КЫЗДАРДЫН КЫЯЛЫНДАГЫ БОЙДОК СПОРТЧУЛАР

Спорт айдыңында көз күйдүргөн бойдок мырзалар көп. Балким, бийкеч, сиз дал ушул тизмектеги спортчунун Инстаграм баракчасын акмалап жүргөн чыгарсыз. Аларга кандай кыздар жагат болду экен? Бул суроонун жообу кызыктырса, анда бул макала сиз үчүн.

БОЮ УЗУН КЫЗДАРДЫ ЖАНДАГЫСЫ КЕЛГЕН ТАШТЕМИР ЖЕКШЕНОВ

Туулган жылы – 2000-жыл, 18-ноябрь

Туулган жери – Чүй облусу, Жайыл району, Кожомкул айылы

Бою – 183 сантиметр

Салмагы – 82 килограмм

Билими – Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин экономика факультетинин 3-курсунун студенти

Учурда – “Сары-Өзөн” командасынын көк бөрүчүсү

Бул жигитти көк бөрү оюндарынан, социалдык тармактагы сандаган көк бөрү багытындагы баракчалардан көрүп, "жакты" белгисин байма-бай баскан чыгарсыз. Ал “чү” дегенде эле кыздардын боюна карайт. Эгер бою ойдогудай болбосо, жактырып калышы мүмкүн эмес. “Боюндай эле ою да узун, тарбия көргөн, кичи пейил, ачык-чачык эмес, тыкан кийинген кыздар жагат. Боёнушуна каршы эмесмин, бирок чеги менен. Ашыкча кирпик чаптап, жасалма сулуулукка басым жасаган, чачын кыска кестирген кыздар менин табитиме туура келбейт” дейт ал. Анан да тамакты өтө жакшы жасашыңыз керек. Себеби “апам, эже-жеңелерим баары тамакты мыкты жасашат” деп баса белгиледи. Андыктан тамакты таптап жасаганды өздөштүрө бериңиз. Бул жигит дайыма позитивдүү маанайда жүрөт. Адамдар менен бат тил табышат.

Баса, Таштемирдин сүйүктүүсү болом десеңиз көк бөрү оюндарына баруу, калтырбай көрүү, улакчыларга күйөрмандык кылуу деген теманы унутууга даярдана бериңиз. Ал көк бөрүгө кызыккан кыздар менен мамиле түзбөйт. Аны менен таанышуу үчүн көк бөрү майданына барсаңыз жаңылышасыз. Ал жакта жүргөн кыздар анын көңүлүн бура албайт. “Мени КУУнун 8-корпусунан кезиктирүүгө болот” дейт ал. Кызга гүл, шоколад, жумшак оюнчуктарды ташыган ал үчүн оңой эле. Сүйгөн адамына андан да чоң нерселерди жасоо планы бар экен. Ал сюрприз болсун. Көзүңөр түшкөн көк бөрүчүлөр үй-бүлөлүү болуп же сезимиңерди билдиргиче үйлөнүп алып, кейип калдыңар беле? Эми чамдагыла, кыздар. Мындай романтик жигитке илмек таштап көрүү ашыктык кылбас.

СУЛУУ КЫЗДАРДЫ ТАНДАГАН АТАБЕК АЗИЗБЕКОВ

Туулган жылы – 1995-жыл, 6-ноябрь

Туулган жери – Талас облусу, Талас району, Арал айылы

Салмагы – 87 килограмм

Бою – 178 сантиметр

Билими – Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетин бүтүргөн

Учурда – Грек-рим күрөшү боюнча улуттук курамдын балбаны

Токиодо өтө турган Олимпиада оюндарына жолдомо алып кыргыз элин кубанткан Атабек биринчи кезекте кыздардын сулуулугуна карайт. Сулуу эле болгонум жетиштүү экен деп ойлоп албаңыз. Бул мырза тышкы келбет менен катар эле ички сулуулукка да басым жасайт. “Эң негизгиси, ыймандуу, өзүнүн, эркектин, ошондой эле ата-эненин ордун билген, мени түшүнгөн анан, албетте, жакшынакай кыздар жагат” дейт ал.

“Кыздар үчүн биринчи орунда карьера эмес, үй-бүлө турса дейм. Жубайым иштейм десе карап көрөбүз. Негизи анын иштөөсүнө муктаждык жаратпай эле, өзүм каржылаганга аракет кылам” дейт. Ал өзүн кызганчаактардын катарына кошот. Бул жигиттин катуу тамашага салып коймой жайы бар, андыктан тамашаларын көтөрүүгө даяр болуңуз.

Эгер сиз жогорудагы талаптарга жооп берем десеңиз, анда биринчи кадам жасоодон эч тартынбай аракет кылып көрсөңүз болот. Себеби “сезимин билдирген кыздар көп” деген балбан үчүн бул кадыресе эле көрүнүш.

Тамак тандап текеберленбейт. Тамак жасаганды билесизби, билбейсизби, ага маанилүү эмес. “Мыкты тамак жасаган жерлерден тамактанып алабыз” дейт. Жөнөкөй жигит, чыдоого туура келген катаал деле мүнөзү жок, анан да сүйгөн адамы үчүн тоого барып гүл үзүп келүүгө даяр. Анда эмесе, чамдаңыз, бийкеч. Бул жигиттин көпчүлүк убактысы машыгуулар менен өтөт. Андыктан Инстаграм баракчасынан кайсы жакта машыгуу өткөрүп жатканын баамдап, сиз дагы ошол залга жазылып алыңыз. Капыстан өзүнүн адамы экениңизди туюп калса, ал сизди колдон чыгарбайт.

БИЛИМДҮҮ КЫЗДАРДЫ ЖАКТЫРГАН БЕКЖАН САГЫНБАЕВ

Туулган жылы – 1994-жыл, 11-сентябрь

Туулган жери – Бишкек шаары

Бою – 179 сантиметр

Салмагы – 71 килограмм

Билими – Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясын аяктаган

Учурда – Футбол боюнча улуттук курамдын жана “Дордой” клубунун оюнчусу

Кыздардын тизмесиндеги көз күйдүргөн бойдок футболчулардын бири – Бекжан Сагынбаев. Ал учурда Кыргыз Премьер-Лигасында ийгиликтүү оюн көрсөтүп, бомбардирликти эч кимге тарттырбай келе жаткан чагы. Футболчу “эң негизгиси, ата-энеге, улууларга сый мамиле жасай билген кыздар жагат” дейт. Анан да бул мырза кыздардын билимине басым жасайт. Бекжанды жандап жүрөм деген кыз билимдүү, көптү билген, кайсы багыт болбосун сүйлөшүп кете ала турган дүйнө таанымы кенен кыз болушу керек. Эгерде сиз бул жаатта өзүңүзгө ишенимдүү болсоңуз, Бекжан менен тил табышып кетүүгө мүмкүнчүлүк жогору.

ЖОЛАМАН ШАРШЕНБЕКОВ СОНУН КЫЗДАРДЫ ЖАКТЫРАТ

Туулган жылы – 1999-жыл, 29-сентябрь

Туулган жери – Талас облусу, Манас району, Бала-Саруу айылы

Бою – 161 сантиметр

Салмагы – 60 килограмм

Билими – Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын 4-курсунун студенти

Учурда – Грек-рим күрөшү боюнча улуттук курамдын балбаны

Алдыга койгон максатынан тайбаган спортчу жигиттин күйөрман кыздары миңдеп саналат. Ал адамгерчиликтүү, ыймандуу, жөнөкөй, сөз уга билген кыздарды жактырат. Анан да эң башкысы, аны жана жакындарын сыйлашыңыз керек. “Мени багып-өстүрүп, ушул эрезеге жеткирген апам мен үчүн биринчи орунда, ал эң татынакай” деген Жоламан болочок жубайын апасына окшош болсо дейт. Ал эми сулуулук тууралуу “сулуу кыздар кимге эле жакпасын, бирок албетте, жакшылары. Кандай болбосун, жүрөгүмө жаккан, ыймандуу, жөнөкөй, айтор, сонун кыз болсунчу” дейт.

“Кыз сүйө турган убакыт келет” деген спортчу азырынча кыз жандоого ашыкпайт. Андыктан шашылуунун эч кажети жок.

Динара Акимова
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (13)
jemile
2020-08-24 09:42:12
Ана сага
+1
katerina.li
2020-08-24 11:31:35
Эч кимисине козум куйгон жок
+1
Baktyluu_bolgum_kelet
2020-08-25 12:59:40
katerina.li,уй бүлөлүү болсоңор албетте көз күйбөсо керек
+1
katerina.li
2020-08-27 18:36:40
Baktyluu_bolgum_kelet,ооба. Куйоомон отор эркек жок
0
Noon
2020-08-24 13:12:43
Талаптары эле кучтуу. Кудай пешененерге жазып койду эмгиче. Силер мин талап койсонор да буйруганына жоолугасынар. Негизи тын балдар илинген-чалынган немелерге жоолугат)
+5
Genka
2020-08-24 14:44:23
Булар менен биздин кыздардын иши желе жок болсо керек,копчулугу даже буларды тааныбаса керек
+7
katerina.li
2020-08-24 21:31:50
Оздорун кузгудон карашса биринчи,анан талап койсо сулууларга
+1
satyke
2020-08-27 12:03:16
Тим эле Белла Хадид кухняда бешбармак жасап турса, Кайли Дженнер бала карап уйдо отурса. Спальнаяны айтбай эле койоюн.
+2
Damir94
2020-08-28 15:25:29
Кайсы кыздын козу куйду экен
+1
Daniy
2020-08-29 12:52:23
Damir94,menin kozum kyiup jatat. Sonun jigitter
0
bulathan
2020-08-29 12:55:11
Мыкты жигиттер, ийгилик жарата беришсин
0
bulathan
2020-08-29 12:55:47
Буларга ашыккан кыздар коп
0
faraon312
2020-08-31 01:22:11
Тиги биринчи жигит өзүн Брэд Питт сезип алганбы же кандай) али пацан экенсиң иним) талаптагыңдай кыз издесең көк бөрү ойноп өтөсүң го дей)
0
№ 924, 20-26-август, 2020-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан