Турусбек Жумалиев: «70ТЕГИ ЧАЛДАН КАЙДАГЫ БАЛА?»

Бул жолку тамаша торубуздун кайырмагына белгилүү актёр, алпаруучу Турусбек Жумалиевди түшүрдүк. Болгондо да «мен сизден балалуу болгум келет» деп катуу тамашага чалдык. Жооп берүүдө буйтатып ары- бери качканы менен тордун ичиндеги олжону оңой менен коё бербегенибизден кутулуш оңойго турбады.

– Алло, жакшысызбы? Турусбек байкени мүмкүнбү?
– Мен угуп жатам. Ким сурап жатат?
– Турусбек байке, кандайсыз? Үч уктасам да сиз менен сүйлөшүү түшүмө кирген эмес. Аябай толкунданып жатам.
– Сен кимсиң?
– Мен сиздин 10 жылдан берки күйөрманыңыз Гулямын. Ушунча жылдан бери бир гана сиз деп жашап келе жатам. Чынымды айтсам, сиз деп жүрүп турмушка чыга элекмин.
– А менин телефонумду ким берди сага?
– Бир курбу кызым таап берди. Турус байке, жолугуп сүйлөшө­лүчү?!
– Сенин жашың канчада?
– Жашым 27де. Кудайга шүгүр, өзүм­дүн үйүм, машинам, жеке бизнесим бар. Болгону, мага бала керек.
– Койчу?! Эмне, мен бала төрөтчү жан экенминби? Баса, белгилүү адамдардын арасында ошондойлор бар, ошолорго барбайсыңбы? Алар жакшы төрөтүшөт. Мага келсең, 70теги чалдан кайдагы бала? Өзүң жаш экенсиң, жаш балдардан эле төрөп ал. Анын үстүнө, мен тамеки да тартам. Билесиң да тамекинин болочок балага кандай зыяндуу экендигин.
– Жок, мен сизден гана төрөшүм керек. Башкадан төрөсөм мурда эле төрөп албайт белем. Коюңузчу, сиз жетимиштеги чал эмессиз, андан жаш көрүнөсүз го?
– Мен мүрөктүн суусун ичип алгам да, ошон үчүн картайбаймын.
– Демек, дале жашсыз да?
– Кой, чоң кыз, мындай абал биздин башыбыздан далай өткөн. Мени минтип алдай албайсың. Же тамашалап жатасыңбы?
– Албетте, сизге тамаша, а мен үчүн бул – олуттуу маселе.
– Чыныңды айтпайсыңбы, эмне максат менен чалдың эле?
– Сиз менен жолугушсам болот эле, калганын ошондо биле жатаарсыз. Анан мени көргөндө сүйүп калып жүрбөңүз?
– Анда мен сага жакпай калсамчы?! Сен сахнадан көрүп алып эле бизге суктанасың. Жаныңа барганда жөнөкөй эле кара тору чалмын. Карындашым, сүйлөбөйүн деген кишини такалап жатып сүйлөтөт экенсиң.
– Бүгүн же эртең жолугалычы, суранам. Өзүңүз айткандай, жаштыгыңыз деле калбаптыр го. Анан эмнеге бааланып жатасыз?
– Эртең менин телевидениеде концертим бар. Мен бошобоймун.
– Мен телевидениеге барып, сизди өзүм таап алам.
– Сен кокус телевидениеде иштебейсиңби? Үнүң тааныш сезилип жатат.
– Сиз эмне мени шылдыңдап жатасыз? Эмне эле тайсалдайсыз?
– Ай-ий, азыркы кыздар опасныйсыңар, эй. Кой, жүрөктү түшүрбө, «ач кулактан тынч кулак». Чалба болду, эптеп бирөөдөн төрөп алаарсың.
– Биздин телефондо сүйлөшүп жатканыбызды ким укмак эле?
– Эй, карындашым, жанатан бери жөн койсо ар кайсыны сүйлөйсүң, уят эмеспи. Мен мунун баарын тамаша катарында эле кабыл алып сүйлөштүм. Экинчи чалба бул жакка, менин жакшынакай үйбүлөм бар. Сөз бүттү!
– Турусбек байке, кечиресиз, бул "Супер-Инфо" газетасынан сизге «тамаша тор» ыргыттык эле.
– Аябай катуу тамашалайсың го, жүрөктүн баарын түшүрүп. Эмне, эми муну газетага жазасыңарбы?
– Ооба, газетага чыгат, тамаша экенин эл деле түшүнөт да.
– Кой, чыгарбагыла, чыгарсаңар менин кашыктап чогулткан авторитетимди чөмүчтөп чачып койгон болосуңар.
– Эми белгилүүлөр мындай тамашага туш боло беришет эмеспи. Рахмат, убактыңызды бө­лүп, кызыктуу сүйлөп бергениңизге.
– Силерге да рахмат жаштыгымды эстетип койгонуңарга. Анткени, жаш кезде көптөр чалып алып, ушинтип сүйүүсүн арнай беришчү да.

Тамашалаган Замира Рахманбердиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 237, 18-24-май, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан