7 жашынан бери экрандан түшпөгөн Ким Со Хён

Ал 21 гана жашта. Бирок актёрдук карьерасында 50гө жакын сериал, тасмаларга тартылган. Модель катары көптөгөн абройлуу компаниялардын жүзү болуп келе жатат. Ырчы, алып баруучу катары да таанымал. Эми жазуучулук кесиптен да өзүн сынагысы келип жүргөн актриса Ким Со Хён 7 жашынан бери камера алдында иштеп келе жатат. Балалыгы мектепте, классташтарынын жанында эмес, тасма талаасында өткөн Со Хёндун жашоосуна саякатка чыктык.

Толук аты-жөнү: Ким Со Хён

Туулган жылы: 1999-жыл, 4-июнь

Туулган жери: Австралия, Сидней шаары

Бою: 166 сантиметр

Жылдыз белгиси: Эгиздер

Кесиби: Актриса, ырчы, модель

Тартылган белгилүү дорамалары: «Айдын кучагындагы Күн», «Мен сени сагындым», «Чатырдагы ханзаада», «Мектеп-2015», «Гоблин», «Кел күрөшөбүз, арбак», «Радио романтика», «Сүйүү белгиси» жана башка

Тасмалары: «Таза сүйүү», «Вендеттанын адамы», «Атам – тыңчы», «Ханбийке Док Хе» жана башка

ТАГДЫРДЫ ЧЕЧКЕН 10 МҮНӨТ

Аянтынын кенендиги боюнча 6-орунда турган Австралия мамлекетинин Сидней шаарында болочоктогу актриса, учурда миллиондогон күйөрманы бар Ким Со Хён төрөлгөн. Анын тележылдызы болгонуна, балким, апасынын таасири тийгендир. Анткени анын апасы Ли Мари театр актрисасы, ал эми атасы Ким Ву Мин ишкерлик менен алектенет. Со Хён 4 жашка чыкканда үй-бүлөсү менен мекенине, тагыраагы, Түштүк Кореянын Сеул шаарына көчүп келишкен.

Анын актрисалык тагдырын, келечегин чечкен сериал «Драма Сити» деп аталат. 2010-жылы аталган сериалда 10 мүнөттүк роль ойногон кыздын талантына режиссёрлордун көзү түшөт. Дал ошол 10 мүнөттүк ролдон кийин ага кийинки тасма, сериалдарга тартылууга сунуштар түшө баштаган.

ТАСМА ТАЛААСЫНДА ӨТКӨН БАЛАЛЫК

Тасма, сериалдарда баш каармандардын бала чагын ойноп жүргөн Со Хён алгачкы жолу башкы ролду 2010-жылы «Вендеттанын адамы» киносунда алган. Кичинекей талантты дайыма апасы коштоп, колдоп жүрөр эле. Мектеп курагынан бери тасма талаасында жүргөн кызга окуу менен карьераны бирдей алып кетүү оор болчу. Андыктан апасы ага үйдөн бош убактысына ылайыктап мугалим жалдап окута баштаган. Жогорку билим алууну каалаган актриса 2017-жылы Ханьян университетинин театралдык факультетине тапшырган.

БИР РОЛГО БАЙЛАНГЫСЫ КЕЛБЕЙТ

21 жаштагы актрисанын тартылган тасма, сериалдарынын тизмесин карап отуруп, анын көпчүлүгү ийгиликтүү эмгек болгонун көрсө болот. Со Хён бир образга байлангысы келбейт. Аны иш жүзүндө да далилдеп келет.

Аны бир канча өлкөгө популярдуу кылган дорамалар «Айдын кучагындагы Күн» жана «Мен сени сагындым» деп аталат. Эгер сериал сүйүүчүсү болсоңуз, аталган дорамаларды сөзсүз көрсөңүз керек. Каарманыбызды фантастикалык сериалдардан да көрө аласыз. Популярдуу «Гоблин» сериалында генералдын карындашынын ролун, «Кел күрөшөбүз, арбак» дорамасында арбактын ролун мыкты ойногон. Со Хёнго мектеп окуучусунун да ролу жарашат. «Мектеп-2015» сериалы аны актриса катары жаңы тепкичке чыкканын көрсөттү. 2019-жылы экранга чыккан «Сүйүү белгиси» дорамасы көптөгөн өлкөлөрдө популярдуу болуп, суроо-талаптардын негизинде тартуучу топ 2-сезонду тартууга макулдук беришти. Негизи корей кинематографиясында сериал канчалык популярдуу болбосун 1 сезон менен аяктайт. 2 сезонго узаргандар чанда гана. 2-сезондун тартылышы сериалга тартылган актёрдук курамдын көпчүлүктүн сүймөнчүгүнө айланганынан кабар берсе керек. Аталган дорамада Со Хён башкы каармандын ролунда.

БООРУКЕР СО ХЁН

Ушунча көп жана ийгиликтүү тасмаларда роль жараткан актрисанын алган сыйлыктары да арбын. «Кичинекей кыздын мыкты ролу», «Жаңы мыкты актриса», «Кореянын жаңы жылдызы», «Мыкты драмалык роль», айтор, чынында эле көп.

Ким Со Хён бир гана таланты, сулуулугу менен эле эмес, кайрымдуулук иштери менен да таанымал. Табият кырсыктарынан жабыркагандарга, ооруканаларга кайрымдуулук кылган адамдардын арасынан каарманыбызды да таба аласыз. Анын мындай боорукерлиги үчүн күйөрмандары өзгөчө алкыш айтышат.

Актриса тууралуу кыскача...

  • Сүйүктүү актрисалары – Сон Йе Жин жана Рэйчел Макадамс.
  • Убактысынын тардыгына байланыштуу жигит күтө электигин айтат. Бирок идеалындагы мырза деп актёр Пак Ю Чонду эсептейт.
  • Терс каармандардын ролун ойноордун алдында хейтерлердин негативдүү комментарийлерин окуп коюу жакшы жардам берет дейт.

Асыл Орозбекова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 924, 20-26-август, 2020-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан