КОЙ (21.03-20.04)
Баштап коюп, аягына чыкпай жүргөн иштерди бүтүргөнгө ылайыктуу апта. Көптөн бери төлөнө элек карыздардан кутулуп, же аласаны өндүрүүгө жол ачылат. Кызматтык роман орун алышы мүмкүн. Буга алаксыбай, пландаган иштерди бүтүргөн оң. Бир иштер менен алысыраак сапарга барып келүүңүз ыктымал. Апта соңунда жагымдуу эс алуу күтөт.
БУКАЧАР (21.04-20.05)
Жумушта кетирген катачылыгыңыздын айынан кесиптештер кодулап, нааразы болушат. Мамилелерди жөнгө салууга аракет кылыңыз. Кайсы бир себептерден улам жасап жаткан ишиңизди же жумуш ордуңузду алмаштырууга туура келет. Бир эшик жабылса экинчиси ачыларын эске алыңыз. Үй-бүлө мүчөлөрүнүн колдоосу маанайыңызды көтөрөт.
ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Чогуу иштешкен өнөктөшүңүз же кесиптешиңиз сиз күтпөгөн колдоосу менен кубантат. Акча каражатынан кыйналып турганда ажаат ачып же бүтпөй жаткан ишиңизге көмөктөшүшөт. Айрым эгиздерде үй-бүлө мүчөлөрү менен пикир келишпестиктер орун алышы күтүлөт. Бирөөнүн көңүлүн катуу оорутуп алсаңыз, таарынычынын жазылышы көпкө созулат.
БӨЙӨН (22.06-22.07)
Сизге көптөгөн милдеттер жүктөлөт. Бирок бул милдеттер сизге ырахат тартууламакчы. Баш-отуңуз менен жумушка кирип иштейсиз. Үй-бүлөңүз да жакшы колдоо көрсөтөт. Апта соңунда туугандардын жакшылыгына чогуласыздар. Өнөкөт оорусу барлар мүнөздөп тамак ичүүнү унутпашы керек. Антпесе ооруну козгоп алуу коркунучу жогору.
АРСТАН (23.07-23.08)
Жетекчиликке айлык маселесин көтөрүү жөнүндө сөз кылыңыз, ыңгайы келсе кызматыңызды алмаштырууну өтүнсөңүз да болот. Ынанымдуу жооп алышыңыз күтүлүүдө. Эски тааныш менен жолугушуп, жаңылык угасыз. Апта ичи конфликттен алыс, тынч жүрүү сунушталат. Өзүңүздү өстүрүп, китеп окууга, жаңы нерсе үйрөнүүгө ылайыктуу апта.
БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Документтер менен иштөөдө кылдат болуңуз. Туура эмес иш жүргүзүп алып, кесепетин тартып калышыңыз мүмкүн. Жаңы иштерди баштабай туруу сунушталат. Бардык эле иш ийгиликтүү боло бербеши ыктымал. Жеке пландарыңызды эч ким менен бөлүшпөй, акырын ишке ашыра бериңиз. Чала тааныштарга ишеним артпоо сунушталат.
ТАРАЗА (24.09-23.10)
Чечимдерди тез-тез кабыл алып, бүтүрчү жумуштарды өз учурунда жасап салган оң. Антпесе кесиптештер же туугандар менен чогуу эс алуу мүмкүнчүлүгүнөн куру каласыз. Апта ичи жолуңуз ачык болот, кыйчалыш маселе деле жаралбайт. Болгону мүмкүнчүлүктөрдү колдон чыгарбоо керек. Ден соолукка кам көрүп, ысыкта бат бузулчу тамактардан абайлаңыз.
ЧАЯН (24.10-22.11)
Жумушту маанилүүсүнө карап, иреттеп алып жасоо сунушталат. Бирөө үчүн жоопкерчилик албаңыз. Таанышыңыздын көңүлүн оорутуп албайын деп жатып, өзүңүз жабыр тартып калышыңыз ыктымал. Социалдык жоопкерчилик, коомдук тартипти сактоо эч кимдин моюнунан алына элек. Сиз да тартиптерди сактаңыз. Бир нерсени соодалоо ийгиликтүү жүрөт.
Эски кесиптештериңизге жолугуп, жакшы иштерди пландайсыздар. Үй-бүлөлүүлөр көп убактысын балдарга, туугандарга сарпташат. Балдардын ийгилигине кубанасыз. Каржы жаатында маселе жаралышы ыктымал. Ашыкча чыгым, алыш-бериш, карыз акчалар тууралуу унута туруңуз. Интернетке көп убакыт коротпоңуз. Эс алуу сунушталат.
ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Эмоцияларыңыз көзөмөлдөн чыгып, жиниңиз кайнаган учурлар көп болот. Кесепети өзүңүзгө зыянын тийгизет. Колдон келсе сабырдуу болуп, кырдаалды жөнгө салыңыз. Сизди ачууланткан нерселердин үстүнөн иштеңиз. Адамдар менен тил табышканга аракет жасаңыз. Мээни эс алдыруучу ыкмалар ашыктык кылбайт. Балдарды окуу, бала бакчага жайгаштырасыз.
СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Тааныштарды ортого салып, иштерди бүтүрүүгө ылайыктуу апта. Сиздин да бирөөлөргө жардамыңыз тийиши мүмкүн. Жардам колун сунгандардан жана жардам сурагандардан баш тартпаңыз. Жалгыз бой суу куярлар үчүн түгөйүн жолуктуруу ыктымалдуулугу жогору. Үй-бүлөдө тынчтык өкүм сүрүп, жагымдуу апта болмокчу. Кыска сапарга чыгуу күтүлүүдө.
Аналитикалык ой жүгүртүү, окуянын тамырына маани берип иш кылуу сизди кайда болбосун ийгиликке алып келет. Сүйүктүүңүз же үй-бүлө мүчөлөрүнүн бири медициналык жардамга муктаж болот. Сизден колдоо керектелет. Үйдөгү майда-чүйдө үй жумуштары сизге жүктөлөт. Кол өнөрчүлүк сыяктуу иштер менен алектенүүгө ылайыктуу апта.