ҮҢКҮРГӨ КАТЫЛГАН АЛТЫН (Байлык кумары, сүйүү, алтынга жетүү үчүн өмүрүнөн ажырап кала жаздаган жигиттин жашоосу тууралуу сериал)

(Башы)

Күн чачырайт тим эле, кайнайт. Саат он бир боло элек жатып күндүн ысыгын кара. Бүт денемди тер басып, буюмдарым колдорумдан тайып, эптеп эле чыдап иштеп жаткам.

Москвада үч жылдай көп кабаттуу имараттардын терезелерин жууп иштеп, Кыргызстанга келгениме 2 эле ай болгон. Бул жакта деле иш табылат экен. Москвадан таанышкан Аман деген бала бир күнү мага Бишкекте бир имараттын терезесин жууш керек экен деп чалыптыр. Ошентип чогуу иштеп калдык. Ал жерде ишибизди көргөндөр чакырып, тыным жок. Бир айдан бери Бишкекте терезе жууп иштейбиз.

Телефонум шыңгыраганда «Берен Голддун» 5-кабатынын терезесин жууп бүтөйүн деп калгам. Карасам, Аман. Анын милдети – жерде туруп бийикке байлануу жиптерге суу, керектүү буюмдарды илип берип мага жеткирүү, ары-бери өткөндөрдү имараттын түбүнө жакындатпай кууп туруу. Төмөн карасам, мага кол жаңсап жатыптыр. Жанында бир адам турат. Сөгүнүп алдым. «Иш үстүндө чалба» деп далай эскерттим, болгон жок. Оңой көрөт окшойт мындай бийиктикте иштөөнү.

– Эмне?!

– Дастан, түшө бербейсиңби? Түштөн кийин деле бүтүрөрбүз, күн ысып кетти. Байкенин бизде зарыл иши бар экен,- деди жанындагыны баш жаңсап көрсөтө.

Аба жетпей араң турган жаным, мейли деп баш ийкедим. Түшүп келсем Амандын жанындагы адам мени менен эски тааныштай учурашып, ал-жай сурап калды. Жашы элүүлөрдө, кийген кийимине, бир колун шымынын чөнтөгүнө салып ишенимдүү турганына караганда бай, жакшы жумушта иштээри сезилип турат. Башына ак түстүү бейсболканы баса кийип, үстүндө жеңи кыска боз көйнөк, чолок шым, бутунда калың булгаарыдан тигилген кымбат сланцы. Далдайган көлөмдүү киши. Убагында спорт менен түзүк эле машыккан окшойт, көп машыккан адам кийин машыгууну таштап койсо ушинтип толуп кетет.

Ойноктоп, адамды сынап текебер караган суук көздөрү негедир мага дароо эле жакпады. Учурашканда да колду кысып кармайт экен, мага күчүн көрсөткүсү келди окшойт. Мен да колун катуураак кысып койсом, өзүнө ишене албай калдыбы, айтор, калп күлүмүш болуп колун сууруп алды.

– Азамат, азамат!- деп далымдан таптады да, “эмне менен машыккансың?” деп сурады.

– Бокс,- жактырбай корс жооп бердим.

– Көп болдубу машыкканыңа?

– 6-класстан бери.

– Эх, жаштык кезде биз да машыктык го, кысталак. Ысык-Көлдү алып, ал кезде Бишкек эмес, Фрунзе эле, борборго келип өзүмдүн салмагымда экинчи орунду алып кеткем. Сен да кайран күчтү кор кылбай спортко аралаш, бир нерсе чыгат сенден,- деп калды. Сөзгө Аман аралашты:

– Дастан, Москвада көп жолу «бой без правилдерге» катышып, далайын жеңгениңди айтып койсоң.

– Азамат, азамат!- деп тиги киши колун сунду:

– Акимыч дей бер, мени баары Акимыч дейт. Силерге деле Акимыч болоюн. Күн да ысып кетти, эми күндүн табы кайткыча иштей албасаңар деле керек. Жүргүлө, бүгүнкү түшкү тамагыңар менден болсун, кененирээк отуруп сүйлөшөлү. Бир сунушум бар, силерге жагат,- деп экөөбүздөн жооп күтүп калды. Мейли, сунушун укса угуп көрөлү дедик. “Силерге жагат” деп жакшы сунушу бар гана адам сүйлөй алат. Буюмдарды унаага салып коюп, Акимычтын артынан ээрчий жөнөдүк. “Берен Голддун” артында экен машинеси, аппак Лексус-470. «Мен силерди зор жерге алып барам» деп, Чыгыш-5 району жактагы бир уйгур ашканасына алып барды.

– Адегенде тамактанып алалы, сөздү анан сүйлөшөбүз,- деп ар бирибизге лагман, экиден шишкебек, экиден манты буюртма кылды.

– Эркек адам көп жеши керек, калтырбай жегиле,- деп күпүлдөдү. Тамактанып жатып сүйлөшкөн жокпуз. Бүткөндө гана Акимыч бизге келген себебин айтты. Кыскасы, сунушу мындай экен: Чолпон-Атада өзүнүн менчик мейманканасы, мал баккан фермасы бар экен. Жай мезгили башталганда жылда үч-төрт айга чет өлкөлүктөр келип эс алып кетишет экен. Биздин кылар ишибиз – чет элдик туристтерди тоого коштоп чыгып, анча-мынча «альпинисттери» аскага чыгабыз деп калса, аскага чыкканды үйрөтүп, аларга шарт түзүп берүү экен. Ар нерсе болушу мүмкүн дейт, асканын бооруна чыгып алып кайра түшө албай калгандары, адашып кеткендери болорун айтты. Ошолорду коштоп жүрөт экенбиз.

– Эми алар деле күндө тоого чыга беришпейт, үч айда көп болсо он жолу чыгасыңар. Калган убакта пансионатта болосуңар. Чакан базабыз бар, ал жерде жаш балдарга, аялдарга аркандарга асылып дарактардын үстүндө жүрүүнү үйрөтүш керек болот. Кыйраткан деле иш жок, калган убакта бош эле болосуңар. Кааласаңар көлгө түшөсүңөр, кааласаңар уктайсыңар,- деп ишибиз жеңил экенин айтып бүтө албай жатты.

– Макул боло бергиле, ал чет жердик коноктор он беш жылдан бери келишет. Али бир дагы кырсык боло элек. Болгону келишимде “бир альпинист коштоп жүрүшү керек” деген жери бар. Билесиңер, бизде альпинист табуу оңой эмес. Ошон үчүн силерге келип отурам. Айлыгыңар 40 миң болот, тамак-ашыңар, жаткан жериңер бекер. Быйыл күн да ысык болот окшойт. Шаарда куйкаланбай, көл жээгинде салкында жүрүп келесиңер,- деп бизди макул кылуунун аракетинде болуп жатты.

Аманды карасам, көздөрү жайнап калыптыр. Дароо эле макул болду. Менин жүрөгүм бир жамандыкты сезгендей түпөйүл тартып турду. Жасалма күлүп сүйлөгөндөрдөн коркчу элем. Адам көбүнчө алдап жатканда күлүп сүйлөйт. Ойлонуп отуруп калсам Акимыч:

– Сезон эки жумадан кийин башталат, мага бир жуманын ичинде жообуңарды берсеңер болот. Эгер макул болбосоңор, башка адам издеп таап коюшум керек. Макул болсоңор, бул жерде ишиңер болбосо эртең деле бара берсеңер болот. Пансионатка, фермага жардамчы керек, майда-чүйдө иштерди кылып, сезонго чейин жашап турсаңар болот. Айлыгыңарды барган күнүңөрдөн тарта жаза баштайм,- деди Акимыч ишенимдүү.

Коштошуп жатып «кайсы убак болсо да чала бергиле» деп телефон номерин таштап кетти.

Аман табиятынан шашма:

– Дастан, мен эртең эле барам. Бул жерде ашып кетсе эки күндүк иш калды, аны өзүң деле бүтүрө бересиң да. Өмүрүмдө Ысык-Көлдү көрбөгөм. Зор “шанс” болуп жатат, элестет, кичине иш кылып коюп, бекер тамактанып, бекер жашап, дагы айлык төлөп берсе. Жыргал да. Сага бир шерик таап берем, кичине эле иш калды го,- деп оолугуп алыптыр. Менин деле баргым келип жатты, мындай ысыкта көлдүн жээгинде жатканга эмне жетсин?

– Аман, бизди жакшы тааныбаган эле бир адам биртке жумуш үчүн 40 миң төлөйм деп жатат. Бизден бул адамга башка нерсе керек болуп жаткан жокпу? Он миңге деле бир адам тапса болот да,- деп айтайын десем, Амандын уга турган түрү жок. Унчукпадым.

Эртеси Аман Чолпон-Атага жөнөп кетти.

Майда-чүйдө иштер менен жүрүп бир жума өттү. Аман болсо «тез келип кал, бул жакта жыргал экен. Күндө көлгө түшүп жатам, иш деле жок. Пансионатта зор кыздар жүрөт» деп күндө чалат. Акыры бармакчы болдум. 10 жылдан бери Москвада жүргөнгө, ал жактын салкын абасына көнө түшкөн экенмин, Бишкектин мээ кайнаткан ысыгы чыдамымды кетирип жиберди. Барса барып көрөйүн деп камынып калдым.

Бир күнү таң эрте жолго чыктым. Колумда бир сыйра кийимим салынган рюкзак эле. Акимыч өзү тосуп алмак болду.

Чолпон-Атада күн салкыныраак болсо керек дегем, жаңылыпмын. Бишкектен кем эмес ысык экен. Акимыч вокзалда күтүп туруптур, «жүрү тамактанып алалы» деп кафеге кирип тамактанып отурсак, жаныбыздагы столго үч-төрт адам келип жайгашып калышты. Алардын бирөөсү «Акимыч го» деп биздин столдун жанына келип туруп калды. Башында сомбреро, күндөн калкалоочу көз айнек тагынган, кыска жеңдүү көйнөк, агыш түстөгү жынсы, бутунда ак түстүү жайкы туфли. Экөөбүз менен учурашып, көз айнегин чечип мени баштан аяк астейдил тиктеп калды. Жашы отуз бештерде, бою узун, өңү сары, көк көз адам экен.

Дароо эле түшүндүм, минтип менттер гана карайт. Көзүмдү ала качпай, саал жактырбагансып тиктеп тура бердим.

– Ким бул, Акимыч?- деди да анын жообун күтпөстөн, – Биякка эмнеге келдиң?!- деп төшүмө сөөмөйүн такады. Жиним келип кетти:

– А эмне, келсе болбойбу?

Төш чөнтөгүнөн «корочкасын» алып чыгып мурдума такап «оку» дейт. Фамилия, атын гана окуганга үлгүрдүм, Жаанбаев Рамис дейт. Туура баамдаптырмын, милициядан экен.

Акимыч жанымда унчукпай отурат.

Унчукпай паспортумду сундум, бир сыйра барактап чыгып туруп:

– Таак, Россиянын жараны турбайсыңбы. Жакында эле келипсиң, түзүк, түзүк. Эмне иш кылдың ал жакта?

– Промышленный альпинизм.

Мени таң кала тиктеп калды:

– Ал кандай, эмне тоолорго чыктыңбы?

– Жок, бийик имараттардын терезелерин жууп иштедим.

Негедир, көз карашы башкача боло түштү…

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
akmanai
2020-09-01 22:36:21
Жакшы окшойт сыягы
+1
№ 925, 27-август-2-сентябрь, 2020-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан