жумшоолор4
699 долларды түзгөн чейрек болду.

"Центерранын" Директорлор кеңешинин чейректик дивидендди 25%га жогорулатуу жана аны кадимки акцияга 0,05 доллар (Канаданын) деңгээлине жеткирүү жөнүндө чечими 2020-жылдын 31-июлунда жарыяланган жана биз келечекте ишенимдүү өндүрүштүк көрсөткүчтөрүбздү эске алуу менен кабыл алынган өндүрүштүк көрсөткүчтөрдү жана алтындын баасын жогорулатууну мерчемдейбиз. Бул эки фактор тең эркин акчалай каражаттардын агымынын өсүшүнө жана бизде 2020-жылдын 30-июнуна карата карыз милдеттенмелери жок жакшы балансты түзүүгө таасирин тийгизди.

Кыргыз Республикасынын аймагында иштеп жаткан “Кумтөр” кени Борбор Азиядагы эң ири алтын кенин казуучу ишканалардын бири болуп эсептелет. Ал 1997-жылдан бери иштейт жана 2020-жылдын 30-июнуна карата 13 миллион унциядан ашуун алтын өндүрүлгөн.

Кыргыз Республикасы «Кыргызалтын» ААКсы аркылуу «Центерра» акцияларынын эң ири үлүшүнүн – 77 401 766 акциясынын кармоочусу. 2020-жылдын 10-августуна карата Кыргызстандын акциялар үлүшүнүн наркы 1 миллиард доллардан ашты.

Маалымат үчүн:

1 – Троялык унция = 31,10348 грамм.

2 – Башкасы көрсөтүлбөсө, бардык акчалай суммалар АКШ долларында келтирилген.

3 – Тегеректөөлөрдөн улам айрым цифралар дал келбеши мүмкүн.

4 – Бухгалтердик эсептин жалпы кабыл алынган көрсөткүчтөрүнө кирбейт жана "Центерранын" 2020-жылдын 31-июлундагы пресс-релизинде “Non-GAAP Measures” бөлүмүндө баяндалат.

«Центерра Голд» жөнүндө кошумча маалымат жана толук 2020-жылдын жыйынтыктары боюнча пресс-релиз www.sedar.com SEDAR системасында, www.centerragold.com жана
www.kumtor.kg корпоративдик сайттарында жеткиликтүү.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 923, 13-19 август, 2020-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан