Инфекциядан кийинки алсыздык: ВИРУСТУК ИНФЕКЦИЯДАН КИЙИНКИ ООРУКСУНУУ, АЛСЫЗДЫКТЫ КАНТИП ЖЕҢИП ЧЫГУУ КЕРЕК?

Вирустар… Биздин планетадагы эң кичинекей тирүү организмдер, бирок алар күчтүү жана коркунучтуу. Респиратордук вирустар биздин дем алуу жолдорубуз аркылуу көбөйүп, курч респиратордук вирустук инфекцияны (мындан ары КРВИ) пайда кылып, жыл сайын ар кандай масштабдагы эпидемиянын жайылышына себеп болуп келет. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматтары боюнча дүйнө жүзүндө жылына 100 миллионго жакын адам КРВИ менен ооруйт. Көбүнчө вирустук инфекциялар өзүнөн кийин денедеги оорлошууну пайда кылып, биздин организм үчүн түрдүү органдардын жабыркашы, өнөкөт оорулардын күчөшү жана инфекциядан кийин жалпы алсыздык (кубатсыздык, дармансыздык) менен коштолот. Акыркысы жадакалса жеңил вирустук инфекцияларда дагы көп кездешкен кабылдоо болуп эсептелет. Алсыроо – бул коркунучтуу, алсыраткан абалдын жалгыз гана симптому эмес. Айыгуу мезгилинде адам уйкунун бузулушу, баш оору жана баш айлануудан жапа чегиши; бир нерсеге көңүл бурууда кыйынчылыктарга кезигиши, кеч ойлонушу; жүрөктүн дүкүлдөшүн, терчилдик жана артериялык басымдын кескин түрдө өзгөрүлүшүн сезиши мүмкүн. Бул абдан чаалыктырган абал, бул ооруксунган алсыздык жана шалдыроо бир нече аптага чейин созулушу мүмкүн. Өзгөчө өнөкөт оорулары бар адамдарга кыйын: вирустук инфекциянын өзү эле алардын организмине чоң зыян келтирип, оорураак өтөт жана айыгуу процесси кыйын, узагыраак болот. Мисалы, кант диабети жана жүрөк оорулары барларга кадимки КРВИдан айыккандан кийин дагы алсыздык жана шалдыроо абалын жеңип чыгуу кыйын.

Инфекциядан кийинки жалпы алсыздыктын себеби – вирустук уулануунун натыйжасында пайда болгон организмдеги зат алмашуу процессинин бузулушу, клеткалык деңгээлде энергияны пайда кылуу жана сарптоо процессинин бузулушу. Вирус токсиндеринен улам клеткалар кычкылтек менен жакшы каныга албай, энергия чыгара албай, кычкылдандыруу азыктарынан арылбастан, кычкылтекти ого бетер начар өздөштүрүп, кадимкидей иштебей калат. Инфекциядан кийинки жалпы алсыздыктын негизин түзүүчү «катаал айлампа» түзүлөт, андан организм өз алдынча чыгып кетиши кыйын болот. Жөнөкөй тил менен айтканда, инфекциядан кийинки жалпы алсыздык – бул алсыраган организм абдан муктаж болгон энергиянын жетишсиздиги. Ал эми организмге зат алмашуу процесстерин жакшыртуучу жана жашоо үчүн маанилүү болгон энергияны чыгарууну активдештирүүчү каражатты дайындоо жолу менен жардам берсе болот. Мындай каражат болуп Милдронат® (250мг) эсептелет. Бул абдан жакшы белгилүү Европадан чыккан заманбап рецепти жок каражат вирустан кийинки шалдыроону жеңип чыгууга жана айыгуудан кийин жумушчу абалга кайтууга жардам берет.

Милдронат® 250мг кантип жардам берет? Ал клеткалардын кычкылтекке болгон талабын жана кычкылтекти кабыл алуусун тең салмакка келтирет, клеткаларды жабыркоодон сактап, аларда уулуу заттардын топтолуусун жок кылат, жалпы кубат берүүчү таасирге ээ. Милдронат® 250мг булчуңдардын, жүрөктүн, кан тамырлардын энергетикалык потенциалын жогорулатат, кан айланууну жакшыртат, борбордук нерв системинин ишин активдештирет. Муну менен алсыроо жана чаалыгуу коштолгон жалпы алсыздык абалдарында ишке жөндөмдүүлүктү жана көңүл буруу концентрациясын жогорулатууга түрткү берет. Дарыны кабыл алган адам өзүн жакшы сезүүсүнө, саламаттыгынын жакшырышына түрткү берет. Организм мурдагыдай жөндөмдүүлүккө ээ болот жана оорудан кийин тез калыбына келет. Башкача айтканда, Милдронат® 250мг оорудан кийин калыбына келүү мезгилинде жетишсиз болгон жашоо үчүн маанилүү энергияны күн өткөн сайын кайтарып, «биздин батареяны кубаттандырат»!

Эпидемиологиялык оор мезгилде өзүңүзгө жана жакындарыңызга кам көрүңүз!

Дарыгерлердин жумушу көптүгүн эске алып, демилгени колго алыңыз, алардан сизди тезирээк сакайта турган каражаттар тууралуу сурап билиңиз. Провизорлор жана фармацевттер дагы чын дилден сизге кеңешин айтып, жардам беришет, эң негизгиси сурагандан тартынбаңыз!

Ден соолукта болуңуз!

Дарыгердин көрсөтмөсүсүз таратылат. Шаардагы дарыканалардан сураңыз.

Юлия Борисенко,
«Жить здорово!» журналынын
башкы редактору.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 924, 20-26-август, 2020-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан