ЖОЛ БОШОТОЛУ, ЖОЛДОШ ДЕПУТАТТАРГА

Кыргыз шоу дүйнөсү

"Саясатка кызыкпайм" дегенибиз менен, кыргыздар сүйлөсөк эле саясаттан баштайбыз. Артисттер деле, спортчулар деле, дегеле кимиси болбосун саясатта жүрөт. Эгерде биздин каармандар депутат болсо кандай болмок деп алардын мүнөзүнө карата тамаша-чыны аралаш элестеттик.

ГҮЛНУРДУН КҮЛКҮСҮНӨ АРБАЛЫП...
Гүлнур Сатылганова депутат болсо сонун жарашмак. Мисалы, Гүлнур айымдын маанайы жакшы болуп турат дейли. Танапис убагында бир каткырса, депутат мырзалардын эси ооп, күлкүсүнө арбалышмак беле? Капа тартып отурган кесиптештерин да Гүкүнтай “кейисең да кечинде, эртең менен күндү күлүп тос” деп жайгармак. Аткаминерлердин арасында бойдоктор болуп, Гүлнур айымга "жүрөгүм, ий" дешсе, анда жолдош Сатылганова камырабай "жүрөгүңүз ооруса мага эмес, кардиологго барыңыз" деп жолго салмак.

АЛБЕТТЕ, КУМАР СПОРТКО КӨҢҮЛ БУРАТ
Кикбоксчу Кумар Жалиев депутат болсо, эмнеге болбосун, болот. Мурунку парламентте деле агайлары жүрбөдүбү. Чымыр денелүү, кумарлуу көз карашы менен спортчу-депутат далай сулууларды эстен тандырмак. Жалиевдин жүрөгүндө болсо бийчи десең бийчи, актриса десең актриса жалжал көзү тымызын жашай бермек. Кумарга айдоочунун, жан сакчынын деле кереги жок. Анткени темир тулпарын өзү айдап, керек болсо, ден соолукка пайдалуу деп жөө деле жүрмөк. Албетте, спортко сөзсүз көңүл бурат деңизчи. А балким, кикбоксту Олимпиада оюндарына кошконго бел байламак.

АЙЗАТ БИРИНЧИ ЭЛЕ ФАМИЛИЯСЫН ӨЗГӨРТМӨК
Жаным Айзат депутаттык креслого ат салышса, анда фамилиясын өзгөртсө керек эле. Болбосо элестетип көрүңүз, шоу дүйнөдө го, жигиттер “ий, жаны го, жаным” деп эркелетет. “Чоңдорго” Паланча Түкүнчөевна деп кайрылып көнгөн жандар эмне деп кайрылат? “Жеңил-желпи ырларга комиссия түзүлсүн” деп чыгышса, Айзат кыз: “Ырчынын баары эле жеңил-желпи ырдабайт. Бул жагын да ойлогула”,- деп катуу кетмек. Кыраан аялдардын атынан атайын фонд да ачып алса жарашмак. Себеби ал тасмага тартылып, атактуу энебиз Курманжандын образын жаратпадыбы.

ТЫНАР ДЕПУТАТТАРДЫН ЖЕРЛИГИН СҮРҮШТҮРМӨК
Тынардын орду сахна эмес, саясатта деп көрөлү. Көнгөн адаты боюнча парламентте бир маселе каралып жаткан учурда, “ээ, койгулачы” деп 7 облус тилинде сүйлөп жибермек. Баткенден шайланган депутатка “э, аяш ава, мындай бовойт да” деп жооп кайтарары турган иш. Оштук өзү менен теңтуш кесиптешине “ыя, жетим, сен качан келдиң?” деп суроо салат. Депутат Борончуга сөзсүз тийишип, экөө кырды-бычак болуп урушуп, кайра жарашмак. Сатирасында колдонгон маселелер арийне парламентте да көтөрүлмөк. Ошондо көрө берипсиздер да, курсагы чыккан куудулдун сатирадан эмес, саясаттан ооз көптүрө сүйлөгөнүн.

АИДА АНДА БАНК АЧМАК
Чырай жүздүү Аида Кулуева депутат. Болгондо да мырза мүнөз. Парламенттеги анча-мынча бойдок депутаттар Аида келатканда жылмайып учурашып, жалдырап кала беришмек. Ошондо деле бой жүрсө, анда Аида айылдык мырзаны карап да койбой, шаардык ак боз атчан ханзаадасын сөзсүз күтмөк. Бизнес жаатын өкүртө билип, эсеп-кысап жагын катырмак. Кесиби боюнча мыкты адис болгондуктан, өз алдынча банк ачканга да үлгүрмөк окшойт.

МИРБЕК СЫРДУУ ДЕПУТАТ БОЛМОК
Мирбек Иманбеков депутат болсо, мүнөзү бир аз катаал болгондуктан, кесиптештери менен пикир келишпестиктер пайда болмок. Кээ бир аял депутаттар чымчып сүйлөсө, “эй, аял кишисиң да, эркек болгондо бир уруп...” деп сырттан болбосо да, ичинен күңгүрөнүп... Кара көз кыздар сулуу жигитке “бул депутат бойдок бекен?” деп кызыгышканы менен, оңтойлуу жооп алышмак эмес. Анткени кара көздүү бул жигит жеке жашоосу тууралуу саймедирегенди такыр жактырбайт.

БОРОНЧУ БОЛСО ДЕПУТАТ,
АНДА ЭЛЕ САУНА КУРМАК
Борончу Кудайбергенов парламенттен орун алды дейли. Анда эле эмне болот дебейсизби? “Нарынды көтөрүш керек, айыл чарбасын өнүктүрүп, элди этке тойгузуу зарыл” деген сыяктуу маселелерди көтөрүп чыкмак. Анан да азыр чакан мончосу бар Борончу анда казино гана эмес, сауна, мейманкана салганга жетишмек. Албетте, борборго болбосо да Нарынга. Бир чакырылышта депутат болсо, кийинки чакырылышка 60тан ашкан кезде деле барат болчу. Куйручуктун 180 жылдыгын өткөрөм деп убара тартып калбадыбы. Кайран Бокебиз дароо ошол сынакты өткөрбөй койгон “дежур” чалдарга асылып, Көмүр королу атыккан Мотуев сыяктуу куудулдардын королу атыкмак.

Айбек Нурадилов
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Zhiide
2010-09-25 11:20:59
чынын айтса жаман деле эмес, бирок жакшыраа какшыктаса туура болмок, андан тышкары башка геройлорду албаптыр, бирок тынарды жазганы жакты
0
Lunatena
2010-09-25 11:43:25
магада
0
munara
2010-10-01 16:20:21
нормело
0
№ 412, 24-30-сентябрь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан