COVID-19 ЖӨНҮНДӨ БАЯНЫМ

COVID-19 пандемиясына байланыштуу «КНСВ-Кей Джи» Коомдук Фонду калк арасында дил баян сынагын жарыялайт.

Сынактын башкы идеясы: Коомчулукта COVID-19 менен ооруп айыккандарды кодулоону жана ооруган адамдардын өзүн-өзү кодулоосун жоюу. Ошондой эле Кыргызстанда COVID-19 пандемиясына байланыштуу калкка психологиялык жардам көрсөтүп, стресстен арылтуу.

Ушул оору менен ооруп сакайгандарга же дагы деле оору менен күрөшүп жаткандарга, ошондой эле алардын туугандары же достору, медициналык кызматкерлер жана ыктыярчы болуп иштегендерге коронавирустук инфекция менен күрөшүү боюнча өз тажрыйбалары менен бөлүшүүгө мүмкүнчүлүк берүү.

"COVID-19 ЖӨНҮНДӨ БАЯНЫМ" – бул коронавирустук инфекцияга каршы күрөшүү тажрыйбасы менен бөлүшкүсү келгендердин бардыгына арналган дил баян сынагы. Жазуунун бардык түрлөрү кабыл алынат: дил баян, поэзия, ыр, блог, жадакалса рэп.

Бул конкурска 15 жаштан жогору бардык каалоочулар катыша алышат.

Бул дил баянда автор вирустук инфекцияга, аны менен болгон күрөшүү жана коронавирус пандемиясынан кийинки адамзаттын жашоосуна болгон көз карашын чагылдыруу сунушталат.

Аткарылган иштер кыргыз же орус тилдеринде жазылып, сынактын катышуучулары жөнүндө маалымат (аты, фамилиясы, туулган жылы, дареги жана байланыш номери) kncv.kg@gmail.com электрондук дарегине же WhatsApp`тагы +996777669595 номерине 2020-жылдын 1-сентябрына чейин жөнөтүлүшү керек.

Байгелер: Сынактын соңунда жеңүүчүлөргө кызыктуу белектер бар.

Бул долбоор жарым-жартылай АКШ өкмөтү каржылаган “Бүтүрүүчүлөрдүн COVID-19 Ыкчам чара” чакан гранттар программасынын каражатына даярдалган. Аталган Чакан гранттар программасы Кыргыз Республикасындагы АКШ Элчилиги тарабынан каржыланып, Американын эл аралык билим берүү кеңештери (АКСЕЛС) аркылуу ишке ашырылат. Бул жерде келтирилген сунуштар, корутундулар жана пикирлер авторлордун оюн гана билдирет жана Кыргыз Республикасындагы АКШ Элчилигинин же Американын эл аралык билим берүү кеңештеринин көз карашына дал келбеши мүмкүн.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 923, 13-19 август, 2020-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан