Техника дүйнөсү күн санап өнүгүп жаткан маалда адам баласы жаңы кыймылдаткычтын революциясына күбө болгону турат. Учурда "Toyota Motor Corp." компаниясынын мурунку инженерлери учуучу таксилерди чыгарууну көздөп жатышат.
Дүйнө жүзүндө 100дөн ашуун учуучу унаа долбоорлору бар, анын ичинде "Boeing Co.", "Airbus SE" жана "Uber Technologies Inc." сыяктуу ири эл аралык фирмалар бар. Учуучу унаа долбоорлоруна Япон өкмөтү жардам көрсөтүп жатат, ал 2023-жылы коммерциялаштырууну талап кылууда. Өкмөттүн максаты – чоң шаарларда адамдарды ташуу, тыгындарды болтурбоо, тоолуу райондордо жана алыскы аралдарда же табигый кырсыктар сыяктуу өзгөчө кырдаалдарда пайдалануу үчүн жаңы транспорттун түрүн иштеп чыгуу. Учуучу унааларды изилдөө 2014-жылдын январында башталган.
Унаа көлөмүндөгү дрон компаниянын алгачкы үлгүсү 2023-жылы сунушталмакчы, ал саатына 100 чакырым ылдамдыкта, ондогон чакырымга чейин бийик уча алат.
Жолдубек Качкынбаев
koom@super.kg