“КОҢШУБУЗДУН ЧАТЫРЫ БИЗДИН КОРООГО КИРИП КЕТКЕН”

Окурмандардан келген суроолорго "Наса" юридикалык компаниясынын директору Нурбек Абдалиев жооп берет.

 

"АКЧАНЫ МЕН ТӨЛӨП КАЛАМБЫ?"

– Мен таанышыма бирөөдөн акча алып бергем. Карыз алынгандыгы тууралуу тил катка менин колум коюлган. Азыр ал таанышым карызын төлөбөй качып жүрөт. Ортодо мен акчаны төлөй турган болуп калып жатам. Акчаны мыйзам чегинде андан кантип өндүрүп алсам болот?

Айнура, 29 жашта, Ош облусу

 

– Акчаны алып жатканда жазып берген тил катыңыздын негизинде акчанын ээси сизди сотко бере алат. Сизге кеңеш: акчаны берген адам менен сүйлөшүп көрүшүңүз керек. Эгер ал акчаны сиз эмес, башка бирөө алгандыгын жана тил катты сиз жазганыңызды билген болсо, сиз милицияга кайрылыңыз. Арызда тигил адамдын акчаны алып качып жүргөндүгүн, алдап кеткендигин жазыңыз. Милиция качып жүргөн адамды тапса, акчаны өндүрүп алса болот. Эгер акчанын суммасы 10 миң сомдон өйдө болсо кылмыш иши козголот. 10 миң сомго чейин болсо Тартип бузуу кодекси боюнча чара көрүлөт.

 

 

"КОҢШУБУЗДУН БАСТЫРМАСЫНЫН ЧАТЫРЫ БИЗ ЖАККА ЖАРЫМ МЕТР КИРИП КЕТКЕН"

– Биз үй-бүлөм менен Сокулук районунун Новопавловка айылында жашайбыз. Коңшубуз белгилүү ырчынын ата-энеси болот. Алардын эшик алдындагы бастырмасынын чатыры биздин тилкеге 0,5 метр кирип кеткен. Жамгыр, кар жааганда суулар биз жакты көздөй куюлуп, биздин үйгө кирип кетет. Ушул маселени чеч деп 5 жылдан бери коңшубузга кайрылып келебиз. Алар эч чара көрүшпөдү. Ушул маселе мыйзам боюнча кандайча чечилет?

Шапак, 60 жашта,
Сокулук району

 

– Ар бир райондо жеке үйлөрдү куруу боюнча жерди башкаруу башкармалыгы бар. Ошол мекемеге барып, болгон окуяны айтып кайрылуу керек. Алар коңшуңуз менен сиздердин жер тилкелерди ченеп, ким кайсы тарапка өтүп кеткендигин өлчөп, жыйынтык чыгарып берет. Эгер өтүп кетти делген болсо, ошол кагазды алып мамлекеттик архитектурага арыз менен кайрылсаңыз, сиздер жакка өтүп кеткен чатырды алып салууга 10-15 күндүк мөөнөт берет. Эгер андан баш тартышса сот аркылуу алдырууга туура келет.

 

 

“КҮЙӨӨМДҮН МҮЛКҮН БӨЛҮШӨ АЛАМБЫ?”

– Жолдошум экөөбүз 2007-жылы баш кошконбуз. 12, 7 жана 2 жаштагы үч уулубуз бар. Жолдошум үйдүн кичүүсү. Биз 1 жылдан бери чогуу жашабайбыз. “Балдарга жардам бер” десем баш тартып жатат. “Балдарды үйгө алып келип таштасаң гана багам, болбосо жок” дейт. Жолдошумдун эски үйүн бузуп, экөөлөп иштеп жаңы үй салганбыз. Азыр мен 3 балам менен Бишкекте батирде жашайм. Жолдошум экөөбүз салган үй кайнатамдын наамына катталган болчу. Кайнатам 2020-жылдын январь айында каза болду. Бир кайнагам, 5 кайнежем бар, кайнагамдын өз үйү бар. Мен эми жолдошумдун үстүнөн сотко арыз жазып, үйдү саттырып, бизге тиешелүү үлүштү ала аламбы? Же болбосо акчасынын ордуна жер тилкесин алып берүүсүн талап кылсам болобу? Алиментке да арыз жазсам болобу, нике күбөлүгүбүз бар.

Даана, 34 жашта,
Жалал-Абад облусу

 

– Сиздердин расмий түрдө никеңиздер болгондугу үчүн тез арада алимент өндүрүү боюнча сотко кайрылыңыз. Алимент сиз сотко арыз жазган күндөн баштап өндүрүлүп баштайт, мурунку убак үчүн өндүрүлүшү кыйын. Үйдү чогуу иштеп курган болсоңуз, арыз жазып сотко кайрылыңыз. Жердин өзүнчө жана үйдүн өзүнчө экспертиза аркылуу баасы бычылат. Жер боюнча укук талашуу, балким, кыйын. Бирок турган үйдүн жарым баасын өндүрүүгө болот.

Сиз соттон утуу үчүн мыйзамды жакшы билген юристке кайрылыңыз. Себеби нике келишими болбосо деле сот аркылуу орток мүлк катары чечим чыгартса болот.

 

 

“ЖОГОЛУП КЕТКЕН АДАМДЫН МОЮНУНДАГЫ АЛИМЕНТТИ ТОКТОТСО БОЛОБУ?”

– Саламатсызбы? Менин кайним дайынсыз жоголуп кеткенине 1 жылдан ашып баратат. Жоголо электе аялы менен сот аркылуу ажырашкан. Андан бери балдары үчүн төлөөчү алиментинин суммасы өсүп жатат. Кайнимден болсо дайын жок, издөө салдырып милицияга кайрылганбыз. Эми алиментин кантип токтотсок болот?

Зейнеп, 37 жашта, Ысык-Көл облусу

 

– Сиздер кайниңиздин дайынсыз жоголуп кеткендиги боюнча соттон чечим чыгартууңуздар керек. Ошондо алимент өндүрүү токтойт. Анан чечимди сот аткаруучуга алып баруу керек. Болбосо алименттин пайыздары өсө берет. Негизи мындай жагдайда жоголгон адамга укук коргоо кызматкерлери тарабынан издөө салынганын тастыктаган кагаздарды алып, ата-энеси же бир тууганы сотко кайрылып, соттун чечими менен алиментти толук токтотуп койсо болот.

 

 

“ЭКИ КҮЙӨӨМДҮ ТЕҢ СОТКО БЕРЕ АЛАМБЫ?”

– Биринчи жолдошум менен 2 кыздуу болгондон кийин ажырашкам. Күйөөм кызыл камчы болчу. Ал үйдү, машинаны сатып, мага бир да тыйын берген жок. Кийин экинчи жолу турмушка чыктым. Андан кыздуу болдум. Ал “мурунку жолдошуңдан төрөгөн эки кызыңды да өзүм багам” дегенинен кыздардын атасынан алимент өндүрүүдөн баш тарткам. Экинчи жолдошум Москвага иштегени кеткен болчу, ошол жактан бир аял менен жашап алыптыр. Кийин “аны менен жашабай калдым” деп кайра кайтып келген. Бирок тигил аялы “алтын шакектеримди уурдап кетти” деп күйөөмдүн үстүнөн арыз жазыптыр. Күйөөм “шакектердин акчасынан кутулайын, таап берип тур” дегенинен бирөөдөн 20 миң сом карыз алып бергем. Мындан тышкары башка бирөөлөргө да карыздары бар экен. Алардан кутулушу үчүн да менден акча алган. Ошентип мени күйөөм карызга батырып, качып кетти. Эми биринчи жолдошумдан алимент жок, элге да карыз болуп отуруп калдым. Кыздарды багуу кыйын болуп жатат. Биринчи жолдошум экөөбүз расмий ажыраша элекпиз. Нике күбөлүгүбүз бар. Эми алиментке арыз жаза аламбы? Экинчи жолдошумдун үстүнөн арыз жазып, карыздарды төлөтө аламбы?

Жыпар, 30 жашта,
Баткен облусу

 

– Сиз, албетте, балдар 18 жашка чыкканга чейин мурунку жана кийинки жолдошуңуздан тең алимент өндүрө аласыз. Сотко 2 жолдошуңуздун үстүнөн 2 арыз жазып, балдардын күбөлүктөрүн тастыктоо үчүн көрсөтүңүз. Эми кийинки жолдошуңуздун алдамчылык жол менен алып кеткен акчаларына келсек, милицияга кайрылыңыз. Жактоочу жалдаңыз. Жактоочу жол-жоболорун түшүндүрүп берет.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Almaz_10
2020-08-22 12:46:47
Новопавловкада менин билишимче Нурлан Насип ата энеси менен жашайт, так что Нурлан, чатырынды озун тарапка каратып жап.
+1
№ 923, 13-19 август, 2020-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан