(Башы өткөн сандарда)
– Эмне болду? Ысык бекен чай?
– Жок, жакшы эле.
– Анан эмне болду?
– Эмне эмне болду? Ким жибериптир? Кайсы номер?
– Кайра чалсам номери өчүк экен. Акылсыз немелердин оюну болсо керек дедим. Сүрөттөрдү өчүрүп салдым. Сен балдарды жакшы көрөт эмессиңби. Ошонуңдан бирөө пайдаланып жаткандыр.
Айтурган өзүнөн-өзү кыжырданып жатып колунан табактар түшүп кетти. Быркырап сынып калган идиштерди карап экөө тең отуруп калышты.
– Келесоо немелер жаза беришет да, негизи телефон деген балээ болду. Ушакты жайылтканды жакшы көргөндөр үчүн Кудай берип эле салды. Менин кайдагы балам болмок эле? Өмүрү сенин жаныңдан чыктымбы, кемпирим?
Искендер бир нерселерди айтып жатты. Эмне деп айтканын өзү да түшүнгөн жок. Иши кылып Айтургандын шеги калбаса болду. Аялына ушу эле сөз жетиштүү эле. Ал эч нерсе болбогондой жаркылдап калды. Бир окуя болбогондо, балким, бул окуя изи жок унутулуп калмак беле, ким билсин.
Түн ичинде телефону шыңгырады. Аяна экен. Эч качан чалчу эмес, жүрөгү шуу дей түштү.
– Ало...
– Искендер, Аландын температурасы жогору болуп жатат. Бул арада ага температура болгонго болбойт дедиң эле. Ошого коркуп кеттим. Таптакыр түшүрө албай жатам.
– Тезинен клиникага алып кел. Мен чыктым.
Үнү калтырап кетти. Уйкусурап ойгонгон аялына бир нерселерди айтып, шаша-буша кийинип чыгып кетти. Денеси от менен жалын болуп жаткан баласын бооруна кыса калды.
– Ата...
– Мен жаныңдамын, уулум, баары жакшы болот.
– Ата, жанымдан кетпе.
Тез арада дене табын түшүрүштү. Пульс калыбына келди. Чабалактап жаткан баласы тынчып уктап кетти. Эки колун кармаган экөө.
– Бул коркунучтуу түш качан бүтөт? Жыгылып кетсе жүрөгүм токтоп кала жаздайт, жөтөлсө алкымым буулуп кетет. Балдар ата-энесине экзамен алуу үчүн келет дешет. Балаң оорулуу болсо, демек, сен бир экзаменден өтпөй калганың деп окудум. Биз күнөө кылдык. Жазасын балабыз тартып жатат,- деди Аяна жашын сүртө.
– Антип айтпачы.
– Сени сүйүп калганым мага жаза болду. Бирок Кудай ал сүйүүнү өзү көкүрөгүмө салгандыр. Эгерде жазаң бүтөт, балаң айыгат десе, мен сени менен өмүрү көрүшпөй койгонго даяр элем. Жүрөгүмдөн тилип болсо да сени чыгарат элем.
– Сен чарчап калдың. Алан эртең эле жакшы болуп кетет. Дагы бир жыл чыдасаң. Жүрөгүндөгү тешик бүтөлүп келе жатат. Аз калды.
– Чыдабай кайда барам? Уулумдун ден соолугу эле болсо болду.
– Баары жакшы болот.
Аяна Искендердин ийинине башын жөлөй берди. Көрсө, жакшы тура. Бирөө сенин түйшүгүңдү алган, коркууңду бөлүшкөн, балаң үчүн сенчелик жаны күйүп кабатыр болгон жакшы сезим тура. Бир эркектин ийинине жөн эле башыңды коюп, бир азга болсо да эс алуу жакшы тура. Бүтүндөй түйшүк моюндап турганда жашооң кыйма-чийме жолдорго бөлүнүп, кайсынысына түшөрүңдү билбей турганда аз убакытка баарын унутуп, эркекке таянып турган ырахат экен го. А ал муну сезбей жашады. Өмүр бою кимдир бирөөнүн таянычына муктаж болбой, типтик туруп келе жатат. Искендерден алган жылуулук денесин каптап, көзү илинип бара жатты. Искендер козголгон жок. Анткени ал Аянаны билчү. Канчалык кыйналганын, күчтүү экенин, өзүнө канчалык муктаж экенин билчү. Балким, анын ашыкча күчтүү экенин билгени үчүн да өзүн андан обочо кармаганга аракет кылгандыр. Анткени күчтүү аял менен жашоо көп эркекке оңой эмес. Алсыз аялды жашооңдун кайсы жагына коюп болсо да жашап кете аласың. Ал сага эч ыңгайсыздык жаратпайт. Ал эми күчтүү аял менен жашасаң, аны менен эсептешкенге аргасызсың. Мына ушул үчүн да күчтүү аялдар жалгыз өтүшөт.
Таң атып, күн чакыйып тийип турган экен. Искендер көзүн ачып-ачпай жатып кимдир бирөө теше тиктеп турганын сезди. Айтурган! Көзүн бардап ачып алып, дал маңдайында турган аялын көрдү. Ичине муз тоңо түшкөндөй болду. “Өлдүм” деди. Бирок Айтургандын көздөрү мурункусундай эле жумшак тигилип турган экен.
– Палатада уктаган врач сени көрдүм. Түн ичинде шашып-бушуп ушу бала үчүн чыгып кеттиңби?- деди ал мурункусундай эле назик.
Ошондо гана Искендер жанында Аяна жок экенин көрдү. Одеялону ага кымтып жаап, өзү кетип калган экен. Дагы деле өзүнө келе албай тура берди.
– Сага эмне болду? Алайып эле турасың.
– Чарчадым окшойт, сен эмнеге келдиң?
– Сени чындап ушу жактабы деп текшергени келдим,- деди аялы.
Айыбы ачылганын билип турса да, Искендер тарс жарылды.
– Сен эмне деп жатасың? Мен кайда болмок элем? Эгерде андай күмөн жаратып жатсам, артымдан киши жалда. Бул эмне деген сөз?
Айтурган алайып туруп калды. Күйөөсү кыйкырып жатканына өзүн чындап күнөөлүү сезип кетти. “Кичине баланын өмүрү үчүн коркуп жанында болсо, а мен кайдагы нерсени айтып, жинденет да мага” деп күйөөсүн актап жиберди.
– Кечирип койчу,- деди.
– Макул, бирок экинчи ушундай суроолорду бербе.
– Мен жумушка кеттим, анан чалышабыз.
Аялынын аркасынан карап кала берди. Алан ушул убакта ойгонуп кетти.
– Ата?
– Ойгондуңбу, уулум?
– Ии, сен мени менен түнү бою чогуу болдуңбу?
– Ооба. Сенин жаныңда болдум.
Алан кубанычтуу жылмайып койду. Көңүлү ачылып кетти.
– Экинчи апамды угам. Дайыма жылуу кийинип жүрөм. Ооруп калбаш керек экенимди унутуп коём. Экинчи андай кылбайм, ата.
– Азаматсың, уулум!
– Ата, сен биз менен жашасаң болбойбу?
Искендер эмне дээрин билбей калды. Көздөрүн ала качты. Жөн эле укмаксанга салды да, палатадан чыга жөнөдү. Дайыма ушундай. Өзүнө жооп бере албаган адам кантип уулуна жооп бермек? Бул чиеленген түйүндөн кантип чыкмак?
ххх
Бул арада Аянанын турмушунда чоң өзгөрүү күтүп турган эле. Сиңдиси Салима айтпай-дебей келип калды.
– Сен айтпайт белең, мен тосуп алмакмын.
– Жок, кереги жок. Өзүм эле келейин дедим.
Бир нерсе болбосо бул кыз тээ Нарындан бери келмек эмес. Сиңдисин киргизип, чай берип жатып анын жүзүн карай берди.
– Сен жөн-жай келбедиң. Эмне болду, ооруп калган жоксуңбу?
– Оорубадым. Бирок жөн да келген жокмун.
– Ии, эмне болду, айт?
– Мен апамды таптым.
– Эмне-е!?
– Апамды таптым. Экөөбүздү таштап кеткен апабызды таптым.
– Уф, сен дагы деле бул оюнду таштаган жоксуңбу?
– Мен аны издеп жүрдүм, эже. Ушунча убакыт издеп жүрдүм. Эми таптым. Жолуктум,- адатта шайыр-шатман сиңдиси өңү бозоруп туруп айтты. Аяна эмне дээрин билбеди.
– Мен бул тууралуу укпай койсом болобу?
– Көзүңдү жумуп алсаң да, кулагыңды басып алсаң да ал биздин апабыз.
– Кайдан таптың?
– Бомждордун арасынан. Кандай тапканым узун окуя. Анын сага тиешеси деле жок. Эми тапкандан кийин эмне кыларымды билбей калдым. Нарынга алып кеткенге көнбөй койду.
Сиңдиси сумкасын алып чыгып эки сүрөттү койду. Бири апасынын жаш чагы болчу. Супсулуу, көздөрү ботонукундай жайнаган, кара каштуу, кара чачтуу, ак жүздүү аял кыздарын карап турду. Экинчисинде тиши түшкөн ак чач аял тишин ырсайта күлүп турган эле. Мурунку сулуулуктун калдыгы да калбаган экен. Ичиркенип кетти. Жашоосунда ушу аялга бир жакындыгы бар экендигине өзү жийиркенди. Ушу аялдан төрөлгөнүнө жаны кашайды.
– Жогот!- деди тиши-тишине тийбей ызаланып.
– Эже...
– Сен мындан башка эмнени үмүт кылып издедиң? Өз балдарын таштап кеткен аялдын өмүрү башкача болмок беле? Сен эмнеге муну издедиң?
– Мен тапкым келди. Мен аны кандай болсо, ошондой кабыл алганга даярмын. Ошол үчүн издедим. Таптым дагы...
(Уландысы кийинки санда)