TikTok тиркемесинин жаратуучусу болгон кытайлык Bytedance компаниясы АКШнын президенти Дональд Трамптын администрациясын сотко берди. Алар компаниянын АКШнын аймагындагы ишмердигине тыюу салынуусуна каршы. Тактап айтсак, быйыл 14-августта Дональд Трамп "АКШнын коопсуздугуна коркунуч жаратат" деген жүйө менен АКШда TikTok’тун ишмердүүлүгүн токтотуу тууралуу жарлыкка кол койгон. Анда кытайлык ByteDance компаниясы менен бардык келишимдерди токтотууга 45 күн берилген. АКШ администрациясы "TikTok Кытай бийлигине америкалыктар тууралуу маалыматтарды жиберип турат" деп шектенет. Bytedance тиркемени америкалык компаниялардын бирине сатуу үчүн жолдорду издөөдө. TikTok тиркемесин АКШда 100 миллион адам колдонот.
Жумабай Акимов
koom@super.kg