КЫШКЫГА ЖАШЫЛЧА ТУЗДАЙБЫЗ

Бакчада жашылчалардын түрү бышып турган кез. Алардын бышуу мөөнөтүн өткөрүп жибербей, туздап, маринаддап алыңыз. Кышында ырахаттанып жейсиз. Бул жолу сиздерге кызыктуу, өзгөчө рецепттер менен бөлүшүүнү туура көрдүк.

КЕТЧУП МЕНЕН ТУЗДАЛГАН БАДЫРАҢ

Керектелүүчү азыктар:

Бадыраң – 1,5 килограмм

Сарымсак – 1 баш

Лавр жалбырагы – 2-3 даана

Тоголок кара мурч – 20 даана

Кумшекер – 0,5 стакан

Туз – 1 аш кашык

Кетчуп – 150 миллилитр

Суу – 650 миллилитр

Уксус (9%) – 0,5 стакан

Даярдоо ыкмасы:

1. Бадыраңды жууп, тазалап, 0,6-1 сантиметр калыңдыкта тегерек формада кесебиз.

2. Маринад даярдайбыз: сууга уксусту, тузду, кумшекерди, кетчупту, лавр жалбырагын жана тоголок кара мурчту кошуп 5 мүнөт кайнатабыз. Андан соң лавр жалбырагын маринаддан алып салабыз.

3. Тууралган бадыраңды алдын ала бууланган банкаларга толтуруп салып, кайнап жаткан маринадды үстүнө куябыз.

4. Банканы мискейге салып сыртынан 5 мүнөт кайнатып, темир капкак менен оозун бекитебиз. Андан соң банканы көмкөрүп, муздаганча жылуу ороп коёбуз.

АЛМА МЕНЕН ТУЗДАЛГАН БАДЫРАҢ

Керектелүүчү азыктар:

Бадыраң – 1,5-2 килограмм

Алма – 1-2 даана

Сарымсак – 4-5 тишче

Укроптун гүлү – 1-2 тал

Карагаттын жалбырагы – 3-4 даана

Тоголок кара мурч – 10-12 даана

Лавр жалбырагы – 4 даана

Кумшекер – 1 чай кашык

Туз – 2 аш кашык

Уксус 9% – 1 аш кашык

Суу – 1,5-2 литр

Даярдоо ыкмасы:

1. Бадыраңды, сарымсакты, укроп гүлүн, карагат жалбырагын жана алманы тазалап, жууп алабыз. Алманын кабыгын аарчыбайбыз.

2. Алдын ала бууланган банканын эң астына укроп гүлү, карагат, лавр жалбырактары, тоголок кара мурч салынат. Андан соң бадыраң, алма, сарымсакты тизебиз да, үстүнө кайнак сууну толтура куюп, капкагын жаап, 10 мүнөт тыныктырып коёбуз.

3. Банкадагы сууну мискейге куюп алып, ага туз, кумшекер салып 5 мүнөттөй кайнатабыз. Аягында суу менен уксусту кошуп дароо банкага куюп, оозун бекитебиз. Банканы көмкөрүп, үстүн жылуу жаап коёбуз.

ТУЗДАЛГАН КАБАК РУЛЕТИ

Керектелүүчү азыктар:

Кабак – 400-500 грамм

Укроптун гүлү – 1-2 даана

Петрушка – 2-3 тал

Райкан – 2-3 жалбырак

Сарымсак – 2 тишче

Сабиз – 2 даана

Маринад үчүн:

Суу – 0,5 литр

Кумшекер – 1 аш кашык

Туз – 0,5 аш кашык

Уксус (9%) – 20 миллилитр

Даярдоо ыкмасы:

1. Кабак менен сабизди жууп, тазалайбыз. Эми аны узатасынан жука-жука тилим кылып кесебиз.

2. Алдын ала бууланган банкага аарчылган сарымсакты, таза жуулган укроптун гүлүн, петрушканы жана райканды салабыз.

3. Кабак менен сабиздин тилимин кабаттап ороп банкага ныктап тизип салабыз.

4. Маринад даярдайбыз: сууга туз менен кумшекерди салып 5 мүнөт кайнатабыз. Кайнап жаткан маринадды ысык боюнча банкага куябыз да, капкагын үстүнө коюп 15 мүнөт тыныктырып коёбуз.

5. Банканы мискейдеги сууга салып 5 мүнөт кайнатып, андан соң капкакты бекем бекитебиз.

6. Банканы көмкөрүп, толук муздаганча жылуу ороп коёбуз.

БАНКАДАГЫ АССОРТИ

Керектелүүчү азыктар:

Помидор – 0,5 килограмм

Бадыраң – 0,5 килограмм

Гүлдүү капуста – 1 даана

Кабак – 1 даана

Сабиз – 3 даана

Болгар калемпири – 3 даана

Сарымсак – 2 баш

Лавр жалбырагы – 4 даана

Тоголок кара мурч – 10 даана

Укроп гүлү – 3 тал

Туз – 3 аш кашык

Кумшекер – 2 аш кашык

Уксус (9%) – 1 аш кашык

Даярдоо ыкмасы:

1. Жашылчалардын баарын жууп-тазалап, бадыраңдын эки учун кесип, 2-3 саатка муздак сууга чылап коёбуз.

2. Сабизди тегерек туурап, кайнак сууга 1 мүнөткө салып жумшартып алабыз.

3. Бууланган банканын түбүнө укроп гүлүн, лавр жалбырагын, тоголок кара мурч, гүлдүү капуста, андан кийин жашылчанын баарын иреттеп тизебиз.

4. Банкага кайнап жаткан сууну толтура куюп, капкагын жаап, 10 мүнөт тыныктырабыз. Бул кадамды эки жолу кайталайбыз.

5. Бул аралыкта аралашма даярдайбыз. Ал үчүн 1 даана сабизди, 2 даана болгар калемпирин, 1 баш сарымсакты эт туурагычтан өткөрүп аралаштырабыз.

6. Банкадагы сууну мискейге куюп алып, ага 3 аш кашык аралашма, 1 аш кашык уксус, 2 аш кашык кумшекер, 3 аш кашык туз салабыз. 3 мүнөттөй кайнатабыз да, банкага куюп оозун бекитебиз. Банканы көмкөрүп, жылуу ороп коёбуз. Муздаган соң салкын жайда сактайбыз.

Дамира Арстанова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Dikowka93
2020-08-24 17:08:08
Эн сонун рецептер.чоон рахмат..кабак не деген ашкабакпы
0
Aimani
2020-08-25 00:30:30
Dikowka93,кабачки.
0
№ 924, 20-26-август, 2020-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан