МЕКТЕПТЕГИ ТОНООЧУЛУК КАНТКЕНДЕ ТОКТОЙТ?

Дебат клуб

Чоңойсо да бала ата-эне үчүн өмүр бою бала бойдон калат эмеспи. Мектепке барса "балдар тийишпесе экен, жолдон аман-эсен өтсө экен" деп асан кайгы болушары турган кеп. Ата-энелерди мындан сырткары мектеп рэкеттери да түйшөлтпөй койбойт. Жогорку класстын окуучулары кичүүлөргө салык салып, телефонун, акчасын тартып алып, ал аз келгенсип ур-токмокко алган учурлар арбын. Бул көрүнүшкө окуучулар өздөрү деле бөгөт коё алышат деген ойду айткым келип турат. Буга мисал катары Өзгөн районундагы Мырзаке айылынын Мамат Нурбаев атындагы мектебин 2006-жылы бүтүргөн жаштардын эмгегин айта кетсек болот.
Мырзакеде төрт мектеп бар. Мектептер арасындагы чыр-чатактуу иштерди гезит-журналдардан окуп, теледен көргөн Нурбаев мектебинин окуучулары өздөрүнүн демилгеси менен “РНКМАД” деген аталыштагы уюм түзүшкөн. Бул Мырзаке айылындагы Раимкулов, Нурбаев, Калмурзаев, Машрапов атындагы төрт мектептин баш тамгалары эле. Ал эми "А", "Д" тамгалары "аралык достук" дегенди билдирет.
Уюмдун ачылуудагы негизги максаты – мектеп ичинде жана мектептер арасында болуп келчү чыр-чатактарды алдын алуу, окуучуларды ынтымакка чакыруу, тоноочулукту токтотуу болгон.
Аталган уюмдун башында 11-класстын окуучулары Канат Кадырбеков, Турат Акыев, Азиз Эгембердиев, Өмүрбек Мамыров, Тынчтык Кубатбек уулу турушкан.
Мектептерде учурда мына ушул сыяктуу уюмдар барбы, дегеле мектептеги рэкетчиликти жок кылууга болобу? Анда бүгүнкү талкууга көңүлүңүздү бурабыз.

– Мирлан, алгачкы сөздү сага берсем. Айтып бергениңе караганда, балдар менен мушташып жүрүп мектепти бүтүпсүң. Сен сабачу белең же алар сени урушчу беле?
– Мени сабашчу, мен деле сабачумун. Анан айрымдар мага сумкаларын көтөртүп коюшчу, кайра мен алым жеткендерге өзүмдүкүн көтөртүп койчумун. Биздин чатак көбүнчө кыз талашуудан келип чыкчу. Ал эми бири-бирине салык салмай деген жокко эсе болчу.
Асел: – Мен мектептеги рэкетчиликтин келип чыгышына токтолуп кетким келет. 90-жылдары СССР тарап, өзүнчө бөлүндүк. Ар ким чамасына жараша иш алып бара баштады. Билегине ишенген спортчулар өз ара территория бөлүп алышып, акчасы барларга салык салуу менен жашоо-турмуштарын оңдогулары келишти. Ошентип, алардын катары өстү. Булгаары пиджак кийип, машина тээп, акча жыйнап жүргөндөрдү көргөн өспүрүмдөр ошолордой болгулары келип, аларды туурай башташты. Анын үстүнө кыздардын көзүнө көрүнгүлөрү келишет. Кыздар көбүнчө машина айдап, дардаңдап жүргөн жигиттерди жактырышат эмеспи.
– Иса, сен дагы кыздардын көзүнө көрүнгүң келип же азыркы байлардай машина тээп жүргүң келеби? Сурайын дегеним, машинага жеткидей салык салбасаң да, өзүңдөн кичүүлөрдү "акча-тыйын алып кел" деп коркуткандырсың?.. Балким, салык төлөгөндүрсүң?..
– 8-класска чейин хореографиялык мектептен билим алдым. Ал жердегилерде бул боюнча эч түшүнүк жок. Азыр №40-мектепте 11-класста окуп жатам. Мен, чынында, балдарга көп кошулбайм. Ошондон уламбы, рэкетчиликти бир да жолу байкаганым жок. Саат 12:45те сабак бүтөт, мен дароо көздөн кайым болом. Окуудан чыгып алып пианиного, андан чыгып студияга ыр жаздырууга барам.
Өзүмдөн кичүүлөргө үстөмдүк кылган эмесмин, мага да эч ким салык салган жок.
– Мектебиңерде рэкетчиликке каршы уюшулган уюмдар барбы?
– Андай уюмдар жок. Башка мектептерде бар экенин деле укпаптырмын.
– Гүлмира, айтсаңыз, кылмышка барган окуучулар кандай жаза алышат?
– Мисалы, бирөөнүн телефонун тартып алды дейли. Тоноочулук беренесинин жеңил, өтө жеңил, оор, өтө оор деген төрт бөлүмү бар. Жөн эле тартып алганбы же күч колдонгонбу, балким, бычак менен коркуткандыр, мына ушунун баары эске алынат. Сот дароо камап салбастан, 63-беренеге таянып, дагы бир жолу карап чыгат. 63-берене Кылмыш кодексинде жеңилдетүүчү берене болуп эсептелет. Бул жерде мектептен, жашаган жеринен берилген мүнөздөмө жана кылмышка канчанчы жолу барып жатканы каралат. Эгер үч жыл бериле турган болсо, жогорудагы берененин негизинде бир жыл шарттуу мөөнөт бериши мүмкүн.
– Кылмыш жасаган 18ге чыга элек адамга мыйзам боюнча жеңилдиктер бар экен. Ал эми шарияттын мыйзамында кандай, Рустамбек мырза?
– Негизи, шариятта кечиримдүүлүк баарынан бийик турат. Мисалы, бир бала теңтушуна зомбулук көрсөтүп, денесине оор жаракат келтирсе, дары-дармекке кеткен чыгымдарын төлөп берүү керек. Ал эми жабыр тарткан бала кечиримдүү болуу менен мамиле кылышы абзел.
Азыркы турмушту карап көрсөк, көпчүлүк ата-энелер баланы тарбиялоо багытында азыраак ойлонуп калышкан. Мисалы, кээ бир ата-эне эртең менен базарга кетет да, кечинде келет. Бала кароосуз калгандыктан, мектептен чыккандан кийин өз билгенин кылат, кыскасы, ата-эненин көзөмөлүнөн чыгып кетет. Баланын кылмыштуулукка барбашы үчүн анын руханий байлыгын жогорулатуубуз керек. Ал үчүн ата-эне баласына көбүрөөк убактысын бөлүүсү кажет.
– Мирлан, Рустамбек мырзанын айтканын уктуң. "Ата-эне баласын руханий байлыкка сугарса, тартиптүү өсүп, мушташуу деген сыяктуу жоруктардан сырт болот" деди. Ата-энең сага кандай тарбия берген?
– Ар бир эле ата-эне баласына колдон келишинче тарбия берүүгө аракет кылат да. Менин атам колхоздо, апам ооруканада иштечү. Алар эртеден-кечке үйдө жок болгондору менен, кечинде дайыма “түз жүр” деп айтуудан тажашчу эмес.
– Нурила айым, сиз психологсуз. Мектеп окуучулары ортосундагы зомбулук, бири-бирине чоңсунуу эмнеден улам келип чыгат?
– Рэкетчиликтин бир нече себеби бар. Мунун эң биринчи себеби – социалдык теңсиздик. Мисалы, бирөөнүн ата-энеси чоң акча карматат. Ал окуучунун каалаганын алып жегенге мүмкүнчүлүгү бар. Экинчинин ата-энеси өп-чап жашагандыктан, жол киреге эле өлчөп акча бере алат. Ал бала өзүн кем сезип, психологиялык жактан жабыркайт. Анан эки-үч баланы чогултуп, бир топ түзөт да, өзүнөн алсыз балдарга салык салууга аракет кылат. Алсыздарды калкалаган балдарды “брат”, кыздарды “сестра” деп коюшат экен.
Мектептеги рэкетчилик – мамлекеттин деңгээлиндеги көйгөйлүү маселе. Дегеним, биздин мамлекет башында тургандар өзүнүн кадыр-баркынан, иштеген кызматынан пайдаланып акча алып жатышпайбы. Ошол система мектеп окуучуларында да иштеп жатат. “Балык башынан сасыйт” дегендей, чиновниктер өздөрүнүн акча алмайын жыйыштырса, анан мектеп рэкеттерин жоюуга киришмек.
Союз учурунда окуучулар үчүн жакшы идеологиялык багыт бар болчу. Октябрят, пионер, комсомол болчубуз. Анан жакшы иштеп, мекендин патриоту болсоң, кыскасы, бир нече сыноо тепкичтеринен өткөн соң гана партиянын мүчөсү боло алчусуң. Азыр андай багыт бере турган ачык, так идеология жок.
– Союз учуру менен азыркы мектептеги тарбиянын айырмасы барбы, Рустамбек мырза?
– Гезит-журналдардагы макалалардын, кинолордун өспүрүм балдарга таасири чоң. Биз мектептен сырткары тарбиялык мааниси бар ата мекендик жана индия кинолорун көрүп, ошону менен бирге санжыра, жомокторду угуп чоңойдук. Азыркынын тасмаларын карабайсызбы, бири-бирин тономой, сайып өлтүрмөй же баңгизатын колдонмой. Ушуну көргөн өспүрүмдөр кандай тарбия алат, ойлосоңор?..
– Мирлан, мектептеги урушуп, мушташып кеткен учурларды ата-энеңе айтчу белең?
– Өзүмдүн маселемди өзүм чечкенге аракет кылчумун. Ата-энеме айтып, алардын башын ооруткум келчү эмес.
– Сен болочоктогу атасың. Балдарыңдын жүрүш-турушуна кийлигишесиңби же мектептеги зомбулукту эркек бала көрүшү керек деп жөн коёсуңбу?
– Уулум болобу, кызымдыбы, бош убактысы жок болгудай кылам. Мектептен соң бийге катыштырып, спортзалга алпарам дегендей. Кыскасы, балдарымдын 5 мүнөт да бош убактылары болбойт.
Асел: – Спортзалга барууга, бассейнде сүзүүгө ар бир баланын шарты жок. Мисалы, менин убагымда деле мектепте кыздар арасында рэкетчилик күчтүү болчу. Сабак бүтөрү менен сөйкөмдү чечип кетпесин деп үйгө шашчумун. Кыздар сабаса кол кайтарганга күчүм жетсин деп өз алдымча машыгып, эртең менен эрте туруп чуркачумун. Мектептен кийинки убактымды менден кийинки бир туугандарымды карап, үй тазалап, тамак жасап өткөрчүмүн.
Мектептеги зомбулукка аралашуу же кабылбоо бул тарбиядан. Андан сырткары оюн-зоок клубдарын азайтып, пайдалуу ийримдердин санын көбөйтсөк, рэкетчилик бир топко кыскармак деп ойлойм.
– Гүлмира айым, өспүрүмдөр иштери боюнча инспекторлор мектеп рэкетчилигин болтурбоо максатында кандай иш-чараларды көрүшүүдө?
– Жаш өспүрүм инспекторлору мектептерге барып, Кылмыш-жаза кодексинин жаш өспүрүмдөргө таандык беренелери менен тааныштырып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт. 2009-жылы республика боюнча “Ачык эшик” аттуу акция өткөрүлүп, баланын мыйзам чегинде жүрүүсүнө түрткү боло турган роликтер көрсөтүлгөн. Ошону менен бирге окуучуларга профилактика катары ата-энелер, мугалимдер менен бирдикте жаш өспүрүм инспекторлору өспүрүмдөр колониясына барганбыз. Мунун негизги максаты – кылмыш жасаса ушундай акыбалга жетерин түшүндүрүү эле. Ал эми ушул окуу жылынын башында мектептерде “Милиция сиздер менен жана сиздер үчүн” аттуу акция өткөрүлдү. Акцияда рэкетчиликти жоюу боюнча милиция кызматынын кеңештери, эскертүү баракчалары таратылды.

Мектеп жашындагы баланын тагдыры бул – эртеңки келечегибиз. Окуучулар арасындагы рэкетчиликти жоюуда мугалимдер, ата-энелер, мамлекет жетекчилери, жалпы эле коом жапа тырмак киришсек, жаркын жашоого пайдубал куруп жатканыбыз болот эле.

Сүйүн Кулматова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 412, 24-30-сентябрь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан