УРМАТБЕК АМАТОВ

Өткөн айда Сингапурда өткөн I Дүйнөлүк Олимпиадада жаш балбаныбыз Урматбек Аматов чемпион аталган. Муну менен ал Кыргызстандын туусун бийик желбиретип, өз атын спорт тарыхына алтын тамгалар менен калтырды. Бүгүн сиздерди триумф жараткан жөнөкөй жигит менен кененирээк тааныштырмакчыбыз.

Аматов Урматбек Абдырасулович
Туулган жылы – 1993-жыл, 27-май
Туулган жери – Аламүдүн району, Ленин айылы
Салмагы – 58 килограмм, бою – 165 сантиметр
Кумири – Канатбек Бегалиев
Грек-рим күрөшү боюнча кадеттер арасында Азиянын чемпиону (2010), өспүрүмдөр арасында I Дүйнөлүк Олимпиаданын алтын медалынын ээси
(2010).
Үй-бүлөдө 5 бир тууган. 3 эжеси жана 1 иниси бар.
КМКТАУда спорт жана туризм багыты боюнча 1-курстун студенти.
Бойдок. Учурда Ленин айылында жашайт.

ОЛИМПИАДА
– Олимпиадага аттанып жатып чемпион болууну көздөдүң беле?
– Чынын айтканда, жер көрүп келсем, эптеп медалга илинсем деп ойлогом. Чемпион болом деп ойлогон эмесмин.
– А машыктыруучулар эмне дешкен?
– Жеке машыктыруучум Пётр Ялома: “Сен жеңишиң керек!”- деп айткан. Калгандары да ийгилик каалап жөнөтүшкөн.
– Кайсы кармашың баарынан кыйын болду?
– Биринчи килемге чыкканда венгриялык спортчуну оңой эле жеңип алдым. Жарым финалда намибиялык атаандашым менен болгон кармаш кыйын болду. 2 бөлүм күрөштүк. Упай боюнча жеңдим. Финалда украиналык каршылашым менен күрөшкөндө да анчалык кыйналган жокмун.
– Ошол тарыхый финалдык беттеш алдында агайыңдын айтканы эсиңде болсо керек...
– Ооба, албетте. Раатбек Мамбетов агайым: “Урматбек, мындай мүмкүнчүлүк өмүрүңдө кайра болбошу ыктымал. Эмкиде финалга чыгасыңбы же жокпу, аны Кудай билет. Ошондуктан азыр жеңишиң керек! Жеңсең, тарыхта каласың”,- деп дем-күч берген.
– Чемпион болгонуңду кимге биринчи сүйүнчүлөдүң?
– Жеңип чыккандан кийин агайым телефон аркылуу Кыргызстан менен байланыштырды. Чемпион болгонумду биринчи машыктыруучума, анан ата-энеме айттым.
– Анан сыйлык тапшыруу салтанатында кандай сезимдер болду?
– Биздин гимн жаңырып, ийгилик тепкичинде менден төмөндө Орусия менен Украинанын өкүлдөрү турганын көргөндө сыймыктануу сезимдери болуп жатты. Ал сезимдерди сөз менен айтып берүү кыйын.
– Сингапур кандай өлкө экен? Жактыбы?
– Сингапур абдан таза, бийик имараттарга бай шаар экен. Көчөлөрүндө чаң жок. Жаан тез-тез жаап турса да, ысык болот экен.
– Ал жакта жүргөндө үйдү сагынып, зеригип кеткен жоксуңбу?
– Сагындым, бирок уюштуруучулар бизди зериктирбеш үчүн түрдүү иш-чараларды пландаштырган да. Шаар боюнча саякатка чыгып, бардык көзгө урунарлык сонун жерлери менен тааныштык. Убактыбыз көңүлдүү эле өтүп жатты.
– Силерди «Манас» аэропортунан тосуп алышарын уктуңар беле же сюрприз болдубу?
– Билгенбиз, бирок ушунчалык жогорку деңгээлде тосуп алышат деп күткөн эмеспиз. Түнкү саат 3 экенине карабастан, көптөгөн адамдардын келгенин, фото жана видеокамераларды көргөндө аябай сүйүндүк.
– Олимпиададан кийин сенин жашооңдо эмне өзгөрүү болду?
– Чоң өзгөрүүлөр деле болгон жок. Бирөөлөрдүн мага жасаган мамилелери өзгөрдү окшойт. Мурда карабаган адамдар таанып, учурашып калышты.

ГОНОРАР
– Президент берген 10 миң долларды эмнеге короттуң?
– Ата-энем менен кеңешип, машина алалы деп жатканбыз. Анан мамлекет да белекке машина берет дегенди угуп, албай турууну чечтик. Азыр акчаны белгилүү бир максатка жумшайбыз деген план жок. Анын үстүнө гонорарды ала элекмин. Ушул айдын аягында 30-сентябрда беребиз дешкен. Колго тийсин, анан көрөбүз да.
– Гонорарды аз деп эсеп­тебей­сиңби?
– Чынында, көп адамдар аз деп айтып жатышат. Мен да ошентип ойлойм, бирок жетишкендигимди баалап, сыйлап жатышканына рахмат. Эгер жеңбей калсам, андай акча деле болмок эмес да (күлүп). Салыштыруу үчүн айтсам, Азербайжан, Казакстанда чемпиондордун ар бирине 50 миң доллардан берип, үй да белек кылышыптыр.
– Коло медалды жеңип алган Шадыбектин үйлүү болгону чынбы? Аны укканда “мага да беришсе болмок” деген ой жаралган жокпу?
– Ооба, чын. Андай ойлор... жаралды. Бирок жаралганы менен, эмне кылмак элем?..

ӨЗҮ ЖӨНҮНДӨ
– Сенин спортчу болу­шуңа ким себепчи?
– Күрөш менен 3-класстан бери алектенип келем. Спорт залына мени атам алып барган. Мектепте күрөш менен алектенген балдар бааланчу. Мен да ошолордой болсом деп кыялданчумун.
– Атаң өзү да спортчубу?
– Жок. Кызыгы, ал мурда менин күрөшкөнүмдү көрүү үчүн барчу эмес. Былтыр өлкө биринчилигинде 1 баллга утулуп, чемпион боло албай калгам. Жеңүүчү Азия чемпиондугуна бармак. Ошондо аябай ыза болуп, 2 күн үйдөн чыкпай ыйлагам. Ушундан кийин атам менин күрөшкө берилгенимди көрүп, күрөштөрүмдү калтырбай калды.
– Окуу жагынан кан­дайсың?
– Жакшы деле окубайм, чынында.
– Мунун себеби эмнеде деп ойлойсуң? Машыгуулардын айынан убактыңдын жоктугунанбы же?..
– Машыгуулардын айынан окууга жетишпей каласың. Кээде мелдештин алдында эртең менен жана кечинде 2 жолу машыгып, окууга убакыт жок болот. Бирок мугалимдериме рахмат. Баарына түшүнүү менен карап, мелдеш учурунда бошотушчу. А мелдештен кийин билгенимди айтып берчүмүн.
– Жаш балбандарга, өзүң курактуу досторуңа кандай кеңеш бере аласың?
– Мен айтат элем, бир нерсеге жетишүүнү чын дилиңерден кааласаңар, оюңардан кайтпагыла деп. Машыгууларды калтырбагыла, анан, албетте, Кудай берет.
– Урматбек, маегиңе рахмат. Кыргыздын атын дүйнөгө таанытып жүрө бер!

Базарбек Абдураимов
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
elif
2010-09-25 14:03:40
Azamatsin,iygilik kaalaym.
0
vertual
2010-09-25 15:47:21
Азамат! Дагы алдыда чон, чон жеништеринди кутобуз!! Чондор акчасын бергиле!!!
0
takim
2010-09-27 00:13:23
кчан гана турнирлер болгондо спортсмендерди эстеп келебиз...
спортту колдош керек ..
0
masya
2010-11-26 16:13:56
Molodec
0
№ 412, 24-30-сентябрь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан