HIPI ТИРКЕМЕСИ ИШТЕЛИП ЧЫКТЫ

Индияда TikTok'ко окшош HiPi тиркемеси иштелип чыкты. Бул жөнүндө дүйнөлүк маалымат булактары жазышууда.

Маалыматка ылайык, жаңы иштелип чыккан тиркемеде 90 секунддук кыска видеолорду тартууга болот. HiPi тиркемеси TikTok'ко окшош. Ал эми жаңы тиркемеге видеолорду киргизүү баарына жеткиликтүү болот.

TikTok тиркемеси 2015-жылы Кытайда ишке киргизилген. Бүгүнкү күндө бул тиркеме социалдык тармактын колдонуучулары арасында популярдуу. Акыркы эсептөөлөр боюнча, дүйнө жүзүндө TikTok колдонуучуларынын саны 700 миллиондон ашат. Аны 150гө жакын мамлекеттин жарандары колдонушат. Расмий маалыматка караганда, АКШда 30 миллиондон ашык адам бул тиркемени колдонот. Жакынкы жылдары популярдуулугу Инстаграмдан да ашат деген божомолдор айтылып келет.

Буга чейин Индия кытайлык 59 тиркеменин (анын ичинде TikTok, WeChat дагы бар) ишмердигине тыюу салган. Индия өкмөтүнүн айтымында, бул тиркемелер өлкөнүн коопсуздугуна жана коомдук тартипке зыян келтирет.

Жолдубек Качкынбаев
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 924, 20-26-август, 2020-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан