ГОЛЛИВУДДУ БАГЫНДЫРГАН ЛИ ЖУН КИ

2016-жылы чыккан «Алоолонгон жүрөктөр: Корё» сериалындагы ат чаап келе жаткан 4-ханзаада Ван Со (Ли Жун Ки) эсиңизде барбы? Бетиндеги узун тырыгы, сүрдүү көз карашы... Аягында дал ошол сүрдүү каармандын тагдырына бооруңуз ачып ыйлагандырсыз. Эгер бул дораманы көрө элек болсоңуз, көрүңүз, бирде күлдүрүп, бирде ыйлата турган сонун тасма. Ошон үчүн ал эң жогорку рейтингдеги ордун жоготпой келе жатат. Бүгүн дал ошол 4-ханзааданын ролун жараткан актёр Ли Жун Ки кайрадан эл оозунда. Бул жолу да кызыктуу сюжетти камтыган «Жамандыктын гүлү» сериалында өз образын мыкты ачып берүүдө. Бүгүн биз кандай роль болбосун ийине жеткире аткарган актёр Ли Жун Ки менен жакындан таанышалы дедик.

Толук аты-жөнү: Ли Жун Ки

Туулган жылы: 1982-жыл, 17-апрель

Туулган жери: Түштүк Корея, Пусан шаары

Бою: 178 сантиметр

Жылдыз белгиси: Кой

Кесиби: актёр, модель, ырчы

Тартылган белгилүү сериалдары: «Түнкүсүн сейилдеген окумуштуу», «Чосон доорундагы жаачы», «Аран жана магистрат», «Алоолонгон жүрөктөр: Корё», «Мыйзамдан тышкары адвокат», «Жамандыктын гүлү» жана башка

Тартылган тасмалары: «18-май», «Биринчи кар», «Уч, ата, уч», «Падыша жана маскарапоз»

ОФИЦИАНТТАН АКТЁРЛУККА ЧЕЙИН

Бирок алдыга койгон максатка жетүү Жун Киге кыйынчылыкка турган. 19 жаштагы жигит чогулткан 250 доллардай акчасы менен Сеул шаарына кете берген. Ал жакта кафеге официант болуп жумушка орношуп, бош убактысында актёрлук чеберчилигин көрсөтүү максатында сынактарга барчу. Бир сынакка барды, экинчиси, үчүнчүсүнө барды. Мындай сынактардын саны 50гө жетти, бирок баарынан «жок» деген жооп уга берди. Тажабай эшик кага берген Жун Ки фотографтын көзүнө түшүп, 2001-жылы кийимдерди жарнамалаган дүкөндүн модели катары фотосессияга чакыруу алат. Андан кийин 4 жыл ичинде актёр катары майда-барат ролдорго тартылып жүрдү. Анын кесибиндеги ийгиликтүү учур 2005-жылга туш келген. Тарыхый «Падыша жана маскарапоз» көркөм тасмасында баш каармандын ролун ойногон Ли Жун Ки популярдуулукка оронду да калды. Режиссёр аталган тасмага Жун Кини эки колун таянып бутун тик көтөрүп тура алганын көрүп чакырганын айтканы бар. Аталган эмгек корей кинематографиясында көп касса чогулткан тасмалардын катарында.

ТЕНТЕК ЖУН КИ

Атасы «эркек баланы катуу кармаш керек» деген принциптеги адам эле. Андыктан үй-бүлөдө Жун Киге карата өзгөчө катуу талаптар бар болчу. Бир нерсени туура эмес жасаса, атасы «эмдеп-домдоп» коё турган. Канчалык катуу тарбия болбосун, өспүрүм мектепте ата-энеси күткөндөй жыйынтыкка жетпей, орточо окугандардын катарында эле. Анын үстүнө терс жолдо жүргөн балдарга кошулуп калып ичимдик ичип, үйүнө кеч келип, кээде мушташкан күндөрү болду. Баласын туура жолго салууну көздөгөн атасы аны спортко тартып, таэквондо ийримине берип, күндө сабактан кийин аны менен чогуу машыгуу залына барып турган. Ли Жун Кинин программист болом деген кыялы бар эле. Бирок ал кыял «Гамлет» спектаклин көргөндөн кийин өзгөрүп, актёр болом деген максатка алмашып кеткен.

ЖИГИТКЕ ЖЕТИМИШ ӨНӨР АЗ

Учурдун популярдуу адамын өз тасмасына ар бир эле режиссёр тартып калгысы келет эмеспи. Ли Жун Киге да сунуштар жамгырдай жаап, ал тартылган тасмалардын да саны арбыды. Уруш өнөрлөрүн мыкты билгени, спорттук дене түзүлүшү да анын кесибинин алдыга жылышына көмөкчү болду. Актёрлук менен катар ырчылыкты колго алган каарманыбыз бир нече музыкалык альбом чыгарганга да жетишти. Мурун актёр, модель катары таанымал болсо, эми аны ырчы катары кумир туткандар пайда болгон. «Мен интернетти көп колдоном. Мага карата жазылган билдирүүлөрдөн улам кайсы жеримди оңдош керек экенин билем, кайсы сапатым мыкты, кандай кемчилигим бар экенин окуй алам. Мага болгон көңүл буруулар менин адам катары да, актёр, ырчы катары да өсүшүмө жардам берет»,- дейт ал.

МИЛЛА ЙОВОВИЧ МЕНЕН БИР ТАСМАДА

Ли Жун Ки карьерасында ар кандай жанрдагы тасмаларга тартылып, ар түрдүү образдарды ачып бере алды. Корей эле эмес, Голливудга да буту жетти. Дүйнөлүк белгилүү актриса Милла Йовович тартылган көп бөлүмдүү «Жамандык жайы» («Обитель зла») тасмасын көрсөңүз керек. Дал ошол тасманын 6-бөлүмүндө Ли Жун Ки да тартылган. Тасманын режиссёру Пол Уильям Скотт Андерсон Ли Жун Кинин актёрдук чеберчилигине баа берип, өзү электрондук кат менен кайрылып, тасмага чакырган.

Учурда ал башкы каармандын образын жаратып жаткан «Жамандыктын гүлү» дорамасы популярдуу болууда. Бир тарабы – үлгүлүү күйөө, мээримдүү, камкор ата, бир сөз менен айтканда идеалдуу эркек. Экинчи тарабында – таш боор, мыкаачы, киши өлтүргүч адам. Бир адамда карама-каршы келген сапаттарды камтыган адамдын образын чагылдырган Ли Жун Ки көпчүлүктүн мактоосуна арзууда. «Мен карьерамда качандыр бир убакта ушундай роль жаратам деп сезчүмүн. Сценарийди окуганда убакыт келгенин билдим»,- деген актёрдун оюнуна аталган сериалдан баа бере аласыз.

ЖЕКЕ ЖАШОО

Жеке жашоосу тууралуу сөз кылганды жактырбайт. Ал кесиптеши, «Чосон доорундагы жаачы» сериалындагы өнөктөшү Чон Хе Бинге үйлөнүп, бир жылга жетпей кайра ажырашып кетишкен. Ошондон бери актёрдун жеке жашоосу сыр сандыкта сакталат. Бирок ал кандай кыздарды жактырарын айтканы бар. «Сулуулук бир күнү кетет. Андыктан мен көбүнчө айымдардын жан дүйнөсүнө басым жасайм. Мага акылдуу, токтоо, жашоого болгон өзүнүн көз карашы, ою калыптанган кыздар жагат»,- дейт ал.

Асыл Орозбекова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
ShaKe11
2020-09-01 12:41:12
Кинолорун кайдан корсок болот
0
ShaKe11
2020-09-02 11:20:59
Жооп берип койгула
0
admin_media
2020-09-02 11:30:52
ShaKe11,Салматсызбы? интернеттен "Алые сердца: Корё" деп издесеңиз
0
mym
2020-09-06 19:18:56
ShaKe11,
Вконтактеде, гууглда да и везде.
Ушул актёр мени сериалчы кылды.
Алые сердце Корё же лунные влюблённые дегенди кордум, ошол бойдон оорудум да калдым. Андан бери канча дорама коргонуму озум да санай албайм.
0
ShaKe11
2020-09-06 22:54:17
mym,рахмат
0
№ 925, 27-август-2-сентябрь, 2020-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан