Apple корпорациясы жакынкы күндөрдө Сингапурдун Марина Бей кысыгында суу үстүндө калкып жүрүүчү дүкөн ачарын жарыялады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты. Жакында компания имараттын сырткы көрүнүшүн чагылдырган чакан жарнамалык видеоролик жарыялады. Анда имараттын фасады айнек панелдер менен капталып, алар түнкүсүн жарык берип турары көрүнөт. Компаниянын логотиби имараттын борборунда ачык кызыл түстө пайда болот. Имарат шар формасында болот.
Бул Apple Store’дун Сингапурдагы үчүнчү, дүйнө боюнча 512-дүкөнү.
Жумабай Акимов
koom@super.kg