КАТУУ ЧАЧКА КАМ КӨРҮҮ

Чачыбыз жумшак, “тил алчаак” болуп кандай жасалга жасасак да ыкка келип турганы кандай сонун?! Кулпуруп турган чач –аялзатынын көркү. Бирок айрым чачтар табиятынан катуу келип, маселе жаратат. Ушул жөнүндө сөз кылабыз.

1. Чачыңыз катуу болсо муздагыраак суу менен жууңуз. Эч болбосо аягында муздак суу менен чайкоону адатка айландырыңыз. Бул ыкма чачтын сынышына жол бербейт жана жумшак, жылтырак болуусун шарттайт.

2. Жуугандан кийин сүлгүнү узак убакытка башка ороп жүрбөө сунушталат. Чачка зыян келбеши үчүн катуу жулмалабай, сүлгү менен акырын гана аарчып коюу жетиштүү.

3. Чачка фен, үтүк сыяктуу электр шаймандарын ашыкча колдонбоңуз. Алар чачтын катуу, жансыз болушуна алып келет. Ысык аба чачты нымсыздандырып, учунан өзөгүнө чейин зыянга учуратат. Эгерде алардан толугу менен баш тарта албасаңыз, анда коргоочу спрей же сыворотка колдонуңуз.

4. Чач кургамайынча тароого болбойт. Чатышып зыянга учурабашы үчүн кең тиштүү тарак колдонуңуз.

ҮЙ ШАРТЫНДАГЫ МАСКАЛАР

  • 3 аш кашык зайтун майын, 1 аш кашык балды жана 1 капсула Е витаминин аралаштырып, чачка сүйкөп, 30 мүнөттөн соң жууйбуз. Кургап турган чачыңыз нымдашып, өңүнө чыга түшөт.
  • 1 бананды эзип, 2 аш кашык йогурт менен аралаштырабыз. Аны чачка сүйкөп, жоолук салынып алабыз да, 1 сааттан кийин жууп салабыз. Бул чачты жумшак, жылтырак кылат.
  • Бир стакан сууга жарымынан аз стакан алма уксусун аралаштырыңыз. Шампунь, бальзам менен чачты жууп бүткөндөн кийин бул аралашма менен чайкап, түптөрүнөн бери жакшылап сүйкөп, муздагыраак суу менен чайкап салыңыз.
  • Кадимки алоэнин жалбырагын сыгып, ширесин чачка сүйкөйбүз. 30 мүнөт кармап, жууп салабыз. Алоэ ширесине кастор, уйгак майын же А, Е витаминдерин да аралаштырып колдонсо болот. Алоэде чачты жумшартуучу, азыктандыруучу ферменттер бар.

Динара Акимова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
AidaKurman
2020-08-24 11:21:27
Пайдалуу кенеш экен.
0
№ 924, 20-26-август, 2020-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан