Ирландияда 28 жыл мурун жоголгон Жеймс Паттерсон аттуу жарандын сөөгү табылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Паттерсонду жакындары акыркы жолу 1991-жылдын 6-октябрында көрүшкөн. Ал Махерафелт шаарындагы ооруканада жаткан досун көрүүгө кетип, ошол бойдон дайынсыз жоголгон. Кийин издөөлөргө карабай, аны табууга такыр мүмкүн болгон эмес.
Бирок ушул жылдын июль айында Банн дарыясынан жашыл түстөгү Ford Orion үлгүсүндөгү унааны табышат. Анын ичинен адамдын дене калдыктары табылган. Бул дарыя Махерафелттеги ооруканага бараткан жолдо жайгашкан. Полиция ДНК-тесттин негизинде бул Паттерсондун денеси экенин тастыктады. Соттук-медициналык экспертиза аяктаган соң полиция дененин калдыктарын жакындарына өткөрүп берди.
Жолдубек Качкынбаев
koom@super.kg