ТУЗДАЛГАН ЖАШЫЛЧАЛАР

Дасторкон

Кеч күздө жашылчаларды туздоо иштери башталат эмеспи. Бүгүнкү “Дасторкон” рубрикабыздын коногу – продюсер, ырчы Ислам Сатаров. “Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат” демекчи, Ислам шоу-бизнесте гана эмес, ашканада да мыкты экен. Алтургай жаш чагынан ар улуттун ашкана сырларын үйрөнүп, 6-разряддагы ашпоз болгонго да жетишиптир. Эмесе, Исламдан туздалган жашылчалардын рецепттери...

ЧЫМЧА ЖЕ КИМЧХИ
Бул салатты жасоо үчүн пекин капустасын жууп, узатасынан тең экиге бөлөбүз. Андан соң 3 литр сууга 5-6 аш кашык туз салып даярдап алабыз да, аны капустанын үстүнө куябыз. Капуста сууга толук көмүлүшү үчүн үстүн оор нерсе менен бастырып, жылуу жерге 5-6 күнгө коё турабыз. Капуста жумшарып, тузу сиңгенде ачуу калемпир менен сарымсакты эт туурагычтан өткөрүп, аралашма даярдап алабыз. Андан соң туздалган капустаны муздак сууга жууп, ар бир кабатын ачып, аралашмабызды сүйкөйбүз. Капустаны идишке салып, кайрадан туздуу суудан куюп, 1 күнгө жылуу жайда сактайбыз. Ушундан кийин гана банкаларга же ыңгайлуу идишке салып, муздак жерге коюп койсок болот. Чымчаны салат, закуска катары колдонууга болот. Мындан сырткары чымчанын дарылык касиети да бар. Ал сасык тумоого каршы эң пайдалуу каражат болуп саналат.

МАРИНАДДАЛГАН КӨК ПОМИДОР
Бакчаңызда жалаң көк помидорлор калдыбы? Аларды ысырап кылбастан, төмөнкүдөй жолдор менен туздап алсаңыз болот.
3 литрлик банка үчүн:

  1. Банканын түбүнө хрендин жалбырагын, укроптун гүлүн, тегерек тууралган пияз салабыз.
  2. Петрушканын жалбырагын өз-өзүнчө ажыратып, ал эми сарымсак менен ачуу калемпирди ичке, тегерек кылып туурап алабыз.
  3. Көк помидорду тең экиге, эгер чоң болсо 3-4 бөлүккө бөлүп, аягына жеткирбей кесебиз. Кесилген помидордун ортосуна сарымсакты, ачуу калемпирди, петрушканы салып, банкага ирети менен тизебиз. Эгер өтө ачууну жактырбасаңыз, анда кызыл таттуу калемпирди колдонсоңуз болот.
  4. Андан соң татымалдарды, лавр жалбырагын, гвоздиканы, ашкөктүн уругун, кара тоголок мурчту, кумшекер (1 аш кашык), туз (3 аш кашык), уксус (1 аш кашык), муздак сууну куюп, банканын сыртынан 5-7 мүнөт (кайнап чыккандан кийин) кайнатып жаап коёбуз.

КӨК ПОМИДОР САЛАТЫ
Керектелүүчү азыктар:
Көк помидор – 5 килограмм
Таттуу калемпир – 2 даана
Ачуу калемпир – 2 даана
Сарымсак – 1 баш
Туз – 3 аш кашык
Кара мурч – 1 аш кашык
Уксус – 1 аш кашык

Даярдоо жолу:

  1. Көк помидорду ичке, шакекче кылып туурайбыз.
  2. Калемпирлерди, сарымсакты эт туурагычтан өткөрүп, аралашма даярдап алабыз.
  3. Андан соң туз, кара мурч, уксус, аралашманы помидорго кошуп жакшылап аралаштырып, салкын жерге 2 күнгө коюп коёбуз. Эки күндөн кийин муздаткычта сактасаңыз болот.

КОРЕЙ КАПУСТАСЫ
Керектелүүчү азыктар:
Капуста – 2 даана
Сабиз – 1 килограмм
Кызыл калемпир – 2-3 аш кашык
Туз – 2 аш кашык
Суу – 1 литр

Даярдоо жолу:

  1. Сабизди сүргүчтөн өткөрүп, кызыл калемпир менен аралаштырып алсак, аралашма даяр болот.
  2. Капустаны кайнап жаткан туздуу сууга 30 секунд кармап, жалбырактарын ажыратабыз.
  3. Жалбырактын бетин өсүмдүк майы менен майлап, ортосуна аралашманы салып оройбуз.
  4. Андан соң аны банкага салып, үстүнө маринадды (1 литр муздак сууга 2 аш кашык туз салынат) куябыз да, 1-2 күн бөлмө температурасында сактайбыз. Андан кийин муздаткычка салып коюу керек. Бул салат бир жумадан кийин даамына келип, жегенге даяр болот.

АШКАНА СЫРЛАРЫ

  • Эгер туздап жаткан капус­таңызга көп туз кошсоңуз, анын ачышы кечеңдейт. Тескерисинче, тузу аз болуп калса, анда капуста жумшак, даамсыз болуп калат. Сабизди капустага аябай эле кошконуңуз оң. Анткени ал капустага өзгөчө түс берет.
  • Туз бат сиңиши үчүн бадыраңдын эки башын кесип коюу керек.
  • Бадыраң туздаганда уксустун ордуна кызыл карагаттын же анардын ширесин кошсоңуз, даамдуу болот.
  • Эгер туздаган бады­раңы­ңыз атып кетсе, аны төгүп салууга ашыкпаңыз. Анын суусун төгүп, помидордун ширесине укроп, петрушка, сарымсак, жарым чай кашык лимон кислотасын кошуп кайнатып, муздатып, үстүнө куюп жаап койсоңуз болот.
  • Бадыраңдын үстүнө 2-3 помидорду терип жапсаңыз, ал атылып кетүүдөн сактайт.
  • Банканы бууга кар­магыңыз келбесе, анда анын ичин чалкандын сабагы менен сүртүп коюңуз. Бул ыкма салаттын көпкө сакталышын камсыздайт.
  • Даярдаган салатыңыз атып кетпесин десеңиз, жуугандан соң банканын ичин арак менен бир сыйра чайкап алганыңыз оң.
  • Темир капкакты 3 мүнөт­төн ашык кайнатпоо керек. Андан ашык кайнатсаңыз, ичиндеги резинкасы жумшарып, жакшы бекилбей калат.
  • Банканы сыртынан кайнатууда мискейдин ичине майлык төшөп коюуну унутпаңыз.
  • Салаттардын үстүнө малдын ич майын эритип куюп жапсаңыз, ал тоңуп, аба өткөрбөйт.
  • Көк чөптөрдү туурап, муздаткычка тоңдуруп, кышкысын колдонсоңуз болот.
  • Банка жапкычты колдонуп бүткөн соң жууп-тазалап, вазелин менен майлап койсоңуз, сизге узакка кызмат кылары талашсыз.

Дамира Арстанова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
elif
2010-09-27 07:04:33
chimcha emne degen ele?
0
Nuray
2010-10-02 12:57:09
KIM4I, kim4xi emes "h" dobushsuz/ynsyz (bezzvu4byi voobshem) ekenin eske alsanar
0
№ 412, 24-30-сентябрь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан