Баяке Чааров: «КӨЗ БООЧУЛУКТУ ӨЗ АЛДЫМЧА ҮЙРӨНГӨМ»

Чын сырым

Ырчы, аранжировкачы Ильяз Абдыразаковдун продюсери Баяке Чааров экенин билесиздер. Баяке мырза көмүскөдө жүрүп алып көп иш бүтүрөт. Башкалардай келишимдин негизинде иштешпей, Ильяз экөө ага-ини катары бири-бирине жөлөк-таяк болуп жүрүшөт. Шоу дүйнөдө ээрчишип жүргөн Ильяздын “бай акеси” өзүнчө эле сырдуу, бирок ошол сырды бүгүн ачты көрүнөт, байкап көрөлү.

Аты-жөнү – Чааров Баяке Мукашович.
Туулган жери – Ат-Башы району, Ак-Муз айылы.
Туулган жылы, айы – 1972-жыл, 6-август.
Билими – Токмоктогу маданият техникумун аяктаган.

ЖЫЛКЫЧЫНЫН БАЛАСЫ, КӨЗ БООЧУ ЭКЕН КАРАЧЫ!
– Баяке, бир жолу көз боочулук өнөрүңүздү айтып күлдүрдүңүз эле, маекти ошондон баштасак...
– Мен жылкычынын баласымын. 3-класста “Манасты” жаттап айтып жүрүп, кичинекей манасчы атыгып калгам. Кийинчерээк эле эмнегедир биздин айылда барабан каккан музыканттар көбөйүп кеткен. Мен да аларга кошулуп барабанчы болуп алдым. Айылда мени жаш манасчы, барабанчы катары билип келген айылдаштарым кийин көз боочу катары биле башташты.
Телевизордон көз боочу Кашпировский, Чумак дегендер гипноз жасап, бир укмуш болуп чыгып, элди таң калтырган. Мага алар жомоктогудай сезилер эле. “Булар деле биздей адам, жөн эле уктатып жатпайбы, демек, муну мен деле жасайм” деген ой келди. Ошентип, дос балдардын бирин теледен көргөн кыймылдар менен уктатып көрүүнү чечтим. Тигил балага “сен уктай баштадың, уйку нерв клеткаларыңа жетти” деп отуруп уктатып койсом болобу. Аны көргөн берки балдар таң калып “Мукаштын баласы кишилерди уктата баштаптыр” деп айтып, бир эле күндө айыл ичи дуу болуп кетти. Сыягы, менде коз боочулук "чымын" табиятымдан бар окшойт деп калам.
1986-87-жылдар. Ал кезде кыркынга деп жай айынын башында окуучуларды тоого алып кетишчү. Кой кыркын учурунда күндүзү кой кыркабыз, кечинде мен өнөрүмдү баштайм. Өзүм теңдүүлөр гана эмес, улуулары да кызыгып келишет. Уктатам, колдорун жабыштырып коём. Кээ бирлери көзүн калп эле жумуп алса, аны байкай коюп алардын жанына барып бийлегиле дейм, алар бийлешет. Ошентип, кыркындан келгиче жылдыз болуп кеттим.

АЙНЕК ҮСТҮНДӨ БАСКАНДА...
– Кашпировский орустардын, Чааров кыргыздардын көзүн боёгон экен да?..
– Эмнегедир ал кезде адамдар бир нерсеге бат ишенип, аны тез кабыл алышчу. Азыркылар көзүн боётмок түгүл, кайра өзүңдү уктатып коёт. Өнөрүмө эл таң калуу менен баа бере баштаганда гастролго чыгууну ойлондум. 17 жашымда айылдагы музыкалык топ менен гастролго аттандым. Шаарга келип атайын афиша жасатканым да күлкүлүү.
Афишада “Тажикстанда өткөн көз боочулар сынагынын дипломанты, көз боочу Баяке Чааров” деген жазуу бар эле. Анын үстүнө аты-жөнүм өзү эле башкача угулат го. Ойдон чыгарылган наамды жазып алып бир чети уялсам, бир чети өзүмө корстон болуп Көлдөн Казарманга чейин гастролдоп келгем.
– Ий, деңиз, концерт учурунда кызыктын баары болсо керек, айрым ишенбегендер таш бараңга алып жиберген эмес беле?
– Казарманда эжем жашагандыктан, ал жакка да гастролдоп бардык. Кечинде айылдын маданият үйүндө концерт бергенден кийин эжемдин үйүнө айылдагы абышка-кемпирдин баары мага көрүнгөнү келишиптир. Кызык ошондо башталды. "Кайдан баштадым эле?" деп бушайман болуп жүрөм. "Булар мага ишенип "укмуштуудай фокус көрсөткөн неме бизди деле дарылай алат" деп келишти да" деген ой менен аларды кабыл алдым. Эмне болуп ооруганын угуп, аларга “ооруну оңой жеңебиз” деп массаж жасап, көнүгүүлөрдү жасатып, кеңеш берип жүрөм десең. Баарынан таң калычтуусу, басалбай жаткан аксакал мага келип 3-4 күн көрүнгөн соң басып кеткени болду. “Ээ, Кудай, чын эле айыгып кетти” деп сүйүнгөнүмдү сураба. Анан абышка бизди кой союп чакырып, сыйлап узаткан.

“УКТАТЫП КОЮУ ОҢОЙ, БИРОК КООПТУУ”
– "Өмүр бою уктап калса эмне болот?" деген коркунуч сизде жок беле?
– Ошол учурда жаш экенмин да, эч нерседен коркпогон. Бир жолу Токмоктогу концертимде кыздар-балдарды сахнага чыгарып алып көз боочулук кылып жаткам. Бир убакта эле бир кыз уктаган боюнча бети менен жерге бир тийип, жатып калды. Эл ызы-чуу түшүп калганда “токтогула, азыр ойготом” деп тынчтандырып коюп, тигил кызды сахнанын артына өткөрүп, бетине суу чачып жатып араң өзүнө келтиргем. Ошондон кийин чочулап калдым. Уктатуу оңой, бирок кооптуу, ошон үчүн жаш балдар мындай иштерге барбай эле койгону дурус.
Кийин аскерге кеттим. Сочиде аскердик кызмат өтөп жүргөндө деле жоокерлерге өнөр көрсөтүп жүрчүмүн. Аскерден соң менде мурдагыдай кызыгуу болбой калганын сезип, башка иштерге аралаша баштадым.

ТАПТАГАН ТАЛАНТЫНА СЫЙМЫКТАНАТ
– Аскерге чейин “Арашан” деген эстрадалык топто да иштеп жүрдүм. Токмоктогу маданият техникумунда окуп да, иштеп да жүргөн убакта “Алтын-Сапар” деген топ түздүм. Ооба, силер билген ырчы Алтынбек Алымов менин тобумда болчу. Ошол эле убакта мырзалар сынагын жана башка сынактарды өткөрө койчумун.
“Мээрим” фонду Көлдө ыр фестивалын өткөргөн эле. Биздин топ да бардык. Көлдөн сууга түшө коём деп топтогу Кенжебек деген жигит каза болуп калбаспы. Ошондон кийин көңүлүм сынып, топту таркатып жибергем. Ошентип жүргөндө Сыймык Бейшекеев менен таанышып, иштешип калдым. Сыймыкта 4 жылдай администратор болуп иштедим. Андан кийин ырчы Асел Кыдыковага продюсер болдум. Сатира жагын да карай кетейин деп “Орок-Балка” куудулдар тобу менен иштештим. Асел Кыдыкова менен Мирлан Ниязов үйлөнүп, чогуу ырдап жүргөндө Ильяз Абдыразаковду операторлукка алганмын.
– Ильяз ырчылыкты операторлуктан баштаган турбайбы?
– Ильяз мурда "Кыз-Буракта" иштеп жүрүп, аранжировканы үйрөнгөн экен. Мирландын жанында отуруп эле ыр чыгара баштады. Анан "Арманымды" жаздык. Ал учурда Ильязга "куда" түшүп, бирөө продюсери болуп алган. Унчуккан жокмун. Ильязга "өзүңдүн билгениңдей кыла бер, кийин өзүмө кайтасың" дедим. "Арманым" популярдуу боло баштаганда башка ыр жаздырдык. Ошентип, "малыш" таланты менен тааныла алды. Мен башкалардай болуп "аны кыл, муну кыл, буга тийбе, караны кийбе" деп деле айтпайм. Бала өзү билет, бирок мен ага жол көрсөтүп, кандай учур болбосун калкалоого даярмын.
– Бул сөзүңүз башка продюсер кесиптеш­териңизге катуу тийип калбагыдай эле...
– Катуу тийбейт. Негизи, кээ бирлерине таң калам да. Карамагындагы ырчысы калып эле өздөрү жылдыз болуп кетишкенине. Биринчи ырчысын чыгарып, анан өздөрү мактана бербейби. Айрымдары ойлошу мүмкүн, продюсеринин жардамы аркылуу ушул ырчы бийиктикке жетти деп. Туура, андай убак деле болот. Бирок бизде көбүнчө “өнөрлүү өлбөйт” деп коёт. Биринчи орунда продюсерден да ырчынын эмгеги чоң.
– Биздин “Супер-почтага” кыздар СМС жазышып, Ильязды кызганып урушуп да кетишет. “Балаңызды” качан үйлөнтөйүн деп жатасыз?
– Күйөрмандары чектен ашып кетишет. Концертте болобу, тойдобу, таанышып сүйлөшүп же Ильяз жүзүнөн сүйүп койсо эле болду, анын жигити атыгып кетет. Бала көз алдымда чоңойду, быйыл үйлөнтөлү деп жатабыз. “Эмнеге Ильяздын атынан сүйлөйт?” деп кыздар капа болушпасын. Бирок Ильяз болочок жубайын таба элек, сүйүктүүсүн тапса эле бойдокчулук менен коштошот.

Бурул Исмаилова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
KOLPOCH
2010-09-25 14:05:20
Ай байаке! Маекти катырып бериптирсиз. Эмнеле иши укмуш журушот десе, кеорсо козмоёмочу турбайсызбы. Ильяздын кийген кийимине конул буруп койсонуз жакшы болмок. Ишине ийгилик, Ак муздун кулуну.
0
TROYA
2010-09-25 21:24:18
ozunuzdu koop ele maktap koiuptursuz baike
0
aminali
2010-09-25 22:29:58
Azamat, jonokoi jigit eken.
0
Гулжигит
2010-09-27 11:27:22
Азаматсыз, Ильязга окшогон таланттуу адамдарды кобойто бериниз!!! Ийгилик каалайм!
0
№ 412, 24-30-сентябрь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан