Улуу Британияда сейрек кездешүүчү дарттан улам органдары сыртка чыгып төрөлгөн ымыркай 2 жашка чыкты. Басылмалар жазып чыккандай, наристе жаңы төрөлгөндө дарыгерлер аны жашабайт дешкен.
Наристенин энеси кош бойлуу кезинде дарыгерлер ага баласы патология менен төрөлөрүн айтып, бойдон алдырууну сунушташкан. Бирок баланын ата-энеси Келли менен Шону Файзакли бойдон алдыруудан баш тартышкан. Наристе 2018-жылдын июнь айында кесарево жолу менен, ичеги, боор жана башка органдары сыртка чыгып төрөлгөн. Дарыгерлер ымыркайга 2 жашка чыкканга чейин операция жасоого болбой турганын айтышкан. Ал кадимки балдар сыяктуу эле тамак ичет, дааратканага барат. Ата-энеси 2021-жылы жасалуучу операцияны чыдамсыздык менен күтүп жатышат.
Жолдубек Качкынбаев
koom@super.kg