(Башы өткөн сандарда)
Аяна биринчи жолу сиңдиси менен чоң пикир келишпестикке кабылды. Салиманын мүнөзүн билгени үчүн жини келди. Анткени анын артка кайтпашы белгилүү эле.
Бир күн сүйлөшпөй койду. Эртеси сиңдиси кеткенге камынып жатканын байкады да, жанына келди.
– Эмне, кеткени жатасыңбы?
– Ооба. Дагы бир барып көрөм. Макул десе алып кетем. Болбосо дагы келем. Кышкыга кийим-кече камдап берип кетпесем болбойт.
“Апам” дей албады. Ким тууралуу сөз болуп жатканын экөө тең билди. Аяна улутуна отуруп калды. Бир аздан кийин кийине баштады.
– Сен кайда?
– Сени менен барып көрүшүм керек. Макул десе жаныма алам.
Сиңдиси кучактап ыйлап жиберди.
– Болду эми, мен кошо ыйлайм азыр.
– Сен сонунсуң. Сени мынча адамгерчиликтүү кылып ким жараткан? Эже, сенин жүрөгүң кимди тарткан?
– Мен атамды тарткам.
Сиңдиси сырдуу тиктеп койду. Бир нерсе айтайын деди, бирок токтоп калды.
– Ии, айт.
– Баары жакшы болот, эже.
Аяна шаардын бир четинде кыркалай тизилген жалпак үйлөрдүн бирине машинесин токтотту. Өзүнө күч жыйнап жаткандай сезилди.
– Мен ээрчитип чыгам, сен кирбей тур,- деди сиңдиси эмнегедир.
Бир аздан кийин маңдайында бойлуу аял турду. Кир кийимдери көзгө чалынды. Анан жүзүнө карады. Кара көк жүзү шишик тартып, түрдүү тырыктар менен кооздолгондой эле. Жүзүнөн эч бир сезимди көрө албай турду. Кайгырганы, өкүнгөнү, ичинен тынганы билинбеген кайдыгер бир жүз турду. Чоочун аял турду. Эмнегедир жылмайып койду. Дили үркүп кетти. Апасы менен бул жашоодо кездешем деген ойду боюна жуутчу эмес. Ал эми мындай абалында көрөм деп үч уктаса түшүнө кирген эмес. Апасы эсинде супсулуу, ойноок көздөрү шаңга бөлөнүп, жашоого тойбой турган учуру менен сакталып калган экен. Алдында турган аял ага чоочун эле.
– Дал мен ойлогондой сулуу аял болупсуң,- деди апасы.
– Сен... Сенин эсиңдеминби?
– Эстей албагандай картаң эмесмин,- деди сөзүн чорт кескен аял кабагын бүркөп. Мүнөзү ошол боюнча чорт, кашкөй бойдон калган экен.
– Издедиңер, таптыңар, абалымды көрдүңөр. Эми кеткиле!- деди ал шарт бурула. Басып бара жатты. Эки кыз аркасынан карап турушту. Караан узап бара жатты.
– Апа-а!
Аял аркасынан ушинтип кыйкырган кыздын үнүн укту. Жүрөгү болк этти. “Бул Аяна!” деди жүрөгү зырп эте. Аркасынан буту үзүлгөнчө чуркап келе жаткан 10 жаштагы кызын эстеди. Ошондо да кыйкырган эле. Бирок ал аркасына карабаганга аракет кылып, тиги кишинин жетегинде машинеге түшүп кеткенче шашкан. Жүрөгүндө бир от пайда болуп, ал эч нерсеге каратпай алып учуп кеткен эле. Кызын бир тиктеп койбой качып кеткен. “Бул менин жашоом, сүйүүсүз жашай албайм. Кыздарымсыз жашай алышым мүмкүн. Бирок бул адамсыз жашай албайм” деп ойлогон. Мас кылган, көр кылган, шордуу кылган, акыры “селсаяк” кылып тынган да ошол сүйүү эле. Экинчи жолу жүз буруп кетип бара жатат. Аяна дагы кыйкырды. Бул жолу буту шилтенбей калды. Аяна жанына келди.
– Сен дагы качып баратасың. Сен дагы бизден жүз буруп баратасың. Макул, мен көндүм. Сенсиз жашаганга көндүм. Бирок ушунча жыл издеп таап, дагы деле сенден үмүт үзбөгөн кичүү кызыңды эмне кыласың?
– Мен силерди төрөп, жарык дүйнөгө алып келдим. Андан башка эч нерсе кылган жокмун, кыла да албайм.
– Жок, жаңыласың. Сен жок дегенде азыр биз үчүн бир нерсе кыла аласың.
– Мени жайыма койгула.
– Бизге карызсың сен!- деп чаңырып жиберди Аяна. – Сен бизге мээрим карызсың. Төрөп туруп таштап кетип, эч нерсе кыла албайм деген менен бүтпөйт. Жок дегенде сен бизге чындыкты айтып бергенге мажбурсуң.
– Кет!
Аял ушинтип айтты да, тез-тез кадам шилтеп жөнөп кетти.
Кайра машинеге келип отурушту. Экөөнүн тең жүрөгүндө оор жүк бардай эле.
– Көк бет бул. Келбейт,- деди Салима.
– Жакшы болуптур, келбесе кереги жок,- деп Аяна машинесин айдап кетип калды.
Ошентип айтып коюш оңой болгону менен, жүрөгүнө тикенек сайылгандай сезим боло берди. Өйкөйт да турат. Көчөдө суук болгон сайын аны эстечү болду. Өзү үшүп жылыбай, жашай албай жаткандай туңгуюк сезим эле. 2 жумадан кийин сиңдиси келди. Ал да тынч ала албай койгон сыяктуу. Жылуу кийимдерди алып баягы дарекке барышты эле, ал жерден апасын таппай калышты. Дайынын билген эч ким жок.
– Бактыгүлдү издеп жатасыңарбы?- деди бир аял кызыга. Көздөрү кылгырып кызуу экени билинди.
– Ооба.
– Мага бир бөтөлкө аракка, тамакка жете турган акча берсеңер кайда экенин айтып берем...
– Макул.
Ошол жердеги чакан кафеге алып барып ал аялды тойгузушту.
– Ал тууралуу эмне билесиз?
– Ал тууралуу көп нерсе билем,- деди тиги ыктыта.
– Биздин андан эч кабарыбыз жок, айтып берсеңиз?
– Эми айтканда эмне, турмушубуз болбой калып, ичип жүрүп ушул абалга келебиз да. Жыргаганыбыздан ушинтип калмак белек? Аны эркектер талкалады. Эркектер...
– Кандайча?
– Сулуу болчу. Түрмөдөн кебетеси келишип, жүзүнө пайда болгон тырыктар менен чыкты.
– Түрмө?
Кыздардын оозу ачылып калды.
– Ии, билишимче, кыздарын таштатып, өзүн алдап алып келген неме бактысыз кылды. Бойдок болумуш болгон неменин аялы, бала-чакасы бар экен. Аны да кийин билет. Уруш чыкканбы билбейм, иши кылып бычак менен уруптур. Тиги аман калганы менен, түрмөгө отургузуп салыптыр. Сүйүү эмне кылбайт? Түрмөдөн чыккандан кийин кайра жолугушат. Жашыруун жашап жүрүшкөндө боюна бүтүп, аны да боюнан алдыртып, тиги биротоло таштап кеткенден кийин ичкиликке берилди. Кийин да колдон-колго өтүп кетти. Өзү дили таза, боорукер неме. Билгеним ушу.
Бул окуя Аянанын жашоосун астын-үстүн кылды. Көрсө, энесинин тагдырын кызы тартат деген чын тура. Өзү да сүйүү деп мынча азапка кабылган жокпу? Аялы бар адамды сүйүп калып жаны ушуга чейин чок болуп жүргөн жокпу? Көзүнө андан башка эч нерсе көрүнбөй калган үчүн Искендерден азыр да баш тарта албай келе жатпайбы. Демек, апасын күнөөлөгөнгө кандай акысы бар?
– Эже, эмнени ойлонуп жатасың?
– Жашоону.
– Эже, апам тууралуу мен дагы бир чындыкты билем.
– Кандайча?
– Атама турмушка чыга электе башка бир адамдан кызы болгон экен.
– Ия?
– Биздин энелеш дагы бир эжебиз бар имиш.
– Жок, кайдагыны айтпачы.
– Муну атамдан башка дагы бир-эки адам гана билчү экен. Бири мени баккан апам, атамдын эжеси билчү. Атама элдин сөзүнө калбаш үчүн турмушка чыгыптыр. Сүйбөй чыккан экен. Кийин жанагы кишиге жолугуп калып, качып кеткен тура.
– Уф, ушунун баарын билишибиз керек беле?
Аяна сыртты карады. Удургуп жааган кар терезеге урунуп жок болуп жатты. Оюна апасы түштү. Аны табышы керек. Бардыгын өз оозунан укканда гана анын турмушунда бир өзгөрүү болушу керек. Аны кечиргенде гана өзүнүн турмушу бир нукка түшөрүнө ишенип турду. Эң оор болгон нерсени жасашы керек. Ал апасын кайтарып үйүнө алып келүүгө бел байлады...
(Уландысы кийинки санда)