«EXO’нун» ЭРКЕСИ СЕХУН

Бул ирет Инстаграм баракчабыздын колдонуучуларынын сунушу менен түштүк кореялык “ЕХО” тобунун ырчысы Сехундун жашоосу тууралуу маалымат берели деп чечтик. Таланттуу рэпер, актёрдун чыгармачылыгына кызыккандардын катарына кирсеңиз, бул макала сиз үчүн.

Толук аты-жөнү: О Се Хун

Туулган жери: Түштүк Корея, Сеул шаары

Үй-бүлөдө: 2 бир тууган, агасы бар

Бою: 183 сантиметр

Жылдыз белгиси: Кой

“ЕХО” тобунун рэпери, бийчи, актёр, модель



ЧООЧУН АДАМ

12 жаштагы өспүрүм достору менен көчөдө тамактанып жаткан. Бир маалда ага бейтааныш адам келип музыка, ырчылык тууралуу бир нерселерди айтып жатты. Кичинесинен апасынын “бейтааныш адамдар менен сүйлөшпөш керек” деген сөзүнө көнгөн О Се Хун унчукпастан үйүнө жөнөдү. Тиги чоочун адам да андан калбай ээрчип алды. Үйүнө жеткен бала апасына чоочун адам эмне дегенин айтып берди. Көрсө, ал “SM Entertainment” агенттигинин өкүлү экен. Апасы аны менен сүйлөшүп, баласын музыкалык сынакка алып бармакчы болот. Буга чейин бийчи же актёр болсомбу деген Сехундун оюнда ырчылык тууралуу ой жаралган эмес. Бирок тагдыр өзү ушундай мүмкүнчүлүк түзүп жаткандан кийин колдонуп калыш керек эле. Эки жыл аралыгында 4 жолу музыкалык сынактан өткөн ал 4-сүндө гана “SM Entertainment” менен келишим түзүп, 14 жашында тажрыйба топтоо үчүн стажёрлукка кабыл алынган. 2 жылдан соң, тагыраагы, 2012-жылы ал элге “ЕХО” тобунун мүчөсү катары тааныштырылган.

ЧЫГАРМАЧЫЛЫКТАГЫ ИЙГИЛИК
К-pop музыкасынын дүйнө жүзүнө таралышына “ЕХО” тобунун кошкон салымы чоң. Бүгүнкү күндө алар дүйнөнүн көптөгөн мамлекеттерине таанымал ырчылар, аларды кумир туткан күйөрмандар миллиондоп саналат. Айрым мүчөлөрү аскердик кызматта жүргөндүгүнө байланыштуу акыркы жылдары топтун жаңы ыры чыкпаганы менен, калган ырчы мырзалар жалгыздап дуэт, трио болуп ыр чыгарып, чыгармачылык менен алектенип жүрүшөт. Ал эми биздин бүгүнкү каарман Сехун менен Чанёль «EXO-SC» кичи тобу катары эмгектенишип, июль айында күйөрмандарына тогуз ырдан турган “10 Billion Views” аттуу алгачкы студиялык альбомун тартуулашты. Альбом тууралуу Сехун: “Буга чейин кичи альбом чыгарганбыз. “10 Billion Views” болсо толук кандуу эмгегибиз десем болот. Альбомго дуэттер, соло ырларыбыз да кирди. Өзүбүздү жеке ырчы катары сынап, сезимдерибизди ыр аркылуу чыгарганга аракет кылдык. Андыктан күйөрмандар кандай кабыл алары абдан кызык”,- дейт. Ырчыга жооп катары альбом 50 мамлекеттин музыкалык iTunes тиркемесинде биринчи сапка чыгып, ал эми Кытайда эң өтүмдүү альбом катары "ак алтын" статусуна ээ болду.

КҮЙӨРМАНДАРДАН ӨЗГӨЧӨ БЕЛЕКТЕР
  • Сехун 23 жашка чыкканда кытайлык күйөрмандары ага Шотландиядан жер тилкесин сатып беришкен. Алар бул белекти берүү менен Сехунга жер ээси катары “лорд” титулун алып бердик дешет.
  • Инстаграм баракчасынан Rolex саатынын сүрөтүнө “лайк” басканын көргөн күйөрмандар Сехунга ошол саатты белек кылышкан. Сааттын баасы – 23 миллион вон (20 миң долларга жакын) болгон.
  • Сехунга ар жылы туулган күнүндө дүйнөнүн ар кайсы бурчундагы күйөрмандарынан «Gucci», «Prada», «Givenchy», «Nike», «Adidas» сыяктуу түрдүү бренддеги кымбат баалуу кийимдер келет. Өзүнө эле эмес, анын итине да белек жибергендер бар.

СЕХУН ТУУРАЛУУ КЫСКАЧА...

  • Модель Миранда Керрдин күйөрманы. Ал Инстаграм баракчасын ачар менен моделдин баракчасына катталган. Модель да Сехунга катталганда абдан кубанганын айтат. Сехун 21 жашка чыкканда Миранда Керр каалоо-тилек жазылган открытка жөнөткөн.
  • Экшн, боевик жанрында тартылган тасмаларды жактырат.
  • “Ааламда жалгыз сен үчүн”, “Нояль вилласына кош келиңиз”, “Менин кошуналарым “ЕХО”, “Докго”, “Ханышанын жашыруун колдоочулары” сериалдарына, “Мышык-адам” жана башка тасмаларга тартылган.
  • 30 жашка чейин үйлөнүү тууралуу ойлонгонго эрте деп эсептейт. Идеалындагы бийкеч – өзүнө тыкан, ашканада мыкты кожойке, назик, тамашакөй кыз.
  • “ЕХО” тобунун эң кичүүсү. Топтун мүчөлөрү Сехунду кичүү болгонуна карабай лидерлик сапатка ээ, эл менен жакшы тил табышкан, топтун жигиттерин бириктирген адам катары сыпатташат.

СЕХУН ОЙ БӨЛҮШӨТ

Адам көңүл бөлчү эң негизги нерсе – ден соолук. Бактылуу жашаш үчүн жана кыялдарыңды ишке ашыруу үчүн ден соолугуң чың болуш керек.

***

Майда нерселерге да көңүл бурам. Андыктан мен ойлогон, чечким келген маселелер көп. Жан дүйнөмө баарын жакын кабыл алгандыктан, маанайым да ошого жараша өзгөрө берет. Негизгиси баарыбыз бактылуу болсок дейм.

***

Адам ачык болуп, эч нерсени жашырбаш керек дегенге кошулбайм. Анткени айрым сапаттарыңды көпчүлүк билбей эле коюшу керек. Өзүңө гана керектүү нерселерди ката билген жакшы.

***

Акыркы убакта “ЕХО’нун» концерттерин сагынып жүрөм. Эртерээк баарыбыз чогулсак экен. Күйөрмандар бизди сагынды деп ишенем.

Асыл Орозбекова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 923, 13-19 август, 2020-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан