СПОРТ МЕНЕН МАШЫГУУ УЧУРУНДА МУЗЫКА УГУУНУН ПАЙДАСЫ ДАЛИЛДЕНДИ

Спорт менен машыгуу учурунда музыка уксаңыз, мээнин иштешин жакшыртат. Бул тууралуу Япониянын Цукубы университетинин изилдөөчүлөрүнүн сөзүнө таянып “Neuroscience” илимий журналы жазып чыкты.

Изилдөөнүн жүрүшүндө адистер 33 спортчунун машыгуудан кийинки маанайына байкоо салышты. Биринчи топтогу спортчулар музыка угуп машыгышты. Ал эми экинчи топтогулар ар кандай үндөр менен сигналдарды угуп машыгышкан. Изилдөөнүн жыйынтыгында, музыканын коштоосунда машыккандардын маанайы экинчи топтогуларга караганда жогору болгону байкалды. Бул музыканын коштоосунда машыгуу адамдын физикалык абалын гана эмес, когнитивдүү абалын да жакшыртарын далилдеген биринчи изилдөө болуп саналат.

Жолдубек Качкынбаев
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 925, 27-август-2-сентябрь, 2020-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан