Пекинде коронавирус илдети менен жабыркаган бир дагы бейтап калган жок. Шаардык ооруканадагы акыркы эки бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу Кытайдын маалымат булактары жазып чыгышты.
Пекин шаарында жалпы 935 адам илдетке чалдыккан. Азыркы тапта эпидемиялогиялык эрежелер жумшартылды: көчөдө бет капсыз жүрүүгө болот, бирок жабык имараттарда бет кап кийүү сунушталат.
Статистикалык маалыматка ылайык, Кытайда ооругандардын 94,13 пайызы айыгышты. Эскерте кетсек, COVID-19 илдети алгач 2019-жылдын декабрь айында Кытайдын Ухан шаарынан катталган. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму 11-марттан тарта бул абалды пандемия деп мүнөздөгөн.
Жолдубек Качкынбаев
koom@super.kg